Орусия менен Украинанын бийликтери өтүп бара жаткан аптадагы адам өлүмүнө алып келген жардыруулар үчүн бири-бирин айыптап чыкты.
14-декабрда полиция Днепр шаарынын борборунда болгон жардырууга шек санап, бир адамды кармаган. Жардыруунун натыйжасында бир киши өлүп, төрт адам жаракат алган. Экөө полиция кызматкери, алардын абалы оор деп айтылууда. Бийликтин маалыматына караганда, жардырууга шек саналып 37 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды, ал жардырууну Орусиянын чалгын кызматынын буйругу менен жасаган деп шектелүүдө.
Шектүү украин коопсуздук кызматы менен полициянын биргелешкен операциясынын жыйынтыгында бир нече сааттан кийин кармалды.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 15-декабрда орустар ээлеп алган Донецк облусунда 9-декабрда болгон жардырууга шектүү адам кармалганын маалымдады. Ага ылайык, жардыруудан түрмөнүн мурдагы кызматкери мерт кеткен, анын жубайы жаракат алган. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары шектүү жергиликтүү тургун экенин жазышты.
Орусиянын коопсуздук кызматы шектүү жардыргыч затты автоунаанын алдына коюп, аралыктан жардырганын, ал Украинанын чалгын кызматынын буйругу менен аракеттенгенин билдирүүдө.
Социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser машинасын жардыруудан Оленовкадагы колониянын жетекчиси Сергей Евсюков каза тапканы жазылган.
Жекшембиге караган түндө Орусия Украина тарапка жүздөн ашуун дрон жана ракеталар менен чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү кабарлады. Анын ичинен 56 дрон атып түшүрүлүп, 49у кыйратылган. Үчөө Орусияга кайтып кетишкен.
Дрондордун кулашынан Украинанын бир катар аймактарында инфратүзүмдөр, көп кабаттуу жана жер үйлөр, автоунаалар жабыркаган.
Жекшембинин таңында Николаев аймагына жасалган чабуулдан инфратүзүм обьектилери жабыркады. Облус башчысы Виталий Кимдин маалыматына караганда, эки адам жаракат алды.
Днепропетровск облусунда учкучсуз учактардын соккусунан эки үй кыйрап, автоунаа, газ түтүгү жана электр зымдары үзүлгөнүн облустук админстрация башчысы Сергей Лысак Телеграм каналына жазды.
Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери жай тургундар жана инфратүзүмдөр бутага алынып келет. Москва муну моюнуна албайт.
Украинадагы Орлов облусунун губернатору Андрей Клычковдун билдиришинче, ишембиге караган түнү Орусиянын дрон чабуулунан кийин мунай базасында өрт чыкты.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон катуу жарылуу болгонун көрүп, угууга болот. Жергиликтүү тургундар бир нече жарылуу болгонун жазып жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок.
Орусия 13-декабрда түндө жана таңга маал Украинанын энергетикалык түзүмдөрү бутага алып, чабуул жасады. Украин президенти Владимир Зеленский 90дон ашык ракета жана 200дөй дрон учурулганын, ракеталардын басымдуу бөлүгү атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) билдиришинче, тогуз АЭСтин бешөөнүн кубаттуулугу басаңдап, үчөө кайра калыбына келди.
Киев баштаган айрым шаарларда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.
Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери фронтто 83 миңден көп орусиялык аскер набыт болду. Алардын тек-жайын Би-би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы ачык булактардагы маалыматтарга таянып аныктады.
Орусия аймактарынын ичинен жоготуулардын саны боюнча Башкырстан алдыда. Аймактан 3487 адам согушта өлгөн. Журналисттер чыныгы сандар мындан жогору болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Республиканын согушта набыт болгон тургундарынын 37% Украинага өз ыктыяры менен аскердик келишим аркылуу кетишкен. 18% түрмөлөрдөн азгырылса, 14% мобилизацияга туш болгон.
8-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский үч жылга аяк баскан согушта 198 миң орусиялык аскер өлүп, 550 миңдейи жараат алганын билдирген.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 7-декабрда Орусия бул согушта 700 миңден ашуун аскеринен айрылганын билдирген. Бул сандын ичине мерт болгондор жана жараат алгандар да кирет.
Быйыл октябрь айында Орусиянын жоготуулары күнүнө 1500ге жетип турганын Британиянын Коргоо министрлиги маалымдаган.
Расмий Москва согуштагы жоготуулары тууралуу маалымат бербейт. Ал эми "Азаттык" жакында эле Би-би-Си жана "Медиазонанын" жардамы менен Украинадагы согушта Орусия тарапта салгылашып жүрүп 51 теги кыргызстандык каза болгонун аныктаган. Бул сан андан бери 53кө жетти.