Владимир Зеленский түз эфирде сүйлөп, Украинага Беларустун аймагынан да ракета менен атып жатышканын билдирди. "Беларустун аймагында эч кандай сүйлөшүү болбойт. Минскиде да, башка шаарында да. Сүйлөшүү Варшавада, Стамбулда... айтор Украинага ракета атпаган башка шаарларда болушу керек", - деди Зеленский.
Ага чейин Украинанын Башкы штабы Беларустун аймагынан баллистикалык ракета Киевдин Подол аймагын карай атылганын билдирген. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча жок.
Украинанын ИИМнин башчысынын кеңешчиси Вадим Денисенко Киев убактысы боюнча эртең менен саат 9да Беларустан атылган ракета тууралуу маалымат берди.
Баллистикалык ракета орусиялык Ту-22 (алыска карай атуучу үндүү ракеталык-бомба, ядролук куралды да алып жүрүшү мүмкүн) менен Беларустун аймагынан атылган. Бута - Киевдин Подол району болгон. Ракета Украинанын абадан коргонуучу жабдыгы менен атып түшүрүлгөн. Денисенко ракетанын сыныктары Киевдин эл жашаган Троещина районундагы автомобил токтоочу жайга түшкөнүн айтты. Бир нече машине күйүп кеткен, курмандыктар жок.
"Авторитардык лидер Александр Лукашенко ракета Беларустун аймагынан атылганын ырастады", - деп жазды "Азаттыктын" беларус кызматы.
Эл аралык дзюдо федерациясы Владимир Путиндин ардактуу президент жана уюмдун элчиси ыйгарым укугун токтотту. Бул тууралуу федерациянын сайтында жазылган.
"Украинанын аймагында уланып жаткан согуштан улам Эл аралык дзюдо федерациясы Путин мырзанын ардактуу президент жана уюмдун элчиси макамын токтотту", - деп жазылган билдирүүдө.
Евробиримдиктин өлкөлөрү орусиялык учактар үчүн аба мейкиндигин жабууда. Кечээ кечинде Финляндия дагы орус учактарына өзүнүн аба мейкиндигин колдонууга тыюу салганы маалым болду.
Орусиялык учактарга аба мейкиндигин жапканын өлкөнүн тышкы иштер министри Саймон Ковни Твиттердеги баракчасына жазды.
"Биз Евробиримдиктеги башка өнөктөштөрдү да ушундай кылууга чакырабыз. Биз ошондой эле Евробиримдик бүгүн макулдаша турган санкцияларды колдойбуз, Украинага жардам берилишин жактайбыз", - деп жазды ал.