Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58
Харьков. Соңку дрон чабуулунунан кийинки көрүнүш.
Харьков. Соңку дрон чабуулунунан кийинки көрүнүш.

Харьковдогу чабуулда эки киши каза таап, ондогону жараат алды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:08 22.3.2025

Орусия Украинага соккуларын улантууда. 22-мартка караган түнү борбор калаа Киев жапырт дрон чабуулуна кабылганын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди. Жалпысынан 52 учкучсуз учак колдонулганын Киев шаардык аскердик администрациясы кабарлады.

Абадан чабуул коюлушу ыктымал экени тууралуу эскертүү 3,5 саат уланганы, 52 согуштук дрондун 36сын абадан коргонуу системалары жок кылганы маалымдалды.

Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрондун сыныгы түшүп, өрт чыкканы, адамдардан эч ким жабыркабаганы айтылды.

Ал эми Запорожье аймагында Орусиянын соккусуна кабылган жерде куткаруу-издөө иштери аяктады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 21-марттагы чабуулдан кийин үч кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды.

Жабыркагандар арасында ымыркай бар экени кабарланды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына үч жыл болду. Москва коңшусуна кол салганы, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

12:57 22.3.2025

Украина Орусиянын колуна туткунга түшүп калган жарандарынын арасынан жалпысынан 4306сын кайтарып алууга жетишти. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал согуш туткундарынын баарын мекенине кайтаруу иши уланып жатканын, атайын түзүлгөн Координациялык штаб бар экенин айтты.

12:51 22.3.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча ок атышпоо тууралуу келишим талкууланып жатканын кабарлап, анын алкагында “жер бөлүштүрүү” маселеси дагы ортого салынганын айтты. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү басма сөз-брифинг учурунда билдирди.

“Жакын арада (Украинада) ок атышууну толук токтотууга жетишебиз деп үмүттөнөм, андан кийин келишим түзөбүз... Келишим азыр талкууланып жатат, ага аймактарды бөлүү жана башкалар кирет”, - деди Трамп.

Буга чейин АКШ президенти Украинада согушту токтотууга байланыштуу “тынчтык келишиминин бир канча элементтери” макулдашылганын жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жер жана электр станцияларды” талкуулай турганын айткан.

Орусиялык “Коммерсант” басылмасынын кабарчысы Андрей Колесниковдун жазганына караганда, Орусиянын өнөр жай жана ишкерлер бирлигинин жабык жыйынында Путин "сүйлөшүүлөрдө буга чейин өзүнүн карамагына алган Крым, Севастополь, Луганск, Донецк республикаларын, Херсон жана Запарожье облустарын Орусиянын аймагы деп таануу туралуу сөз болуп жатканын" билдирген. Колесниковдун булактарынын айтымында, мындай жагдайда Москва “Одесса жана жана азыр Украинага таандык болгон башка аймактарга доомат койбойт”.

21-мартта Трамптын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды көзөмөлдөгөн эл аралык топторго катышууну азайтканы белгилүү болгон. Бул тууралуу Bloomberg бир катар европалык чиновниктерге шилтеме берүү менен билдирген.

Ошондой эле 28-мартта Йель университетинин Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштары боюнча далилдерди чогултууда негизги роль ойногон бөлүмү жабыла турганы кабарланган.

23-мартта Украинадагы ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Жидда шаарында (Сауд Арабиясы) өтөт. Америка президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф эгер Украинада ок атышпоо келишими түзүлсө, Орусияга каршы санкциялар жеңилдей турганын айткан.

Bloomberg агенттиги Путин АКШ президентинин атайын чабарманы менен жолугушууда согушту токтотуунун шарты катары Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотууну атаганын кабарлаган.

12:51 22.3.2025

Улуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун суммалык орусиялык активдер "тоңдурулду". Британ Каржы министрлигинин Каржылык санкция башкармалыгы (Office of Financial Sanctions Implementation, OFSI) маалымдагандай, Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери санкциялардын натыйжасында 400 млрд долларынан (более 475 млрд евро) кол жууду, бул Москва өлкөнүн коргоо тармагына жумшаган дээрлик төрт жылдык каржылоосуна барабар каражат.

"Орусиянын жалпы каржылык абалы алсыроодо, федералдык бюджеттеги тартыштык кеминде келерки жылга чейин уланат, рублдин куну кетүүдө, өлкөдө кесипкөй жумуш күчү азайды, инфляция күчөөдө", - деп билдирди мекеме.

Deutsche Welle басылмасы белгилегендей, Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунан бери Батыш өлкөлөрү анын жалпысынан 280 млрд евролук активдерин "тоңдуруп" коюшту, анын көпчүлүк бөлүгү Европа Биримдигинин (ЕБ) аймагында сакталууда. Евробиримдикте ал активдерди Орусия баштаган согуштун айынан Украина тарткан чыгымдын ордун толтуруу үчүн конфискациялоо сунушу айтылып, бул маселенин тегерегинде талкуу жүрүүдө. Айрым европалык өлкөлөр мындай демилгени колдосо, айрымдары каршы чыгып, Киевге ошол активдерден түшкөн пайыздык кирешени гана берсе болот деп сунуштоодо.

20-мартта Украина Евробиримдиктен 1 млрд евролук кезектеги жардам алды. Насыя түрүндө берилген бул каражаттын ордун Киев Орусиянын "тоңдурулган" активдеринин проценттик кирешесинин эсебинен жабат деп сүйлөшүлгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG