Макрон Лукашенкого Беларуска өзөктүк куралды жайгаштыруудан баш тартууну жана "Орусиянын малайы" болбоону сунуштады
Ишембинин кечинде Франциянын президенти Эммануэл Макрон беларус лидери Александр Лукашенко менен телефондон сүйлөштү. Сүйлөшүү бир сааттан ашуун убакытка созулду. Француз тарап Лукашенкого Беларуска өзөктүк куралды жайгаштыруудан баш тартууга чакырды. Андан тышкары Макрон Лукашенкого орусиялык аскерлерди аймагынан чыгарууну, "Путиндин малайы болуп көзүн караганды токтотууну жана Украинага каршы согушка катышпоону" сунуштады.
Жо Байден: Орусияга санкция салуу Үчүнчү дүйнөлүк согушка караганда жакшы
АКШ президенти Жо Байден 26-февралда журналист Брайан Тайлер Коэн менен маегинде АКШ жана анын өнөктөштөрү Москвага Украинага басып киргени үчүн санкция салып туура кылганын белгиледи.
"Бизде эки вариант бар, Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштап Орусия менен кармашуу керек. Экинчиси - эл аралык укукка каршы иштеп аткан мамлекет өз кылганынын азабын тартышы абзел".
Байден эч кандай санкция дароо эле таасир этпесин белгиледи. Санкция салуу менен "Орусиянын президенти боло албайсыз" деп айта албайбыз. Бирок бул тарыхтагы эң ири экономикалык жана саясий санкциялар болуп жатат", - деди Байден.
Жекшемби күнү Харьковго орусиялык аскердик техника кирип келди. Шаарда кармаш жүрүп жатат.
Алты машинеден турган колонна шаардын түндүгүндөгү Людвиг Свобода проспектисинде жылды. Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов шаардыктарды көчөгө чыкпоого чакырды.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештерди эвакуациялоого байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, ушул тушта элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар.
27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат.
Элчилик кыргызстандыктар үчүн Киевде, Одессада, Харьковдо жана Львовдо баш калкалай турган жайлар уюштурулганын эскертти.
Ал арада Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги орусиялык аскерлер Харьковго кирип келгенин аталган облустун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Маалыматта "украин жоокерлери оккупанттарды тазалоого аракет кылып жатканы, облус башчысы жайкын тургундары көчөгө чыкпай турууга чакырганы" айтылат.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.