28-февралда Украинанын борбору Киевден 107 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди. Автобустарды элчилик уюштурду.
Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.
Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.
Украина орус аскерлеринин жоготуулары тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди
Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “Настоящее Время” телеканалындагы маегинде орус аскерлеринин жоготуулары жөнүндө өздөрү таратып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, аскердик тилде армиянын жоготуусу жалпы эсептелет. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат.
Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Алексей Арестович мунун канчасы өлгөнүн так айтуу кыйын экенин белгилеп, өз эсебинде 500дөн 1000ге чейинкиси мерт болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Украинанын Коргоо министрлигинин 28-февралга карата жаңы маалыматында, Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 191 танкы, 816 чопкутталган транспорту, 291 автоунаасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 21 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, 3 учуучу аппараты, 2 кемеси, 5 абадан коргонуу системалык каражаты жок кылынганын маалымдады.
Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдаган.
Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинки абал азырынча белгисиз.
28-февралда Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко кабарлап, бул күнкү чабуулдан ондогон адам каза болгонун, жүздөгөнү жаракат алганын айтты.
Геращенко “Фейсбуктагы” баракчасында жазгандай, орус аскерлери шаарды "Град" реактивдүү системасы менен аткылашууда. Анын видеолору интернетте тарап жатат.
Conflict Intelligence Team (CIT) иликтөөчүлөр тобу Орусиянын орус куралдуу күчтөрү Харьковго таштап, жарылбай калган бомбалардын сүрөтүн чыгарып, орус куралдуу күчтөру ушундай эле бомбаларды Чеченстандагы жана Сириядагы согуштарда колдонушканын жазды.
Кошмо Штаттар Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна санкция салды. Жаңыртылган санкциялык тизме АКШнын Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Талапка кылайык, эми Орусиянын Борбордук банкы менен Финансы министрлиги АКШдагы доллар түрүндөгү активдерин иштете албайт.
Орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу буга чейин Европа Биримдиги дагы Орусиянын Борбордук банкына санкция салып, анын эл аралык резервдерине бөгөт койгон. 25-февралга карата Орусиянын улуттук каржы мекемесинин валюталык резервинде 500 млрд. доллардай каражат бар экени белгилүү болгон.
Орусиянын Борбордук банкы өлкөдө акча-насыялык жана валюталык саясатты жүргүзөт. Рублди туруктуу кармоо үчүн мекеме долларды, еврону же башка валютаны өз рыногуна сатыкка чыгаруу менен иш алып барат. Соңку санкциялар мекеме мындан ары чет элдик валюталарды сата албай калат дегенди түшүндүрөт.
Бул чаралардын фонунда Орусиянын улуттук валютасы – рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты. 28-февралда Москвадагы биржаларда 1 АКШ доллары 100-110 рублдин тегерегинде, 1 евро 115-120 рублдин айланасында сатылып жатат. Акча алмаштыруучу жайларда, онлайн сатыкта мындан да кымбаттады. Орусия Украинага кол салганга чейин 1 доллар 80 рублге чейин, евро 90 рублге чейин бааланчу.