Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Түз ободо Курск: Орус армиясында милдеттүү кызмат өтөгөн кеминде 13 жоокер набыт болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:24 27.2.2022

Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Орусия сүйлөшүүлөрдү Беларустун Гомел шаарында баштоого даяр.

"Орусия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат", - деген Песков.

Маалыматка ылайык, Беларуста украиндер менен сүйлөшүү жүргүзө турган орус делегациясынын курамына Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана башка мекемелердин, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү кирген.

14:27 27.2.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларус элине видео кайрылуу жасады. Анда Украина Беларустун аймагында Орусия менен сүйлөшпөй турганын билдирди.

Мунун алдында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясы Беларуска келгенин жана Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген.

Зеленский эгер Беларустун аймагынан агрессивдүү аракеттер болбогондо Киев Минскиде Москва менен сүйлөшүү жүрүзмөк экенин түшүндүрдү.

"Силер нейтралдуу болуп турганда биз Минскиде сүйлөшкөнбүз. Биз көп жолукканбыз", - деди Зеленский.

Украин президентинин айтымында, төрт күн мурун Беларустун аймагынан "ракеталар атылып, учактар, тик учактар, техникалар келген".

Зеленский сүйлөшүүгө даяр экенин, согушту токтотуп тынчтыкты кааларын айтты. Алар сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус тарапка Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу шаарларды сунуштаганын кошумчалады.

14:51 27.2.2022

"Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге импичмент жарыялоо демилгеси". Ушундай сунуштагы петиция Change.org. сайтында илинген.

Анда Путиндин коңшу, көз карандысыз мамлекет - Украинага кол салуу чечими кабыл алынгыс экени жазылган.

"Путиндин бул чечими Орусияны жексур мамлекетке айлантат", - деп айтылган сунушта.

Учурда петицияга кол койгондордун саны 93 миңден ашты.

14:55 27.2.2022

Украина чет өлкөлүктөрдөн турган интернационалдык легион түзүүдө.

Президент Владимир Зеленский Украинаны коргоо үчүн жаңы Интернационалдык легион түзө турганын жарыялады. Ага орусиялык агрессияга каршы тургусу келген бардык чет өлкөлүктөр кире алат. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында 27-февралда жарыяланган кайрылууда айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG