Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө облуста ракеталык чабуулдан кийинки куткаруу операциясы уланып жатканын жазган. Царичанка кыштагындагы жарандык курулуш, турак үй, дүкөн зыян тарткан. Мурдараак облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак чабуулдан кийин үч жерде өрт чыкканын, дүкөн, көп кабаттуу жана жеке турак жай күйүп кеткенин маалымдаган.
Лысак Телеграмм-каналга жазганына караганда, сегиз тургун оор абалда. Алардын ички органдары жабыркаганы, сыныктан жаракат алганы кабарланды. Жалпысынан 21 киши жараат алган. Арасында 11 жаштагы бала бар, анын абалы оор.
Мындан сырткары Орусиянын армиясы Донецк облусунун Мирноград шаарын артиллериядан аткылаган. Эки киши каза болуп, үчөө жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан жеке турак жай, имарат, кафе жана автоунаа зыян тарткан. Филашкин жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга чыгууга чакырды.
Маалыматтарга караганда, өткөн суткада орус армиясы Донецк облусунун калктуу конушун тогуз жолу аткылады.
Орусия Украинадагы соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Би-Би-Синин орус кызматы, "Медиазона" басылмасынын журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып, Орусия Украинага басып киргенден бери 29-ноябрга чейин орусиялык 80 973 аскер каза болгонун аныкташты. Эки жума мурун алар набыт болгон 78 329 аскердин ысымдарын такташкан.
Журналисттер каза болгондордун жарымынан көбү армияда кызмат өтөчү эмес, согуш башталгандан кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн деген бүтүмгө келди.
Өз ыктыяры менен урушка кеткендер арасындагы жоготуулар кескин өсүп жатканы байкалган.
Муну менен катар журналисттер согуш башталгандан бери армияны толуктаган жана майданда каза тапкандардын реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет. Алар набыт болгондордун 28% фронтко кандай жол менен тартылганын тактай алган эмес.
"Ошол эле маалда түрмөлөрдөн жалдап алынгандардын үлүшү азаюуда. Былтыркы ноябрда аларга жоготуулардын 26% туура келсе, азыр 18% болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
Жоготууларды жан башына алып эсептегенде алдынкы сапта Тыва, Бурятия жана Алтай турат. Эң ылдый жакта Москва менен Санкт-Петербург жайгашкан.
Иликтөөчүлөр каза тапкандардын статистикасын жүргүзгөндө ачык булактарга, атап айтканда маалымат каражаттарга, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнө, маркумдардын соцтармактардагы постторуна жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтарга таянышат.
Москва жана Киев согуштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Адатта согушкандар каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өзүнүкүн азайтышат.
Орус аскерлери 2022-жылдын жазында Беларустун Наровля шаарында фильтрациялык лагерь ачып, украиналык туткундарды кыйноого алып турган.
Мындай тыянакка «Азаттыктын» украин кызматынын "Схемы" долбоору менен радионун беларус редакциясы келишти.
Журналисттер спутниктен тартылган сүрөттөрдү, пропагандачылардын видеолорун, ал жакта отуруп чыккан туткундардан, хакерлерден алынган маалыматтарды талдап чыгышкан.
Иликтөөдө айтылгандай, "Припятский альянс" деген ишкананын аймагында орун алган фильтрациялык пунктта украин аскерлери менен катар карапайым жарандар да кармалчу. Сүрөттөргө шилтеме менен журналисттер орус аскерлери ал жакта бери дегенде 2022-жылдын май айына чейин жайгашкан болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишти.
Алсак, иликтөөчүлөр сөзгө тарткан украиналык жоокер Богдан Лысенко Наровлядагы лагерде ур-токмокко кабылганын, "сабалган кишилердин кыйкырыгы күнүгө угулуп турганын" айтып берди.
Журналисттер ал жерге жүздөгөн жайкын тургундар алынып барган болушу мүмкүн деп жазышат.
Иликтөөдө белгиленгендей, лагерди беларус бийлигисиз ачуу мүмкүн эмес болчу, ал эми орус аскерлеринин иш-аракеттерин Женева конвенциясын бузуу деп сыпаттаса болот.
Журналисттер Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун басма сөз катчысына кайрылышкан, бирок иликтөө жарыяланып жаткан чакта ал комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.
Орусия Украинага кол салардын алдында Беларуста машыгуу деген шылтоо менен куралдуу күчтөрүн жайгаштырган. 2022-жылдын февралында алар Украина менен чек араны бузуп өтүп, Киев жана Гостомел тарапка жылган. Беларус аймагынан украин шаар-кыштактары аткыланган. Беларус аскерлери ал операцияга катышкан эмес.
Лукашенко Москванын аракетин колдогону менен өлкөнүн армиясы Украина Беларуска кол салса гана согушка катышарын айткан.
29-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинаны пилотсуз учактар менен аткылаганда Одесса облусунда жети киши жарадар болду. Бул тууралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.
Анын айтымында, жараат алган төрт киши ооруканага жаткырылды, бир аялдын абалы оор, үчөөнө жеринде жардам көргөзүлдү. Соккудан облуста 13 турак жайга, чарбалык курулуштарга, газ түтүгүнө жана автомашинага зыян келтирилди.
Украинанын башкы прокурорунун кеңсеси Одессанын порт жана транспорт инфраструктурасы бутага алынганын билдирди. Буга байланыштуу согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу фактысы боюнча иликтөө башталды.
Жумага оогон түнү Киевге да сокку урулду. Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматы маалымдагандай, Днепр районундагы балдар бейтапканасынын кире бериши жарым- жартылай урап, терезелери күбүлүп түштү. Жараат алган кароолчу ооруканага жеткирилди.
Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко ошол эле райондо көп кабаттуу үч үй зыян тартканын, бир киши жабыркаганын жазды.
Украинанын Аба күчтөрү 29-ноябрга караган түнү Орусия 132 дрон менен чабуул койгонун билдирди. Жергиликтүү саат 9.00го карай 88 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү кабарланган.
Орусия украин аймагын, энергетикалык, жарандык инфраструктураны, турак үйлөрдү тынымсыз аткылап, далилдерге карабай аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.