27-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана Самара сыяктуу бир катар шаарларында Украинадагы согушту айыптап акцияга чыккан жүздөгөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Орусиядагы демонстрацияларга көз салып келе жаткан "ОВД-Инфо" укук коргоо уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, согушка каршы акциялар жекшемби күнү Орусиянын 32 шаарында өттү жана кеминде 460 орус жараны кармалды.
Орусиянын шаарларында төрт күндөн бери Украинага тилектештик билдирген жана орус армиясынан согушту токтотууну талап кылган жүрүштөр өтүп жатат. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 24-февралдан 26-февралга чейин мындай акцияга катышкан 3 миңден ашуун орус жаран кармалды.
Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Ушул тапта Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Харьковдо украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып жатканы кабарланууда.
Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөрү күтүлүп жатат.
Европанын бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген жана Орусиядан согушту токтотууну талап кылган акциялар өтүп жатат.
Жекшембиде Германиянын баш калаасы Берлинде чогулган миңдеген адамдардын көбү "Согушту токтот! Путинди токтот!", "Украинадан колуңду тарт!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.
Ушундай эле акциялар Лондондо, Копенгагенде, Прагада, Стамбулда, Римде жана Подгорицада өттү.
Беларустун бир катар шаарларында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга келген шайлоочулар да "Согушка жол жок!" деп ураан чакырышты. Орусиянын 30дай шаарында согушту айыптап чыккан жүздөгөн адамдарды полиция кармап кетти.
Европада Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапкан өлкөлөрдүн саны 20га чукулдады. Дем алыш күнү мындай чечимин Канада, Белгия жана Германия сыяктуу бир нече мамлекет жарыялады.
"Белгия бардык орусиялык аба компанияларына өз аба мейкиндигин жабууну чечти. Биздин Европанын асманы ачык. Ал ырайымсыз чабуулду көздөгөндөр үчүн эмес, элди бириктиргендер үчүн ачык", - деп билдирди 27-февралда Белгиянын премьер-министри Александр Де Кро.
Орусия менен 1300 чакырымдай чек арасы бар Финляндиянын транспорт министри Тимо Харакка өз өлкөсү аба мейкиндигин орус учактарына жабууну көздөп жатканын "Твиттер" аркылуу билдирди. Бирок мындай чектөө качан киргизилерин тактаган жок.
Financial Times гезити жазгандай, Европа Биримдигине кирген мамлекеттер да орус учактарына шаркеттин бардык аймагында тыюу салууну көздөп жатат.
Буга чейин Болгария, Чехия, Эстония, Польша орусиялык учактардын өз аймагынан учуп өтүшүнө тыюу салган. Москва буга жооп кылып, бул өлкөлөрдүн аба компаниялары үчүн да өз аба мейкиндигин жапкан.
Орусиялык күчтөр украиналык "Мрия" АН-225 үлгүсүндөгү учакты жок кылганын Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 27-февралда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу билдирди. Маалыматка караганда, учак Гостемелде "Антонов" аэродромунда жардырылган. Бул учак дүйнөдөгү эң чоң жана кубаттуу учак катары белгилүү.
Маалыматка ылайык, жападан-жалгыз үлгүдөгү жүк ташуучу учак Киевдин жанындагы Гостомель шаарчасынын чекесиндеги аэродромдо атайын кампада токтоп турган. Орусиянын чабуулу башталгандан бери бул аэродром үчүн айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан.
Айрым маалымат каражаттары орус армиясынын аба соккусунан кийин учак күйүп кеткенин, окуя Орусиянын чабуулунун алгачкы күндөрүндө эле болгонун жазып жатышат.
"Орусия биздин "Мрияны" ("Кыялды") талкаласа талкалагандыр. Бирок алар эч качан биздин күчтүү, эркин жана демократиялуу Европа мамлекети болуу кыялыбызды талкалай алышпайт", - деп жазды "Твиттерге" украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Ан-225 учагы Советтер Союзунун акыркы жылдарында жасалган. Салмагы, канатынын узундугу, жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча дүйнөдөгү эң чоң учак деп мүнөздөлүп келген. Соңку жылдары "Мрия" асманга сейрек көтөрүлүп калган.