28-февралда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик департаменттин сайтында жарыяланды.
“Мамлекеттик катчы Блинкен Орусиянын Украинага алдын ала ойлонулган, эч негизи жок жана актоого мүмкүн болбогон чабуулун катуу айыптады жана Украинанын элине бекем тилектештигин билдирди”, - деп айтылат расмий маалыматта.
Мындан тышкары Блинкен АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки тараптуу алакасына 30 жыл болгонун эске салып, Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткан. Ошондой эле регион менен “C5+1” форматындагы кызматташтыктын маанисин белгилеген.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбор Азия менен АКШнын тышкы мекемелеринин ортосунда “C5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөнүн, анда Украинадагы кырдаал талкууланганын билдирген. Маалыматка ылайык, бул жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын кубаттап, тараптарды натыйжалуу диалогдун жаңы форматын табууга чакырган.
Украин президенти Владимир Зеленский 28-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы тууралуу оюн билдирди. Ал бул cүйлөшүүлөр Украинанын аймактарын бомбалоо, шаарларын аткылоо менен коштолгонун айтты.
“Аткылоолор сүйлөшүү процесси менен жарыша болуп жатканы көрүнүп турду. Мен Орусия мындай амалкөй эмес ыкма менен басым көрсөтүүгө аракеттенүүдө деп эсептейм. Убактыңарды, тактикаңарды коротпогула, мындайды кабыл албайбыз. Бир тарап экинчисине так сүйлөшүүлөр өтүп жаткан маалда реактивдүү артиллерия менен сокку урбаган учурда гана адилет сүйлөшүүлөр өтөт», - деди Зеленский.
Ал украин тарап сүйлөшүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгын талдап чыккандан кийин экинчи айлампанын жол-жобосун аныктай турганын кошумчалады.
Украина менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү дүйшөмбү күнү беларус-украин чек ара аймагында өттү. Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айткан. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын белгилеген.
Канаданын өкмөтү Орусиядан чийки мунай импорттоону токтотот. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо дүйшөмбү күнү жарыялады.
“Бул президент Путиндин жана анын олигархтарынын пайдасына иштеген өндүрүш. Бул индустрия Орусиянын федералдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн биринен көбүн түзөт. Канада соңку жылдары абдан аз көлөмдө импорттосо да, бул чара күчтүү сигнал”, - деди Трюдо.
Натыйжада Канада Москванын Украинага кол салганына байланыштуу Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун жарыялаган “Чоң жетиге” кирген биринчи мамлекет болуп калды. Мындан тышкары Канада Украинанын армиясына танкка каршы курал-жарактарды жана ок-дары бере турганын билдирди.
АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол "Настоящее Время" телеканалына санкциялардын орус аткаминерлери жана олигархтарына кесепети тууралуу айтып берди.
"Алар эми мурдагыдай Стэнфорд жана Гарвардда окуй албайт. Бул алардын мурдагы жашоосуна чекит коет. Италиядагы каникулдары дагы болбойт. Мен Путинге каршы көтөрүлүштү күтүп жатам. Бул режим үчүн туңгуюк", - деди Майкл Макфол.