Орусиянын армиясынын Украинанын Сумы шаарындагы ооруканага ишембиде урган соккусунун курмандыктары көбөйдү.
Сумы аймактык аскер администрациясынын акыркы маалыматына караганда, каза болгондор 10го жетти, 22 киши жараат алды.
Украинанын ички иштер министри (ИИМ) Игорь Клименко орусиялык күчтөр Сумыдагы медициналык мекемеге эки жолу сокку урганын билдирди. Орусия ооруканага жасалган сокку тууралуу комментарий берген эмес.
Орусиялык күчтөр Украинанын Донецк облусундагы өнөр жай шаары катары таанылып, согушка чейин 15 миң калк жашаган Угледарга жакындап калды. Эки жылдык курчоого карабай, калаа украин армиясынын көзөмөлүндө турган.
Орусиянын 28-сентябрдагы таңкы соккуларынан Украинанын Сумы шаарында жети киши каза болуп, 12 адам оор жараат алды. Бул тууралуу аймактык администрациядан кабарлашты.
Украинанын ички иштер министри (ИИМ) Игорь Клименко орусиялык күчтөр Сумыдагы медициналык мекемеге эки жолу сокку урганын билдирди. Алгачкы соккусунда бир адам өлүп, оорукананын бир нече кабаты талкаланган. Ал жерде полиция жана куткаруучулар бейтаптарды эвакуация кылып жатканда экинчи чабуул жасалган. Сокку турак үйлөргө дагы тийген.
Харьковдогу аткылоодон 68 жаштагы эркек жана аял жараат алып, үйү талкаланды. Украинанын Коргоо күчтөрү 28-сентябрда түндө Орусия армиясы төрт ракета жана 73 “жанкечти” дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Эки ракета жана 69 дрон атып түшүрүлгөн. Украинанын 13 облусунда айгай жаңырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар жөнүндө комментарий берген жок.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, эки жылдан бери согушта Украинада 10 миңден ашууна адам өлүп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.