Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Түз ободо Одесса орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

04:01 28.2.2022

Беларуста Александр Лукашенконун бийлигин бекемдөөгө жол ача турган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумдун жүрүшүндө 400дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү "Вясна" укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү Украинага тилектештик билдиргендер. Милиция тынч акциялардын катышуучуларын кармап кеткен учурлар Минск, Гродно, Витебск, Лиде сыяктуу бир нече шаарда катталды.

Буга чейин беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская жарандарды добушканалардын айланасына топтолуп, Орусиянын Украинага кол салганына нааразылык билдирүүгө чакырган.

Жекшемби күнү Беларустун баш калаасында ондогон адамдар "Согушка жол жок!", "Украинага даңк!" деп ураан чакырып турушту.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралдагы референдумду "өттү" деп жарыялады.

Оппозиция кескин сынга алган конституциялык өзгөртүүлөр Беларусту дээрлик 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого 2035-жылга чейин бийликте калууга жол ачат. Ошондой эле Баш мыйзамдан Беларус "өзөктүк куралдан эркин аймак" деген аныктама алынат. Адистер бул өзгөрүү Орусиянын өзөктүк куралынын Беларуска келишине жол ачарын айтып жатышат.

Беларуста 2020-жылдын август айында өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун бийлигине каршы ири демонстрациялар өткөн. Лукашенконун бийлиги алардын көбүн күч менен тараткан. Батыштын бир катар өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана Беларуска санкция салган.

04:01 28.2.2022

Евробиримдик Орусиянын мамлекеттик RT (Russia Today) жана Sputnik маалымат каражаттарына шаркет аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салат.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, бул каналдар "Кремлдин медиа-машиналары" катары саналат жана Евробиримдик алардын "зыяндуу жалган маалыматтарынын Европада жайылышына" тыюу салуу аракеттерин көрүп жатат.

"Бул маалымат каражаттары Путинди актап, биримдиктин ынтымагын бүлүндүрүүгө багытталган жалган маалыматын жайылталбай калат",-деди фон дер Ляйен 27-февралда.

Ал ошондой эле Орусия Украинага кол салганы үчүн Москвага дагы жаңы санкциялар салынарын кошумчалады.

04:02 28.2.2022

Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барып, Украинага курал-жабдык сатып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 27-февралда шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин белгилүү болду.

Бул деген Украинанын куралдуу күчтөрүнө миллиондогон еврого абадан коргонуу, танктарга каршы системаларды жана башка аскердик техниканы сатып берүү дегенди билдирет. Ошондой эле бул планга коргонуучу, медициналык каражаттар, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү дагы кирет.

"Евробиримдик тарыхында биринчи жолу кол салган мамлекетке курал-жабдык сатып берет",-деди Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Ошондой эле жыйында Евробиримдиктин аба мейкиндигин толугу менен орусиялык учактар үчүн жабуу жана шаркеттин аймагында Кремль көзөмөлдөгөн RT (Russia Today) жана "Спутник" медиаларынын ишмердүүлүгүн токтотуу, Беларуска санкция салуу чечимдери да кабыл алынды.

Буга чейин Евробиримдикке мүчө бир катар мамлекеттер, Британия жана Канада орусиялык учактарга өз аба мейкиндигин жабарын билдиришкен.

Урсула фон дер Ляйендин айтымында, эми шаркеттин аба мейкиндиги аркылуу бир эле өкмөттүк эмес, жеке орусиялык учактар да өтө албай калат.

Ал эми Беларуска салына турган санкциялар тамеки, жыгач иштетүү, металлургия жана цемент өндүрүү тармактарына сокку урушу мүмкүн.

10:26 28.2.2022

Качкындар саны 400 миңге жакындады

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG