Европарламент Украинанын коргонуусуна жана кайра куруу иштерине 35 миллиард евро (38 млрд доллар) кредит берүүнү жактырды. Карыз Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин Батышта тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен кайтарылмакчы.
Маалыматка караганда, шейшемби күнкү добуш берүүдө депутаттардын 518и сунушту колдоду, 56сы каршы добуш берди, 61и калыс калды.
Кеп буга чейин “Чоң Жети” менен макулдашылган 50 млрд доллар насыя тууралуу жүрүүдө. Быйыл жайында кабыл алынган чечимге ылайык, Киев ал акчанын эсебинен курал-жарак сатып алууну, согуш учурунда талкаланган шаар-кыштактарды кайра курууну каржылай алат. Ошол эле маалда АКШ шаркеттен орусиялык активдердин узак мөөнөткө тоңудурулат деген кепилдик талап кылган. Вашингтон санкцияларды жарым жыл сайын узарткан биримдик андай кыла албай калса, насыяны кайтаруу үзгүлтүккө учурайт деп чочулайт. Бирок активдерди тоңдурууну 3 жылга узартууга Венгрия каршы чыгууда.
“Чоң Жетинин” финансы министрлери 25-октябрда Вашингтондо Эл аралык валта корунун жана Дүйнөлүк банктын жыйындарында жолукканда сөз болгон кредитти бөлүштүрүүнүн чоо-жайын жарыялашат деп күтүлүүдө. Мунаса табылса, Украина жыл этегине чейин анын биринчи бөлүгүн алышы мүмкүн.
Ушул эле күнү сөз болгон 50 млрд долларлык пакеттин алкагында Британия Киевге 2,4 млрд доллар курал-жарак сатып алуу жана чыгарууга бөлөрү белгилүү болду.
Орусия 300 млрд долларга тете активдерин колдонуу мыйзамсыз болорун айтып, өч аларын эскертүүдө.
Кредит берүү чечими орус аскерлери Украинанын чыгышына чабуул коюп, энергосистемасын бутага алып келаткан маалда жактырылды.
Түндүк Кореянын БУУдагы делегациясынын жетекчиси Ким Сон Пхеньян Украинага каршы согушуп жаткан Орусияга аскерлерин жөнөткөнү тууралуу маалыматтарды «жүйөсүз имиштер» деп атады. Бул тууралуу түштүк кореялык "Ренхап" агенттиги кабарлады.
Ким Сон андай айың кептер өлкөнү каралоо, Орусия менен «дос жана өнөктөш мамилелерге көлөкө түшүрүү үчүн» таратылып жатканын кошумчалады.
Украинадагы согушка асерлерин жөнөтүп жатат деген маалыматтарды Пхеньян биринчи жолу расмий комментарийледи.
18-октябрда Түштүк Корея коңшусу ушул айдын башында Орусияга 12 миң аскерин, анын ичинде атайын даярдыктагы бөлүктөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген. Анын алдында бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский да айтып, Пхеньянды «Кремлге Украинага каршы согушка жардам бериш үчүн аскерлерин жана курал-жарагын жөнөтүп жатат» деп айыптаган.
Украинанын Сумы облусунда 22-октябрга караган түнү орусиялык дрондордун чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала. Бул тууралуу жергиликтүү адмистрация билдиргеннин “Свобода” радиосу жазды.
“Суспильне Суми” басылмасы маалымдагандай, 14 жаштагы кыз жана анын апасы, таежеси каза болгон. Жергиликтүү жашоочулар кыздын атасы сокку маалында сыртка качып чыгууга үлгүрүп аман калганын айтып беришкен.
Облустук администрация өткөн суткада Сумы облусунда жалпы 25 орусиялык дрон атып түшүрүлгөнүн тактады.
Украинанын Сумы облусу Орусиянын 6-августта украин күчтөрү кирип барган Курск облусу менен чектешет. Украин президенти Владимир Зеленский бул операциянын максаты Сумы облусуна Орусиянын болжолдуу басып кирүүсүнөн коргоо болгонун айткан. Украин күчтөрү Курскиге кирип баргандан кийин аткылоо кыйла көбөйгөн. Орус күчтөрү көбүнчө энергетика жана инфратүзүмдөрдү бутага алууда.
20-октябрда энергетикалык объектиге сокку урулуп, Сумы облусунун Ромны районунун жүздөн ашуун калктуу аймагы жарыксыз калган. Андан мурда 19-октябрда Орусиянын армииясы бул аймактагы энергетикалык объектиге сокку урганы үчүн облуста авариялык жарык өчүрүү болгон.
Украинанын Запорожье облусунда дүйшөмбүдө Орусиянын соккусунан эки киши каза таап, 15и жараат алды.
Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров Телеграм аркылуу билдирди.
Жергиликтүү бийлик соккуда 30дан ашык турак жайга зыян келтирилгенин маалымдады. Орусия тарап чабуул тууралуу комментарий бере элек.