Орусия Киевге, Херсонго жана Кривой Рогго сокку урду, каза тапкандар бар
2024-жылдын 20-декабрында эртең менен Орусиянын аскерлери Киевге, Херсонго жана Кривой Рогго ракеталык сокку урду. Каза тапкандар жана жаракат алгандар бар. Бул тууралуу Украина бийлиги билдирди.
Киевде орус соккусунан улам бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды, алардын төртөө ооруканага жаткырылганын шаар мэри Виталий Кличко жазды.
Оболу сокку Голосеевский, Соломенский жана Шевченковский райондоруна тийген. Кээ бир турак жайлардын чатырлары өрттөнүп, унаалар күйүп жатат. Голосеевский районунда кеңсе имараттары, жолдор жана газ түтүктөрү жабыркаган. 630 турак жай, 16 медициналык мекеме, 17 мектеп жана 13 бала бакча жылуулуксуз калганын Кличко тактады. Инфраструктураны калыбына келтирүү иштери башталды.
Киевге орус дрондорунун чабуулу түндө башталган. Дрондор бир нече толкун менен келип, бардыгы борборго жакын жерде жок кылынганын шаар администрациясы маалымдады. Деснянский районундагы жашабаган аймакка калдыктар түшкөн, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок.
Херсон облусунун администрация башчысы Александр Прокудин да орус армиясынын чабуулдары тууралуу билдирди. "Облус борборунун бардык аймактарында жарылуулар болду. Душман турак жайларды, социалдык жана маанилүү инфраструктураны атайын бутага алды", – деп жазды Прокудин.
Анын айтымында, таңкы соккулардан бир адам каза болуп, тогуз адам жаракат алган. Азыр дагы бир чабуул жүрүп жатат. Облусту аткылоодон улам 60 миңдей абонент электр энергиясыз калды. Энергетиктер авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө деп кошумчалады Прокудин.
Түн ичинде Орусиянын армиясы Кривой Рогго да ракеталык сокку урган. Андан алты адам жаракат алып, үчөө, анын ичинде 15 жаштагы кыз орто оор абалда ооруканага жаткырылганын Днепропетровск администрация башчысы Сергей Лысак билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Курск облусунда салгылашуулар жүрүп жатканын бышыктады. 19-декабрдагы түз байланыш учурунда ал жергиликтүү тургундун: "Аймак качан бошотулат?" деген суроосуна украин аскерлери ал жактан сүрүп чыгарылат деп жооп кайтарды. Бирок конкреттүү датаны айтуудан баш тартты.
Украин куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна быйыл 6-августта кирип, бир нече күндө 70 чакты айыл-кыштакты алганы кабарланган. Азыркыга чейин да алар бир нече жерди ээлеп турушат.
"Настоящее время" телеканалы жазгандай, Путин Курскидеги кармаштар тууралуу калың эл алдына сөз кылчу эмес. Расмий маалыматка караганда, региондон 112 миң киши чыгып кетти. Жер которууга аргасыз болгондор турак жай, кенемте, уюштуруу маселелерине нааразылыгын айтып келатышат.
Путин украин аскерлери аймакка эмне максатта киришкенин түшүнбөй турганын айтты.
Украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский шаршембиде Курскидеги операция “зарыл болгонун”, муну менен орус армиясынын Харьков жана Сумы шаарларына карай алга жылуу планы үзгүлтүккө учураганын билдирген. Сырский "пландан майнап чыкты, Орусиянын Курахов жана Покровск багыттарынан башка жерлердеги дараметин алсыратууга жетишилди" деп эсептейт.
Путин украин аскерлери Курскиде чоң жоготууларга туш болгонун, ал жакта «Батыштын өрттөнгөн техникасы жайнап жатканын” айтты.
18-декабрда The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, Түндүк Кореянын армиясы Курск облусунда жүздөгөн аскерин жоготконун жазышкан.
Ага чейин украин Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгы Орусиянын армиясы тарапта согушкан кеминде 30 түндүк кореялык мерт болгонун же жараат алганын билдирген.
Айрым талдоочулардын айтымында, Орусия согушта 600 миңдей кишини жоготкон. Путин калк жактырбаган мобилизациядан качып, Пхеньяндан аскерлерди тарткан. Кээ бир маалыматтарга ылайык, алардын саны 11 миңден ашат.
Орусиянын Ростов облусу 19-декабрга караган түнү соккуга кабылды.
Түнү Украина тарап 30дан ашык дрон жана үч ракета менен сокку урганын облустун губернатору билдирди.
Губернатор Юрий Слюсардын маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы Ростов-на-Дону, Батайск, Таганрог, Шахты, Каменск, Миллерово жана Новошахтинск шаарларына дрон жана ракета чабуулунун "мизин кайтарды".
"Алардын басымдуусу жок кылынды. Новошахтинскидеги мунай заводунда өрт чыкты. Өрт өчүрүү аракети уланууда", - деп жазды ал.
Жергиликтүү Телеграм-каналы түнү бою мунай заводун каптаган өрт тууралуу видеолорду жарыялап турду жана тургундар ондогон жарылуунун добушун укканын жазышты. Ал дрондорду бутага алган орусиялык зениттик ракеталардын добушу болушу мүмкүн экени айтылууда.
Губернатор Ростовдун жанында атып түшүрүлгөн дрон сыныгынан бир киши жабыркаганын билдирди. Украин тарап комментарий бере элек.
Түндүк Кореянын армиясы Орусиянын Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготту. Алар кармаштарда набыт болгон же оор жараат алышкан. Бул тууралуу The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазышты.
Анын айтуусуна караганда, "курман болгондордун арасында бардык рангдагы аскерлер бар". Мындай көп сандагы жоготууларды ал Пхеньян жиберген аскерлердин тажрыйбасы жоктугу менен түшүндүргөн.
"Бул кармаштардагы аскерлер даярдыктан өткөн эмес. Алар салгылаштарга буга чейин аралашпаган",- дейт ал.
Буга чейин Пентагондун өкүлү Пэт Райдер түндүк кореялык аскерлер Курск облусундагы салгылашууларда жоготууга учураганын билдирген. Алардын так саны маалымдалган эмес.
Түндүк кореялыктардын жоготуулары тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский да айткан.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, орусиялыктар түндүк кореялык аскерлердин арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматты жашырганга аракет кылып жатышат. Украинанын Коргонуу күчтөрү жана чалгын кызматы орус аскер бөлүктөрүнүн арасындагы реалдуу жоготуулар тууралуу толук маалыматты аныктап жатат. Алардын арасында түндүк кореялыктар да бар. Тилекке каршы алардан да коргонууга туура келип жатат",- деген Зеленский.
Түндүк кореялык аскерлерди Орусияда Курскидеги кармаштарга даярдап жатышканы тууралуу маалыматтар октябрь айынын соңунда чыккан.