Кабардин-Балкар республикасынан 2021-жылы декабрда аскерге чакыртылган жоокерлердин ата-энелери орус бийлиги алардын уулдарын Украинаны басып алуу агрессиясына пайдаланышы мүмкүн деп кабатыр.
Бул тууралуу ата-энесине аскерге чакырылгандар өздөрү айткан. Ата-энелер мындан улам аскерлердин жана аскерге чакырылгандардын укугун коргогон "Жоокерлердин энелеринин комитетине" жардам сурап кайрылган.
Ассоциациянын төрагасы Светлана Голуб Кавказ.Реалии басылмасына аскерлер Брянск облусунда кыска мөөнөттүк кызмат өтөп жатканын, бирок 9-февралда аларды машыгууга катыштыруу үчүн Белгород облусуна алып кеткенин айтып берген.
"Аларга замполит келип "чатырды жыйнагыла 27-февралда аскердик шаарча "тигил" жакка барат" дептир. Алар буга капа болушууда. Путин "Украинадагы аскердик аракеттерге келишим менен кызмат өтөгөндөр гана барат" дебеди беле, анын ордуна аскерге жаңы чакырылгандарды жиберип жатканы кандай?", - деген укук коргоочу.
"Жоокерлердин энелеринин комитетине" түшкөн арызда Кабардин-Балкардагы ата-энелер (ага республиканын 24 жашоочусу кол койгон) балдарын согушка жиберүүгө каршы болууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарга Александр Лукашенко менен сүйлөшкөнүн жазды. Эмне тууралуу сүйлөшүү болгону азырынча белгисиз.
Беларустун Жодино шаарындагы Конституцияга өзгөртүү киргизген референдумга добуш берген шайлоо участокторунун жанында Украинадагы согушка каршы үнсүз митингге чыккандарды милиция кармап кетүүдө. Минскидеги мектептерде уюштурулган шайлоо участокторуна ОМОН барып жатканы белгилүү болду. Эл тарап кетпей "Согушка жол жок" деп жар салышууда.
Харьков шаары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Харьков облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Синегубов "Телеграм" баракчасына жазды.
Ал Украинанын куралдуу күчтөрү, улуттук полиция жана террордук коргонуу кызматтары “шаарды орус аскерлеринен толук тазалоону” жүргүзүп жатканын айтты.
"Орус душмандар толугу менен моралдык жактан талкаланды. Харьковдо машинелерин жолдун ортосуна таштап, 5-10 адамдан турган топтор украин аскерлерине багынып берип жатышат. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бир өкүлүн көрөр менен багынышууда", - деп жазган.
Анын айтымында, Орусиянын чабуулу Липецк, Вовчанский жана Белгород багытында уланууда.
Орусиянын аскерлери 27-февралда Харьковго кирип келгени белгилүү болгон. Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Олег Синегубовго шилтеме кылып жазган.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.