Украинанын деңиз күчтөрүнүн жетекчилиги матрос Виталий Владимирович Скакун Херсондо баатырларча курман болгонун билдирди. Ал орус танктары өтө турган болгондо көпүрөнү жардырып, өтүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
"Танк колоннасын токтотуу үчүн автоунаалар өтчү көпүрөнү жардыруу керек болчу. Бул тапшырманы атайын батальондун инженери Скакун Виталий Владимирович аткарды. Көпүрөгө мина коюлгандан кийин ал кетүүгө үлгүрбөй калды. Виталий байланышка чыгып көпүрөнү жардыра турганын айтты. Дароо жарылуунун үнү чыкты. Биздин жолдош курман болду" деп айтылат Украинанын деңиз күчтөрү тараткан маалыматта.
Киевдеги атышуу жана кагылышуу болуп жаткан аймактардын картасы.
Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына кирген күнү орусиялыктар 111,3 млрд. рублди чыгарып алган.
Бул тууралуу РБК басылмасы Орусиянын Банкына таянып билдирди. Бул пандемиядан бери эң жогорку көрсөткүч. 24-февралда социалдык тармактарда банкоматтардын жанындагы кезек күткөндөр жана акча чыгаргандар тууралуу маалымат тарай баштаган.
Орусия британиялык учактарга өзүнүн аба мейкиндигинде учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу “Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги кабарлады.
Чектөө 25-февралдан баштап күчүнө кирди. Британ учактары Орусиянын аймагынан учуп өтө албайт.
Мунун алдында Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Москвадан күн сайын Лондонго каттаган "Аэрофлот" компаниясына тыюу салган. Мындан сырткары ушул эле каттам аркылуу British Airways компаниясы учактарын учурчу.