Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:25 28.2.2022

Орусиянын улуттук валютасы – рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты.

28-февралда Москвадагы банктарда 1 АКШ доллары 100-110 рублдин тегерегинде, 1 евро 115-120 доллардын айланасында сатылып жатат. Орусия Украинага кол салганга чейин 1 доллар 80 рублге чейин, евро 90 рублге чейин бааланчу.

Акча алмаштыруучу жайларда иш жүзүндө чет элдик валюталар мындан да кымбат сатылууда. Онлайн акча алмаштыруу курстары мындан да жогору көрсөтүлүүдө.

Бир катар басылмалар Орусиядагы банктарда чет элдик валюта алуу мүмкүн эмес болуп жатканын, көпчүлүк жерлерде накталай рубль алуу да татаал болуп жатканын жазышууда. Айрым банктардын алдында кезек узарды.

Валюталык рыноктогу олку-солкулукту алдын алуу үчүн Орусиянын Борбордук банкы өзүнүн эсептик ченин 9 пайыздан 20% чейин көтөрдү. Бул коммерциялык банктардын насыяларынын үстөк пайызын көтөрүүгө негиз болот жана рублдун түшүүсүн алдын алып калат деп күтүлүүдө.

Рублдин кунунун качышына Европа Биримдигинин Орусиянын Борбордук банкынын эл аралык резервдерине бөгөт койгону негиз болуп жатат. Бул Борбордук банк рублди туруктуу кармоо үчүн долларды же еврону рынокко сатыкка чыгара албай калат дегенди түшүндүрөт. Евробиримдик мындай санкцияны орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу кабыл алды.

17:41 28.2.2022

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору – “Настоящее Время” телеканалынын сайтын расмий түрдө бөгөттөдү.

Бир күн мурун мекеме телеканалдан Орусиянын Украинага карата чабуулу жөнүндө маалыматтарын өчүрүп салууну талап кылган.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “муну Путиндин Украинага каршы кылмыштуу согушу жөнүндө чындыктарды жашыруу аракети” катары баалап, холдинг бул талаптарды аткарбай турганын билдирген.

“Настоящее Время” телеканалынын сайты currenttime.tv деп аталат. Бөгөттөөдөн кийин Орусиядагы окурмандар ага VPN аркылуу кирип турса болот.

Роскомнадзор мурдараак “Новая газета”, “Медиазона”, “Дождь” жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан Украинадагы окуяны “согуш” деп атаган материалдарын өчүрүүнү талап кылган. Бул сайттарга азырынча чара көрүлө элек.

17:51 28.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунун бешинчи күнү – 28-февралда жаңы видео кайрылуу менен чыгып, Европа Биримдигин “кечиктирилгис процедуранын негизинде” Украинаны кошуп алуусун өтүндү.

Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, “уюмга кошулууга татыктуу” экенин белгиледи. Ал Евробиримдикти ушуга чейинки колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский андан ары орусиялык аскерлерге кайрылып, аларды өз командирлерин укпай, “техниканы таштап кетүүгө” үндөдү. Украин лидери 5 миңдей орус аскери өлгөнүн кошумчалап, мунун алдын алуу үчүн катардагы жоокерлердин каршылыгы керектигин айтты.

Ал Орусиянын күчтөрү жакындап келатканына карабай Киевде кала берерин, аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Украина көп жылдан бери Европа Биримдигине жана НАТОго кирүүгө аракет кылып келет. Жараян ар кайсы себептерден улам кечеңдеп келген. Украинанын НАТОго киришине Орусия каршы чыккан.

17:56 28.2.2022

Беларус менен Украинанын чек арасына жакын жерде украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды. Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей тараптарды чогуу олтурууга чакырып, алардын коопсуздугуна Александр Лукашенко жеке өзү кепилдик берерин айтты. Эки тараптын үстөлдө олтурган сүрөттөрү жана видеолору жарыяланды.

Украиналык делегациянын курамында “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, Украинанын парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров жана үч тараптуу байланыш тобунун өкүлү Андрей Костин бар.

Орусиялык делегацияда президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский, Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов, депутат Леонид Слуцкий, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин барган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG