Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:15 28.2.2022

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өтүүдө.

Акцияга чыккан ондогон кыргызстандыктар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Украинага даңк!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап турушат.

Жарандык активисттер Бишкекте жана Ошто Украинаны колдогон акцияларды 24-25-февралда дагы уюштурушкан.

14:36 28.2.2022

Украинанын Киев шаарындагы кыргызстандыктар элчилик уюштурган автобустар менен Венгрияга чыгарыла баштады. Бул тууралуу Киевдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов "Азаттыкка" билдирди.

"Коменданттык саат бүттү, азыр чыгып кетчүлөр кетип жатат. Биздин элчилик уюштурган автобус Венгрияга чыкканы жатат. Калгандары кийинки автобусту күтүшөт. Негизи кетем деген 150 киши бар. Бирок автобуска бата турганы кетет", - деди Исмаилов.

Анын айтымында, автобусту элчиликтин кызматкерлери коштоп жүрөт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Киевде коменданттык саат киргендигине байланыштуу, эвакуация иштери 28-февралда башталарын билдирген.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда.

15:21 28.2.2022

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Киевдин суранычы менен Украинага аскердик истребителдерди жөнөтөт. Бул тууралуу уюмдун тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди.

Мунун алдында Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барып, Украинага курал-жабдык сатып берүүнү көздөп жатканын Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен айткан.

Анда абадан коргонуу, танктарга каршы системаларды жана башка аскердик техниканы сатып берери айтылган. Ошондой эле бул планга коргонуучу, медициналык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү дагы кирет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек.

15:51 28.2.2022

Орусиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Киев жөнөткөн расмий делегация Украина менен Беларустун чек арасына барды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңсесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Делегациянын курамында Украинанын парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров, “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий жана башкалар бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG