Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Түз ободо Курск: Орус армиясында милдеттүү кызмат өтөгөн кеминде 13 жоокер набыт болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:55 27.2.2022

Орусиянын аймактарында согушка каршы чыккандардын ичинен 1400 киши кармалганы кабарланды.

Санкт-Петербургдагы нааразылык акциясынын катышуучусун кармоо учуру. 27-февраль.
Санкт-Петербургдагы нааразылык акциясынын катышуучусун кармоо учуру. 27-февраль.

23:04 27.2.2022

Киевдин мэри Виталий Кличко украин башкалаасына Орусиянын кол салуусунан 31 киши набыт болгонун, анын тогузу жайкын тургундар экенин билдирди. Анын маалыматына караганда, Киевде эл кол салуунун мизин кайтаруу үчүн биригип жатат.

Кличко "Телеграмдагы" каналында 27-февралда түндө кагылышуулар орун алганын жазды.

"Орусия украин ордо калаасынын эл жашаган кварталдарын аткылап жатат. Биздин аскерлер, укук коргоо органдары жана аймактык коргонуу күчтөрү диверсанттарды таап, кармоону улантууда", - деп жазды Кличко.

Анын айтымында, орустар басып кирген төрт күн аралыгында Киевде 106 киши ар кандай жараат алды, анын 47си карапайым тургундар.

23:21 27.2.2022

Европа Биримдиги Москванын Украинага кол салганына байланыштуу орусиялык аба компанияларга жана жеке менчик учактарга өз аба мейкиндигин толук жаба турган болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 27-февралда кечке маал билдирди. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынынан кийин кабыл алынды.

"Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин Орусия үчүн жаап жатабыз. Мындай чектөө Орусия кожоюндук кылган, Орусияда катталган жана Орусия көзөмөлдөгөн учактарга тиешелүү болот деп сунуштап жатабыз. Бул учактарга Европа Биримдигинин аймагында конууга, учууга же учуп өтүүгө болбойт", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Буга чейин Белгия, Германия, Улуу Британия, Канада сыяктуу 20га чукул Батыш өлкөсү Орусиянын учактарынын каттамдарына тыюу салган. Москва жооп иретинде бул өлкөлөрдүн учактары үчүн өзүнө тиешелүү аба мейкиндигин жапкан.

23:55 27.2.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштун төртүнчү күнүндө гана орус аскерлеринин арасында жоготуу бар экенин мойнуна алды. Бирок курман болгон жоокерлердин так санын атаган жок.

Министрликтин мындай мүнөздөгү билдирүүсүн Орусиядагы мамлекеттик "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги 27-февралда жарыялады.

"Орусиялык аскер кызматкерлери "атайын аскердик операциянын" тапшырмаларын аткарууда кайратын жана баатырдыгын көрсөтүп жатышат. Тилекке каршы, курман болгон жана жаракат алган жолдоштор бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Бирок, Коргоо министрлиги украин аскерлеринин арасындагы жоготуу орус күчтөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк экенин кошумчалаган. Бирок муну бышыктай турган эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин Украинанын бийлиги орус күчтөрү 3 миңдей аскеринен, ондогон аскердик техникасынан айрылганын билдирген. Ошондой эле украин өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып, каза тапкан "миңдеген" орус аскерлерин мекенине жөнөтүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку билдирүүсүндө туткунга түшкөн орус аскерлери бар экенин бышыктады. Бирок канча жоокер жөнүндө кеп болуп жатканын тактаган эмес.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында куралдуу кармаш уланып жатат. Бир күн мурда Украинанын бийлиги 200дөй украин жараны курман болгонун билдирген.

Орусия бул чабуулун Украинанын "демилитаризациясын" көздөгөн "атайын аскердик операция" деп мүнөздөгөн. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын кадамын ачык согуш жана агрессия деп сыпаттап жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG