Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:53 21.8.2024

Шаршембиде эртең мененки аткылоодон Донецк облусунда бир аял каза тапты. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин орус армиясы Северскини артиллериядан бутага алганда дагы бир киши мерт кеткенин билдирди.

Администрация ошондой эле 20-августтагы чабуул маалында Торецкиде каза болгондордун саны дагы бир кишиге өскөнүн маалымдады.

«Азаттыктын» украин редакциясы жазгандай, ага чейин облус жетекчилиги Донбасста 24 саатта бир киши окко учканын, төртөө жабыркаганын билдирген.

Шейшембиде орус аскерлери Запорожье облусундагы Малокатериновка айылындагы балдар кафесине сокку урганын регионалдык администрациянын башчысы Иван Федоров маалымдаган.

Украинанын улуттук полициясы беш киши, арасында өспүрүмдөр жараат алганын, бирөө кийин ооруканада көз жумганын кабарлаган.

Башкы прокуратура согуштун мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.

"Орусиянын адамгерчиликтин чегинен чыккан дагы бир кылмышы. Кылмыштуу агрессия үчүн күнөөлүү адамдар сот жообуна тартылмайынча, биз токтобойбуз”, - деп айтты башкы прокурор Андрей Костин.

Фактыларга карабай, Орусия Украинага кол салгандан бери кошуна өлкөнүн карапайым тургундарын, балдарды, жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

15:50 21.8.2024

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев аймактын батышында ракета атып түшүрүлгөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар катталбаганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнун башкы штабы шаршембиге оогон түнү аскерлери Ростов облусундагы Новошахтинск деген жерге жакын жайгашкан С-300 зениттик-ракеталык комплекске сокку урушканын маалымдады.

Телеграм-каналдарда жарыяланган видеодо ракетанын сыныктары түшкөндө өрт тутанганы айтылууда. Бул маалыматты ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Брянск жана Белгород облустарынын жетекчилери түнкү чабуулдар залака тийгизгени тууралуу маалымат азырынча жок деп билдиршти. Калган региондордун бийликтери чабуулдарга байланыштуу комментарий жасай элек.

12:29 21.8.2024

Москванын мэри Сергей Собянин шаарга масштабдуу дрон чабуулу болгонун билдирди.

Анын айтымында, өткөн түнү Москвага "Украина тараптан 10 дрон учурулган". Алардын баары атып түшүрүлгөн. Собянин муну согуш башталгандан бери Москвага карата эң ири дрон чабуулу катары баалады.

12:16 21.8.2024

Киевде 21-августта бир нече сааттын ичинде үчүнчү аба чабуулу болду. Бул тууралуу шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко билдирди.

Украинанын баш калаасында Орусиянын аба чабуулу боюнча эскертүү жарыяланды.

Айгай өлкөнүн башка аймактарында да жарыяланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG