Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28
Украина. Торецкидеги соккуда талкаланган турак жай
Украина. Торецкидеги соккуда талкаланган турак жай

Түз ободо Одесса: Ракеталык чабуулда ондон ашык киши жараат алды, жетөө оор абалда

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:04 26.8.2024

Украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары 26-августтун таңында өлкөнүн бир катар аймактары жана шаарлары Орусиянын жапырт ракеталык, дрондук аба чабуулуна кабылганын жазып жатышат.

26-август күнү таңкы саат 7:30да Украинанын Аба күчтөрү асманда алты Ту-22М3 учагы бар экенин билдирсе, ал эми саат 9:30да МиГ-31К учагы Орусиянын Савваслейка аэродромунан учуп чыкканын кабарлашты. Ошондой эле Украинанын Аскердик-аба күчтөрү бул Украина аймактарынын көбүнө каршы жүргүзүлгөн Орусиянын массалык биргелешкен ракета - дрондук чабуулу деп баалашты. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Киев убактысы менен таңкы саат 8:30га карата Киев, Кировоград, Днепропетровск, Запорожье, Хмельницкий, Винница, Волын, Тернополь, Львов жана башка аймактарда абадан коргонуу системасынын иштегени жана жарылуулар болгону тууралуу маалыматтар бар.

Ошондой эле саат Украинанын Аскердик-аба күчтөрү 9:22де Орусиянын сокку уруучу дрондорунун чабуулу уланып жатканы тууралуу билдирген.

Массалык аба чабуул учурунда Полтава облусундагы өнөр жай объектисине сокку урулганын аскердик администрациянын башчысы Филипп Пронин билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

"Душман Полтава аймагындагы өнөр жай объектисине сокку урду. Беш адам жаракат алды", - деди ал.

Харьковдун бийлиги да аймакта орусиялык аткылоолор болгонун кабарлады.

Киев шаардык аскердик администрациясы Киевдин айланасында абадан коргонуу системасы иштеп жатканын билдирди.

Одесса облусунун башчысы Олег Кипер облустук борбордо жарылуулар болгонун айтты.

Украиналык Telegram каналдар Днепр, Запорожье, Хмельницкий, Кривой Рог жана Кропивницкий шаарларынын аймагында да жарылуулар болгонун билдиришүүдө.

Мунун алдында Украинанын аскердик бийлиги орусиялык Ту-95МС бомбалоочу учактарынын активдүүлүгү, сокку уруучу дрондордун кыймылы көбөйгөнү байкалганын жана Кара деңизде "Калибр" ракеталарын ташуучу кемелер жүргөнүн эскерткен.

"Азаттыктын" украин кызматы жазганына караганда, 26-август күнү таң эрте Орусия асманга 11 стратегиялык бомбалоочу учагын учурган.

Украиналык Телеграм-каналдары «Калибр» канаттуу ракеталарынын, болжол менен Кара деңиз акваториясынан атылганын билдиришүүдө. Ал жерде, Украина Куралдуу Күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жалпысы 28 «Калибр» ракетасын атууга жөндөмдүү төрт орус ракеталык кемеси бар.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жана эртең менен Орусиянын бир нече аймагында Украинанын 20 учкучсуз учагы жок кылынганын маалымдады. Министрликтин кыска билдирүүсүнө ылайык, Саратов облусунда 9 дрон, Курск облусунда 3 дрон, Брянск, Белгород жана Тула облустарында экиден, Орел жана Рязань облустарында бирден дрон жок кылынган.

Бийликтердин жана ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, Саратов жана Энгельс шаарларындагы турак үйлөргө эки учкучсуз учак түшкөн. Учкучсуз учактардын бири Саратовдогу бийик имаратка урунган. Бул тууралуу Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин билдиргенин "Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлады. Анын айтымында, бир аял жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Калган жабыркагандарга жеринде жардам көрсөтүлүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.

16:14 25.8.2024

Согуш башталгандан бери Орусия Украинага 10 миңдей ракета учурду.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-августта билдирди. Анын маалыматына караганда, мындан тышкары 33 миңден ашуун бомба атылган.

"Эки жарым жыл бою кеңири масштабдуу согуш жүрүп, Орусия Украинага 10 миңге жакын ар кандай типтеги ракеталарды жана 33 миңден ашык бомбаларды атты. Биздин шаарларга чабуулду аскердик аэродромдорго сокку уруу менен токтотууга болот", — деп жазды Зеленский.

12:57 25.8.2024

25-августта Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда орусиялык ракеталар менен дрон чабуулунан кеминде жети киши жараат алды.

Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Маалыматка караганда, 10 үй жана газ түтүгүнө зыян келтирилип, эки үй талкаланган. Украинанын аба күчтөрү Орусия түн ичинде Чернигов, Сумы, Харьков жана Донецк облустарын бутага алып, ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул жасаганын маалымдады.

Украинанын абадан коргонуу системалары анын көбүн бутага жете электе жок кылган.

10:58 25.8.2024

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоодо беш кишb кайтыш болгонун облустун губернатору Вячеслав Гладков 25-августта Телеграм каналында жазды.

Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын Ракитное айылына сокку урган. Каза тапкан беш кишиден башка 12 адам жараат алганын, анын үчөө балдар экенин Гладков кошумчалады.

Украин тарап бул маалыматтарга комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG