Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:49 21.8.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги 21-августка караган түнү 45 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, "Москва, Брянск, Белгород, Калуга жана Курск облустарынын үстүнөн 45 украиналык учкучсуз учакты атып түшүрүлгөн".

"Москва облусунун аймагында 11, Брянскиден 23, Белгород облусунун аймагында алты, Калуганын үстүнөн үч жана Курск облусунун үстүнөн эки дрон жок кылынды", - деп деп жазылган маалыматта.

22:28 20.8.2024

Украинанын Орусиянын Курск облусундагы операциясы уланып жатканын өлкө жетекчилиги билдирүүдө. Украин аскерлери Курскиде өз көзөмөлүнө алган калктуу пункттардын саны 92ге жеткенин 19-августта өлкө президенти Владимир Зеленский айтты.

Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен өткөргөн жыйында сүйлөп, ал Украина Орусиянын чек арадагы аймагынын 1250 чарчы чакырым тилкесин көзөмөлдөп турганын билдирди.

«Жалпысынан бул операциябыз Орусияда туткунда жаткан украиналыктарды бошотуу процессине салган ири инвестициябыз болуп калды. Биз бир гана операция менен өтө көп орусиялыкты туткунга түшүрө алдык. Мындай жакшы жыйынтык биздин максат болчу. Позицияларды бекемдөө, айрым райондордогу турукташуу жана айырбаштоо фондун толуктоо жүрүп жатат», – деди ал.

Ошону менен катар Зеленский Украинанын союздаштарына кайрадан кайрылып, алар берген алыскы аралыкка атуучу куралды колдонууга уруксат берүүнү суранды.

«Украинанын орус армиясынын алдыга жылуусун токтотуу мүмкүнчүлүгүн бир гана чечим кармап турат. Биз өнөктөштөрүбүздөн алыска атуу боюнча ошондой чечимди күтүп жатабыз», — деп белгиледи украин президенти.

Орусия Украинага 2022-жылы февраль айында кол салган. Ошондон бери курал-жарак жагынан ага АКШ жана Батыш өлкөлөрү жардам берүүдө. Алар согуштун эскалациясына жол бербөө үчүн деген негизде мындай куралды колдонууга чектөө койгон.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдей жараны эвакуация болгонун кабарлаган.

Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.

Украина Орусия Курск облусунан жана ага коңшу аймактарынан украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Зеленский Орусиянын Курск облусундагы операциянын максаты буфердик зона түзүү экенин белгилеген.

17:13 20.8.2024

Орусиянын Тергөө комитетинин аскердик тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери Москвада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого жана мурдагы мигранттар боюнча мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу рейд жүргүзүшкөнүн 19-августта "Коммерсант" басылмасы жазды.

Рейд "Щелковская" метросунун жанындагы автовокзалда, жашылча-жемиш базасында жана Москванын чыгышындагы хостелде өттү, жыйынтыгында Орусиянын жарандыгын алган ондогон мигрант аскердик комиссариатка барып, каттоого турууга милдеттендирилди.

Буга чейин ушундай эле рейддер Москва облусунун Серпухов жана Чехов райондорунда өткөн, аскердик тергөөчүлөр каттоого турбаган он кишини аныктап чыкканы кабарланган.

31-июлда Мамлекеттик Дума орус жарандыгын алгандан кийин милдетүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырып, кабыл алган. Анда мындай талапты аткарбагандарды жарандыктан ажыратуу каралган.

Украинада жүрүп жаткан согушка барууну каалабаган мигранттарды жарандыктан ажыратууну былтыр күзүндө Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин сунуш кылган. Ошондон кийин Орусияда эмгек мигранттары боюнча рейддер күчөгөн. Жарандыктан ажыратуу башталганы, көбү Борбор Азиядан барган мигранттар экени былтыр жыл соңунда кабарлаган.

Орусияда мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнер" жалданма тобунун катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу.

14:05 20.8.2024

Украинанын абадан коргонуу системалары 20-августтун таңында борбор калаа Киевге жасалган ракеталык соккунун мизин кайтарганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен август айынын башынан бери Киев бешинчи жолу орус аскерлеринин ракеталык чабуулуна кабылганы белгиленди.

Баштапкы маалыматтар боюнча, кыйроолор, адамдар арасында жабыркоо катталган жок.

Мекеме кабарлагандай, «Искандер К» канаттуу ракеталарынын толкун сымал чабуулунун алдында Киевге учкучсуз учактар менен сокку урулган.

Ал эми өлкөнүн батыш тарабындагы Тернополь шаарында ири өрт чыкканы кабарланууда. Жергиликтүү бийлик элди коопсуз жерде болууга чакырды. Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG