Орусия күчтөрү эртең менен Харьковдун борборун аткылап, кеминде 15 киши жабыркады
Орус аскерлери 25-ноябрь күнү эртең менен Харьковдун борборун аткылап, кеминде 15 киши жабыркаганын облус башчысы Олег Синегубов билдирди.
"Шаардын борбордук бөлүгүнө, сокку турак жай курулуш аймагына тийип, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы короолорго түшүп, чарбалык курулмалар жана автоунаалар өрттөнүп кетти”, - деди ал.
Орус аскерлери ар кандай куралдар менен - согуштук дрондор, ракеталар, КАБдар, РСЗОлор менен - украин аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасап келе жатат.
Орусия жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын соккулар жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин талкалап жатканын танып келүүдө.
Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусия Федерациясынын согуштук кылмыштары катары квалификациялап, алардын максаттуу мүнөзүн белгилешүүдө.
БУУ октябрь айынын аягына карата Орусиянын кеңири масштабдуу баскынчылыгы башталгандан бери Украинада 12 162 жарандын каза болгону жана 26 919 кишинин жаракат алганы тууралуу маалыматтарды тастыктай алганын билдирди. Уюм чыныгы көрсөткүчтөр алда канча жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын контрчабуулунун жыйынтыгында август айында ээлеген жерлеринин 40 пайызга жакынын жоготту. Бул тууралуу Reuters агенттиги украин армиясындагы булагына шилтеме берип кабарлады. Украинанын Башкы штабынын өкүлү - агенттиктин булагы Орусия Курскиге 59 миңдей аскер алып киргенин айткан.
"Биз 1376 чарчы чакырым жерди көзөмөлдөп келгенбиз, албетте азыр ал аймак кыйла кичирейди. Душман контрчабуулун күчөтүүдө. Учурда 800 чарчы чакырым жерди гана көзөмөлдөп калдык. Биз колубуздан келишинче бул аймактарды кармап турууга аракет кылабыз", - деген аскер кызматкери.
Орусиянын Коргоо министрлиги Reuters агенттигинин учурдагы кырдаал тууралуу суроосуна жооп берген эмес.
Курск облусуна басып кирүү менен Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын чыгыштагы жана түндүк-чыгыштагы чабуулдарын токтото алганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Украин президенти Владимир Зеленский бир нече күн мурунку комментарийинде, Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурациясы боло турган 20-январга чейин украин күчтөрүн Курск облусунан чыгарууну максат кылганын белгилеген.
Түштүк Кореянын жана АКШнын чалгын кызматтары Орусия Курск аймагындагы согушка Түндүк Кореядан 10 миңдей жоокер алып келгенин билдиришкен. Алардын бир бөлүгү бул аймакта согушка киргени кабарланды.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин сөзүнө караганда, Вашингтон жакынкы убактарда түндүк кореялык миңдей жоокер украин аскерлерине каршы согушка кирерин күтүүдө.
Орусиялыктардын 53% Украина менен болгон согушту тынч сүйлөшүүлөрү менен чечүүнү колдойт. Russian Field изилдөө компаниясы ноябрда жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ушундай көрсөткүч чыккан. Изилдөөчүлөр бул согуш башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда.
Согуштун уланышын суралгандардын 36% колдогон. Бул 2022-жылдын мартынан берки байкоолордогу минималдуу көрсөткүч болууда. Компаниянын баяндамасында тынч сүйлөшүүлөрдү жактагандардын санынын өсүшү жана согушту колдогондордун азайуу тенденциясы 2023-жылдын февралынан бери байкалып жатканы белгиленген.
Тынч сүйлөшүүлөрдү эң көп колдогондор жаштар (68%), аялдар (59%), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (59% жана интернет-медиалар менен Телеграм-каналдардын аудиториялары (51%дан) болгон. Кесиптик чөйрөлөрдөн тынч сүйлөшүүлөрдү IT, соода жана саламаттык сактоо кызматкерлери көбүрөөк жактаган. Ал эми өндүрүш тармагында иштегендер көбүнчө согуштун уланышын колдогон.
“Эртең” эле тынчтык келишимин түзүүнү суралгандардын 79% колдоп, 60% ок атышууну токтотуу келишими эч кандай шарттарсыз түзүлсө деген пикирге макул болушкан.
Суралгандардын 2/5 (бештен эки бөлүгү) согуштан улам өзүнө кооптуу болуп жатканын айткан. Дрондордун соккусу (27%), экономикалык абал (20%), аткылоолор (18%), мобилизация (17%) жана жакындарынын өлүмү менен кырсыкташы (12%) олуттуу кооптонууну жаратат.
Мурдараак, 19-ноябрда Gallup компаниясы да Украинадагы сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялаган. Ага караганда, согуш башталгандан бери Орусия менен кармашууну толук жеңишке чейин жүргүзүүнүн жактагандар дээрлик эки эсеге азайган. 2024-жылы суралгандардын 52% Киев тынч сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунчу эртерээк башташы керек десе, дагы 38% согушту жеңишке жеткенче улантууну жактаган.
Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп улуттук чалгын кызматынын мурунку башчысы Ричард Гренеллди Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кылып дайындашы мүмкүн. Мындай кабарды Reuters агенттиги өзүнүн маалыматка эгедер булактарына таянып жазды.
Учурда Вашингтондо Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кызматы жок. Трамптын штабынын өкүлү Кэролайн Ливитт мындай кызматты түзүү мүмкүнчүлүгү жана ага Гренеллди дайындоо маалыматы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Гренелл өзү да мындай суроого жооп берген эмес.
Гренелл Дональд Трамптын мурунку мөөнөтүндө АКШнын Германиядагы элчиси жана президенттин Сербия менен Косоводогу тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча атайын өкүлү кызматтарын аркалаган. 2024-жылдын жайында Гренелл согушту токтотуу үчүн Украинада “автономдуу аймактарды” түзүүнү айтып чыккан. Муну менен катар, Украинанын жакынкы жылдары НАТОго кошулуусун колдобой турганын билдирген.
Мурдараак Дональд Трамп Гренеллди АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына карап жатканы кабарланган.
Гренелл 19-ноябрда Newsmax телеканалына курган маегинде “Байден Украинага акча бөлүүнү көбөйтүп жана көбүрөөк ракеталарды учуруу менен отко май куюп жатканын, АКШда өтө көп аткаминерлер согушту улантууну, каржылоону көбөйтүүнү жактап жатканын, бул аны кабатыр кыларын” айткан.