Украина 8-октябрда Орусиянын чабуулдарынан бир нече аймагында адамдар жараат алып, кыйроолор катталганын билдирүүдө.
Херсон облусунда артиллериялык аткылоодон бир нече киши жараат алганы, бир дүкөн талкаланганы, 51 жаштагы аял көчөдө кетип бараткан учурда ага дрон менен жардыргыч ыргытылганы, Харьков облусунда жарандык өндүрүш ишканасы кыйраганы, 16 жергиликтүү тургун жараат алганы, үчөөнүн абалы оор экени маалымдалды.
Фронтто соңку суткада 172 жолу кагылышуу болгонун, оор абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталып турганын, аскерлер жайгашкан жерлер менен калктуу пункттар жалпысынан 4420 жолу аткыланганын, төрт жолу ракеталык, 72 жолу авиациялык, 1508 жолу дрон менен сокку урулганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Одесса аймагына дрон жана баллистикалык ракета менен бүгүн да сокку урулду. Кечээ бул аймакта Украинанын Кара деңиздеги эки негизги портуна чабуул жасалып, дан азыктарын ташыган кемеге ракета тийген, облус губернатору Олег Кипер 60 жаштагы жергиликтүү кызматкер каза болгонун, чет өлкөлүк беш жумушчу жараат алганын билдирген. Тышкы иштер министри Андрей Сибига Орусиянын бул кол салуусун «атайын жасалган террордук тактика» деп атаган.
Херсонго урулган авиасоккудан жапа чеккендердин саны 20 адамга жетти
Бул тууралуу шаар мэри Роман Марченко билдирди. Жабыркагандар арасында эки бала бар. Мектептин имараты жана бала бакчага залал келтирилген.
Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарында мунай базасы күйүп жатат.
Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жергиликтүү бийликке таянып жазышты.
Алар өрттүн себебин айткан эмес, бирок 7-октябрга караган түнү Украинанын дрон чабуулу болгонун Телеграм-каналдар кабарлаган.
Феодосиянын Орусия дайындаган башчысы Игорь Ткаченко курмандыктар жана жабыркагандар жок экенин, ӨКМдин кызматкерлери жеринде иштеп атканын билдирди.
Astra Телеграм-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
Украина 7-октябрда да Орусиянын дрон, ракета жана авиабомба чабуулуна кабылганын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Херсон шаардык администрациясынын маалыматына караганда, саат эртең мененки 10дон кийин Херсонго абадан сокку урулду.
Шаарга башкарылуучу авиабомбалардан төртөө түшкөнү, жарылуу толкунунан жарандык объектилер жана кеминде алты көп кабаттуу үй талкаланганы, сегиз киши жараат алганы, алардын экөө үч жана беш жашар наристелер экени маалымдалды. Херсон облустук прокуратурасы согуш мыйзамдарынын жана эрежелеринин бузулушу тууралуу берененин негизинде кылмыш иши козголгонун билдирди.
Өткөн түнү жана эртең менен абадан коргонуу системалары Киев аймагында Х-47М2 «Кинжал» аэробаллистикалык ракеталарынан экөөнү, Николаев, Киев, Днепропетров, Сумы, Чернигов, Полтава жана Харьков облустарында Shahed дрондорунан 32ни атып түшүрүшкөнүн, мындан тышкары Украинага каршы«Искандер-М» баллистикалык ракетасы да колдонулганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми фронт тилкесинде Покровск жана Курахово багыттарында катуу кармаш жүрүп жатканы маалымдалууда.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан.