«РБК-Україна», «Интерфакс-Украина», УНИАН сыяктуу ири маалымат каражаттары Орусиянын Ростов облусунун Каменский районундагы мунай базасына чабуул - Украинанын операциясы экенин өлкөнүн Башкы чалгын башкармалыгындагы анонимдүү булактарга таянып кабарлады.
«Интерфакс-Украинанын» булагы дрондор колдонулган операцияга Украинанын аба күчтөрү, Чалгын башкармалыгы катышканын билдирген.
"Бул мунай базасы Орусиянын армиясын май менен үзгүлтүксүз камсыздоодо маанилүү роль ойногонун, операциянын так жыйынтыктары такталып жатканын" кошумчалаган.
Бул августта Ростовдогу мунай базаларына болгон экинчи чабуул. Буга чейин Пролетарскидеги мунай базасында дрон чабуулунан кийин өрт чыгып, аны бир жумадан бери өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат.
Орусиянын Ростов облусунда 28-августка караган түнү мунай базасына жасалган дрон чабуулунан кийин өрт тутанды. Күбөлөрдүн айтымында, анын алдында катуу жардыруу болгон. Мунай базасы Каменский району Ростов облусунун чыгышында, Украинанын Луганск аймагы менен чектешкен жакта жайгашкан.
Baza Телеграм-каналы жазгандай, мунай базасына чабуул түнкү саат 03төрдө жасалган, ишкананын аймагына эки дрон кулап түшкөн. Маалыматка караганда, учурда үч цистерна күйүп жатат. Алдын ала билдирүүлөргө ылайык, азырынча жабыркагандар жок. Ал эми Astra Телеграм-каналы жергиликтүүлөрдүн сөзүнө таянып. Каменский районунда Росрезервге караштуу “Астра” комбинаты күйүп жатканын жазды. Орус армиясын кара май менен камсыздаган бул ишканага 3-августта дагы дрон менен чабуул жасалган. Анда тутанган өрт убагында өчүрүлгөн. Аба чабуулдарын Москва Киевден көрөт.
Украин бийлиги Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт. Анткен менен учурда украин күчтөрү Курск облусунда аскердик операциясын улантууда. Президент Владимир Зеленский бул операциянын башкы максаты өз өлкөсүн орус чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү экенин белгилеген. Украин армиясы Курскиге 6-августта кирип барган. Андан бери 100дөй калктуу конушту өз карамагына алганы кабарланды.
Украинанын Кривой Рог шаарындагы мейманканага Орусиянын чабуулунун курмандыктары төрт кишиге жетти.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, түндө куткаруучулар төртүнчү кишинин сөөгүн уранды алдынан алып чыкты.
Ракеталык соккуда беш киши жараат алды. Шаардын борборундагы "Аврора" мейманканасына баллистикалык ракета тийген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кийинки айда АКШнын президенти Жо Байденге согуштагы "жеңиш планы" менен тааныштырат. Бул тууралуу ал шейшемби күнкү маалымат жыйында билдирди. Бул план президенттикке талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трампка дагы көрсөтүлөрүн билдирди. Украин президентинин маалымат жыйынын "Настоящее Время" телеканалы түз көрсөттү.
Зеленскийдин белгилешинче, план төрт багыттан турат. Украин армиясынын Орусиянын Курск облусуна басып кириши - анын бир бөлүгү.
"Балким бул кимдир бирөөгө абдан амбициалык көрүнүп жаткандыр, бирок биз үчүн бул маанилүү план", - деген ал аскерлердин Курскиге кирип барып, Украинанын Сумы жана Чернигов облустарын окуппациялоонун алдын алганын билдирди.
Андан кийинки планда "глобалдык коопсуздуктун стратегиялык түзүмүндө Украинанын ролун бекемдөө", "Согушту дипломатиялык жол менен токтотууга Орусияны мажбурлоо" жана Украинанын экономикасын турукташтыруу турары белгиленди.
Зеленский бул пландын ийгиликтүү ишке ашуусу көбүнесе АКШдан жана анын президентинен көз каранды экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, Украина керектүү ресурсту алар-албасы жана аны эркин колдоно алары алардын чечимине жараша болот.
"Путин менен жөн гана компромисс эмес, принципиалдуу түрдө диалогдун мааниси жок. Анткени ал дипломатиялык жол менен согушту токтотууну каалабайт. Ал үчүн биз ага жерибиздин 30% беришибиз керек. Менин оюмча, биз аны менен ойношубуз керек", - деди Владимир Зеленский.
Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин айтымында, учурда алар 100 калктуу конушту өз көзөмөлүндө кармап турушат.