Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлердин бастырып кирген үч күн ичиндеги жоготуусу тууралуу маалыматты чыгарды.
(24, 25 жана 26 февраль):
Учак - 27
Тик учак - 26
Танк 146
Аскердик бронотехникалык машине - 706
Замбирек - 49
БУК зениттик ракеталык комплекси - 1
Град техникасы - 4
Автотехника 30
Цистерна 60
Учкучсуз учак - 2
Кеме / кайык 2
Абадан коргонуу каражаттары
Өздүк курам 4300 (такталып жатат)
Украинанын коргоо министринин орун басары Ганна Малярдын билдирүүсүндө "командирлер кармашка көңүл бургандыктан маалымат алуу кыйын болууда".
Чехиянын Брно шаарындагы Масарик атындагы университет Орусиянын төрт жогору окуу жайы менен кызматташтыкты үздү. Кеп кайсы ЖОЖдор тууралуу болуп жатканы кабарланган жок. "Кызматташтыкты токтотуу Орусиянын Украинага бастырып киришине байланыштуу" деп жазылган университеттин соцмедиадагы баракчасында. Окуу жайдын ректору Мартин Барештин айтымында, бул чечимдин Чехиядагы орус жарандыгы бар студенттерге жана академиялык кызматкерлерге тиешеси жок.
Украина Орусия Федерациясына каршы доо арызды Гаагадагы БУУнун эл аралык сотуна расмий жолдоду.
"Орусияны агрессиясын актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон Орусия Федерациясын аскердик аракеттерди токтотууга буйрук берүүнү жана угууну кийинки жумада өткөрүүнү суранабыз", - деп жазылган Украинанын президентинин билдирүүсүндө.
Канцлер Шольц: Биз Украина тараптабыз, тарых да биз тарапта
Германиянын канцлери Олаф Шольц бүгүн Бундестагда (Германиянын парламентинин төмөнкү палатасы) Украинадагы согуш жана анын бүтүндөй Европага таасири тууралуу сүйлөдү. Шольц Украинанын жетекчилигин колдорун билдирип, Кремлдин аракетин "таптакыр кабыл алынгыс" деп сыпаттады.
Шольц Германия Украинага аскердик, техникалык жана финансы-экономикалык колдоо көрсөтө турганын ырастады. Мындан мурдараак немис бийлиги аскердик чыр-чатак жүрүп жаткан жерге курал-жарак экспорт кылууга тыюу салган саясатка карабай аскердик жардам жана "Стрингер" ракетасынан 500дү жөнөткөн.
Шольц өкмөт ушул жылдан тарта улуттук коргонууга ИДПнын 2% бөлүнө турганын жарыялады. Быйылкы бюджеттин алкагында бул максат үчүн 100 млрд. евро кошумча бөлүнөрү белгилүү болду. Канцлердин айтымында, Германия танктардын жана аскердик учактардын жаңы үлгүлөрүн башка европалык өнөктөштөр менен иштеп чыгууга катышмакчы.
Олаф Шольц сөзүндө энергетикалык коопсуздук тууралуу да айтты. Канцлердин айтымында, Германия энергетика тармагын - энергиянын кайра жаралуу булактарын өндүрүүгө бурууга аракет кылат. Ал бул кадамын Орусиядан энергетикалык көз карандылыкты азайтуу керек деп түшүндүрдү.
Шольц Германия суюлтулган газдын эки ири кампасын кура турганын айтты. Мындан тышкары көгүлтүр отту Орусиядан башка өлкөлөрдөн сатып алууну караштырып жатканын айтты. Андан бир аз мурда Шольц Балтика аркылуу Орусиядан Германияга өткөн "Түндүк агым – 2" газ түтүгүнүн сертификатын токтоткон.
Шольц сөзүндө Украина менен согушка каршы чыгып жаткан жаткан орус жарандарына ыраазычылык билдирди.