Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21
Харьковдогу соккулардын биринин кесепети. Октябрь, 2024-жыл
Харьковдогу соккулардын биринин кесепети. Октябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Харьков тынымсыз аба соккусуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:19 28.8.2024

Президент Владимир Зеленский Украинада өндүрүлүп чыгарылган алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 27-августта Киевде өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди. Азырынча бул сыноонун чоо жайы белгисиз.

Украина ошондой эле кыска аралыкка сокку ура алчу "Хрим-2" баллистикалык ракетасын өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жатканы маалым болду. 25-августта Зеленский украиндердин "Поляница" (украинче "Паляниця") деген ракетасы бардыгын ырастаган. Украин президенти аны согуш куралдарынын "жаңы үлгүсү" деп атаган.

Киев Батыш мамлекеттеринен Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн узак аралыктагы ракеталарды колдонууга уруксат сурап келет.

Мындай чакырыкты Зеленский 26-августта өлкөсү орус армиясынын жапырт аба чабуулуна кабылгандан кийин дагы бир ирет кайталап, Баатыштагы лидерлерди "батыл чечим" кабыл алууга чакырды.

Зеленский ошондой эле жыйын маалында Киевдин Орусия менен согушту токтотуу планы бар экенин, аны Американын кийинки президенттигине ат салышып жаткан талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харриске бере тургандыгын кошумчалады.

10:20 28.8.2024

Орусиянын Ростов облусунун губернатору төрт дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Каменский районундагы мунай базасында дрон чабуулунан кийин жарылуу болду деген маалыматтар тууралуу эч нерсе деген жок. Учкучсуз учактардын жо кылынганы тууралуу кабар берүү менен чектелди.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Маалымат такталууда», — деп жазылган губернатор Василий Голубевдин Телеграм-каналында.

03:21 28.8.2024
Украина: Кривой Рогдогу мейманканага сокку урулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

18:58 27.8.2024

Украина 27-августка караган түнү жана эртең менен кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылганын, адамдар каза болуп, имараттар талкаланганын билдирди. Кечээ да жапырт соккудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылган. Кривой Рог шаарында мейманканага ракеталык чабуул жасалып, адамдар каза тапканы кабарланды.

Украинанын түштүк-чыгышында жайгашкан Кривой Рог шаары... Бул жердеги мейманканалардын бирине 27-августка караган түнү орусиялык ракета тийип, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын, дагы бир нече киши жараат алганын, үйлөр, машиналар, дүкөндөр талкаланганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы жарыялаган видео кадрлардан имараттын бир бөлүгү толук кыйраганын көрүүгө болот.

Кривой Рог шаары жайгашкан Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак "жер менен жексен кылышты" деп Телеграмга жазды.

Ал эми Киев облусунда атып түшүрүлгөн ракета жана дрон сыныктары түшкөн эки жерде өрт чыкты. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, Киевдин чет жакасында Орусиянын чабуулдарынан кеминде эки киши каза болду.

Өлкө президенти Владимир Зеленский куткаруу, тазалоо иштери уланып жатканын, абадан коргонуу системалары жетиштүү иштегенине карабастан бүгүн төрт киши мерт болуп, 16 киши жараат алганын билдирди.

Жалпысынан Орусия “Шахед” дрондорунан 81ди жана канаттуу, баллистикалык ракеталарды учурганын айтты жана сөзсүз жооп кайтарыларын убада кылды. Сокку Житомир, Винница, Хмельницкий, Запорожье жана башка облустарга да урулган.

Чабуулдар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Орусиянын Курск облусунун Курчатов шаарындагы атомдук электр станциясынын иши менен таанышканы барган учурда жасалды.

Курск аймагынын бир нече жерин 6-августтан бери украин аскерлери ээлеп турушат, ал жерде кармаш азыр да уланууда. Украин бийлиги Орусиянын жерин тартып алуу ниети жоктугун, өз жерин коргош үчүн буфердик зона гана түзүп жатканын билдирген. Курск АЭСи Украина менен чек арадан 60 чакырым жерде жайгашкан.

26-августта Украина Орусиянын жалпысынан 200дөн ашуун дрон жана ракета соккусуна кабылганын, кеминде жети жайкын тургунунан айрылганын, энергетика инфраструктурасы жабыркаганын билдирген.

АКШ президенти Жо Байден соңку чабуулдарды “кыжыр келтирет” деп сыпаттады.

Украин президенти Владимир Зеленский 26-августтун кечиндеги кайрылуусунда союздаш өлкөлөрдү “чечкиндүү аракеттерге”, берген курал-жарагы менен Орусиянын алыскы аймактарындагы аскердик объектилерине атууга уруксат берүүгө чакырды:

“Мындай соккулардын ар бири биздин аскерлерге алыскы аралыкка атуучу курал канчалык зарыл болуп жатканын уламдан улам көрсөтүүдө. Себеби террорчу өзүнүн чабуулдарын кайсы жерден баштап жатса, дал ошол жерден жок кылынышы зарыл”.

Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинада жараат алгандар арасында Reuters агенттигинин кабарчысы Иван Любыш-Кирдей да бар. Агенттик ал 24-августта Краматорск шаарындагы ракеталык соккудан жабыркаганын, абалы оор экенин, ал эми дагы бир кызматкери Райан Эванстын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун маалымдады.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусуна украин аскерлери кирүүгө аракет кылышканын аймактын жетекчиси Вячеслав Гладков бүгүн 27-августта билдирди. Ал абал оор, бирок көзөмөлдө экенин айтып, элди тынч болууга чакырды. Соңку маалымат боюнча, Белгороддун Петровка, Новое жана Головчино кыштактары аткылоого дрон чабуулуна кабылды, бир нече имарат жана машина талкаланып, өрт чыкты.

6-августта украиндер кирип баргандан бир нече күндөн кийин Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдейи эвакуация болгонун кабарлаган.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG