Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18
Харьковдогу соккулардын биринин кесепети. Октябрь, 2024-жыл
Харьковдогу соккулардын биринин кесепети. Октябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Харьков тынымсыз аба соккусуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:43 26.8.2024

Украинанын аймагы 26-августтун таңында орус армиясынын жапырт аба соккусуна дуушар болду. Бутага негизинен энергетикалык обьектилер алынды. Ушул эле күнү Орусиянын Саратов жана Энгельс калаалары дрон чабуулуна туш болгону кабарланды.

"Жүздөн ашуун ракетанын ар кандай түрлөрү жана жүздөн ашуун "Шахед" дрондору. Буга чейинки Орусиянын соккуларынын көбүндөй эле, бул дагы абдан маанилүү жарандык инфраструктурага багытталган адамгерчиликсиз чабуул",- деп украин президенти Владимир Зеленский 26-августтун таңында өлкө аймагына жасалган жапырт аба чабуулду комментарийледи. Дүйшөмбү таңда борбор калаа Киев баштаган ондогон калаа жана облустарда сиреналардын үнү жаңырып, орус армиясынын ракета, дрон жана башкаруучу авиабомбаларынын чабуулуна туш болду.

Зеленский өнөктөштөрүн Украинанын "чечкиндүү чара" көрүүгө чакырды.

"Алсыздык жана жетишсиз чечимдер террордун күчөшүнө жол берет. Ар бир лидер, өнөктөштөрүбүздүн баары бул согуштун адилеттүү аякташы үчүн кандай чечкиндүү кадамдар керек экенин жакшы билет", - деп кошумчалады украин президенти.

Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна кирип барып, күндөн-күнгө карамагына алган айыл-кыштактардын саны көбөйүп жаткан маалда, бул соңку жумалардагы эң ири аба чабуул болуп калды.

Аба соккулардан Житомир, Волын, Днепропетровск, Харьков, Запорожье аймактарында жалып беш киши набыт болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Днепропетровск облусунда орус армиясынын соккусунан жакынын жоготкондор. 26-август, 2024-жыл.
Днепропетровск облусунда орус армиясынын соккусунан жакынын жоготкондор. 26-август, 2024-жыл.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жалпы 15 облусу жабыркаганын билдирди. Ал ошондой эле орус армиясы энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алганын кошумчалады. Ракеталык соккудан кийин Украинада электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Киевде бир нече район жарыксыз калды. Андан тышкары Львов жана Николаев облустарында маселе жаралды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын "аскердик өндүрүш комплексин камсыздаган энергетикалык жайларга жапырт сокку урганын" мойнуна алып, баардык "буталар жок кылынганын" билдирди.

"Биздин энергетиканы жок кылууну көздөгөнү үчүн орусиялыктар жогору кун төлөшөт, өзүлөрүнүн инфратүзүмдөрү менен",-деп жазды украин президентинин кеңсесинин башчысы Алексей Ермак.

Орусиянын Саратов шаарындагы эң бийик имарат жабыркады

26-августтун таңында Орусиянын Саратов жана Энгельс шаарларына дрон менен чабуул жасалды. Саратовдогу 37 кабат үйгө тийген дрондон бир аял мүрт кетип, бир нече адам жараат алганы кабарланды.

Ошондой эле Энгельс шаарындагы авиавбазага дрон тийгени маалым болду. Андан тышкары дагы бир дрон ушул эле калаадагы көп кабатуу үйдүн чатырына түшкөн. Анын калдыктарынан жыйырмадан ашуун автоунаа жабыркаганын орусиялык телеграм-каналдар жазышты.

Бул эки калаа Волга дарыясынын эки жээгинде бет маңдай жайгашкан. Энгельс калаасындагы авиабаза шаардан төрт чакырым алыстыкта жайгашкан. Саратовдун аэропорту чабуулдан кийин ишин убактылуу токтотту. Энгелстеги аскердик аэродром бир нече ирет дрондордун чабуулуна дуушар болуп келген. Ал жакта Украинадагы чабуул үчүн колдонулган Ту-95 жана Ту-22 бомбалоочу учактары жайгаштырылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жалпы жети облуста жыйырмадай дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Киев бул чабуулдар тууралуу үн каткан жок.

Рейтердин кызматкеринин өмүрүн алган сокку

25-августта орус армиясынын чабуулунан Украинадагы согушту чагылдырып жүргөн Reuters агенттигинин кызматкери Райан Эванс мүрт кетти. Журналисттерди коштоп жүргөн Эванс өзүнөн башка беш кесиптеши менен Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарындагы "Сапфир" мейманканасына жайгашкан. Эки журналист жараат алып ооруканага жеткирилди. Биринин абалы оор.

Рейтер агенттигинин кызматкери Раян Эванс.
Рейтер агенттигинин кызматкери Раян Эванс.

Жабыркагандардын жакындарына көңүл айткан украин президенти Владимир Зеленский мейманканага "Искандер" ракетасы менен сокку урулганын белгиледи.

"Рейтерстин" кызматкерлеринен башка отелде жайгашкан Польша, АКШ жана Украинанын журналисттери жараат алганы белгилүү болду.

Мурдагы аскер, 38 жаштагы Эванс Рейтер агенттиги менен 2022-жылдан тартып кызматташып жүргөн. Ал журналисттерге коопсуздукту камсыздоодо кеңеш берчү.

15:37 26.8.2024

Украинанын Сумы облусунда ракета темир жол ишканасына тийди

Поезд машинистинин жардамчысы жараат алганын, байланыш түйүнү, бир нече имаратка зыян келтирилгенин Украин темир жолу ишканасы кабарлады.

14:37 26.8.2024

Украина: Жапырт ракеталык соккудан каза тапкандар бар, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Украинанын бийлиги билдиргендей, 26-август эртең менен өлкө боюнча абадан айгай жарыяланды. Одесса, Днепропетров, Волын, Ивано-Франков, Запорожье жана Львов облустарынын бийликтери жарылуу болгонун кабарлашты.

Волын облусунун Луцк шаарында көп кабаттуу турак жайга зыян келтирилип, бир киши кайтыш болгонун шаар мэри Игорь Полищук билдирди.

Полтава облусунда өнөр жай объектисине зыян келтирилип, беш киши жараат алды.

Запорожьеде бир, Днепропетровскиде дагы бир киши Орусиянын таңкы чабуулунда каза тапканы кабарланды.

Жапырт соккудан кийин Украинада электр жарыгын берүүдө көйгөй жаралып, «Укрэнерго» электрди чукул өчүрдү.

Киевде бир нече район жарыксыз калды.

14:29 26.8.2024

Орусиянын Волгоград облусуна дрондор менен чабуул коюлганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Волгоград облустук администрациянын Телеграм-каналында: «Элан районунда 2 учкучсуз учактын сыныктарынын кулашынын натыйжасында турак жай жана имарат жабыркаган. Кырсыктан жабыркагандар жок», — деген маалымат жазылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG