Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:21 22.8.2024

Ростовдо мунай базасындагы өрттү өчүрүү учурунда 47 киши жараат алды

Орусиянын Ростов облусунун Пролетарск мунай базасындагы өрттү өчүрүү аракети төрт күндөн бери уланууда. Өрт жекшембинин түнү дрон чабуулунан кийин чыккан. Орус күчтөрү атып түшүргөн дрондун калдыгы мунай базасына тийгени айтылган.

Жабыркаган 47 кишинин баары өрт өчүрүүлөр. Алар дизел куюлган мунай сактоочу кампадагы өрттү өчүрүү учурунда жараат алышкан.

Абалы оор деген жети киши Петербургдагы ӨКМдин ооруканасына жеткирилген, эки адам реанимацияда жатат.

22-августка караган түнү базада өрттөн улам дагы бир жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазып жатышат. Асманга көтөрүлгөн коюу түтүн, өрт 30 чакырым алыстыктан да көрүнгөнү кабарланды.

Бейшембиде алты цистернадагы өрт өчүрүлгөнү расмий кабарлады. Жергиликтүү бийлик дрон чабуулунан кийин 20 цистернаны өрт чалганын билдиришкен. Анын ар биринин көлөмү 5000 куб метрди түзөт.

14:08 22.8.2024

Дрон чабуулунан кийин Волгограддын аэропортунда каттамдар токтотулду

Волгограддын аэропорту аймакта дрон чабуулуна байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам аба каттамдарын кабыл алууну жана жөнөтүүнү убактылуу токтотту.

Бул тууралуу РБК аэропорттун басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.

Буга чейин облус бийлиги дрондордун тункү чабуулунан кийин аскердик объектилердин биринде өр чыкканын кабарлаган.

Орусиялык Телеграм-каналдар дрондор Волгограддан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Октябрь айылындагы "Мариновка" аскердик аэродромун бутага алганын жана ал өрттөнүп жатканын жазышты.

20:07 21.8.2024

Москванын мэри Сергей Собянин орус баш калаасына дрондор менен масштабдуу чабуул жасоо аракети болгонун билдирди. Ал 21-августка караган түнү шаарды көздөй учуп келаткан кеминде 10 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Мэр жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшпөгөнүн кошумчалады.

"Москвага багытталган дагы эки учкучсуз аппарат атып түшүрүлдү. Бардык чабуулдарды алдын алууга Москванын күчү жетет. Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү ошол түнү 10 дронду атып түшүргөн. Бул Москвага жасалган ири чабуулдардын бири болду. Биз кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди мэр Собянин.

Москванын мэри Сергей Собянин (ортодо) Орусиянын "атайын аскердик операциясына" катышкандарга колдоо көрсөтүү борборунда, 27-февраль, 2023-жыл.
Москванын мэри Сергей Собянин (ортодо) Орусиянын "атайын аскердик операциясына" катышкандарга колдоо көрсөтүү борборунда, 27-февраль, 2023-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги 21-августка караган түнү жалпы жонунан өлкөдө 45 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, Москва облусунун аймагында 11, Брянскиде 23, Белгород облусунун аймагында 6, Калуганын үстүнөн 3 жана Курск облусунун аймагында 2 дрон жок кылынган.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы шаршембиге оогон түнү аскерлери Ростов облусундагы Новошахтинск деген жерге жакын жайгашкан С-300 зениттик-ракеталык комплекске сокку урганын маалымдады.

Телеграм-каналдарда жарыяланган видеодо ракетанын сыныктары түшкөндө өрт тутанганы айтылууда. Бул маалыматты ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Киевге жасалган орус күчтөрүнүн чабуулу, 18-август, 2024-жыл
Киевге жасалган орус күчтөрүнүн чабуулу, 18-август, 2024-жыл

Киевге бир нече саатта үч жолу чабуул болду

20-августта орус аскерлери Украинанын Запорожье облусунун Малокатериновка айылындагы "Лаванда" балдар кафесине чабуул койгондо бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Украин полициясы дагы тогуз өспүрүм жараат алганын кабарлаган.

"Мен ал балдардын баарын жакшы тааныйм. Алар биздин балдар. Ушул жерде эле менин балам сейилдейт. Ал күнү жок эле. Кудай сактады", - Сергей Волик деген полиция кызматкери.

Ал эми 21-августта Киевде бир нече сааттын ичинде үчүнчү аба чабуулу болгону кабарланды. Украин баш калаасында Орусиянын аба чабуулунан коргонуу үчүн эскертүү жарыяланды. Мындай эскертүү өлкөнүн башка аймактарында да жарыяланууда.

Ушуну менен август айынын башынан бери Киев бешинчи жолу орус аскерлеринин ракеталык чабуулуна кабылганы белгиленди.

Ушул тапта Курскиде кармаш уланууда. Украин армиясы шейшемби күнү Орусиянын Курск аймагындагы кармаш тууралуу видео жарыялады.

Бир күн мурун Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Украина чабуулун улантып жаткандыктан, Орусия чек ара аймактарына үч аскер тобун жайгаштырганын билдирген.

"Башкы штабдын өкүлдөрү, Белгород, Курск, Брянск аскердик топторунун командирлери жарандарды жана аймактарды учкучсуз аппараттардын чабуулдарынан коргоо үчүн жооптуу", - деди Белоусов.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялап, бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдей жараны эвакуация болгонун кабарлаган. Ушул тапта Украина аймакта кеминде 92 калктуу пунктун ээлеп турат. Киев бул операциясын өзүн коргоо үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтып келет.

18:14 21.8.2024

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кармаш жүрүп жаткан Курск облусунун жети муниципалитетине депутаттарды шайлоону башка убакытка которду. Бирок шайлоонун жаңы датасы такталган жок.

Буга чейин “Верстка” басылмасы өз булактарына таянып, БШК шайлоону “аймактагы бүдөмүк абалдан улам” 2025-жылга которууну пландаганын жазган.

Ал эми облус губернаторун шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлмөкчү. 20-августта аймактык шайлоо комиссиясы 28-августтан тартып эрте добуш берүүгө уруксат берген.

Жарышка катышып жаткан губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов шайлоо "абдан татаал кырдаалда өтөрүн", добуш берүүчулөрдүн колдоосу "мурда болуп көрбөгөндөй керек болуп жатканын" жазды.

Украин армиясы Орусиянын чек арадагы Курск облусуна 6-августта кирген. Соңку маалымат боюнча, украиндер кеминде 92 калктуу пунктту ээлеп турат.

Региондо федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланган. Калк эвакуацияланып жатат. Расмий маалыматка караганда, чабуул маалында карапайым 31 киши каза тапты, 143ү жабыркады.

Киев бул операциясын өзүн коргоо үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG