Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:02 20.8.2024

Президент Владимир Зеленский дүйшөмбүдө Украинанын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү менен жолугушууда украин армиясы Орусиянын Курск облусунун 92 айыл-кыштагын көзөмөлдөп жатканын билдирди.

«Азыр биздин күчтөр душмандын 1250 чарчы километр аянтын жана 92 калктуу пунктту көзөмөлгө алды", - деди Зеленский.

Орусия украин тараптын мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоого мүмкүн болбой турат.

18:19 19.8.2024

Курск: Зеленский операциянын максатын атады, үч көпүрө талкаланды

Президент Владимир Зеленский Курскидеги операциянын башкы максаты Украинаны коргоо үчүн Орусиянын аймагында буфердик зона түзүү экенин айтты. Украин армиясы Курск облусунда Сейм дарыясындагы үчүнчү көпүрөнү талкалаганын билдирди.

Украин армиясы Курск облусундагы Сейм дарыясына салынган үчүнчү көпүрөнү жок кылганын орус тарап 19-августта ырастады. Орусиянын Тергөө комитинин өкүлүнүн видеосун Кремлдин башкы пропагандачысы, тележурналист Владимир Соловьев Телеграм-каналына жарыялады. Анда комитеттин өкүлү бир күн мурда украин армиясы көпүрөнү талкалаганын айтат.

18-августта украин Аба күчтөрүнүн башчысы Никола Олещук армиясы Сейм дарыясындагы экинчи стратегиялык көпүрөнү иштен чыгарганын Телеграм-каналына жарыялаган.

“Украин аба күчтөрү так авиасоккулар менен душманды логистикалык мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратып жатат. Мунун баары согуш аракеттерине олуттуу таасир тийгизет”, - деп кошумчалады ал.

Орусиялык аскердик блогерлер Курскидеги Жванное айылынын жанында талкаланган биринчи көпүрөнүн сүрөтүн жарыялашкан. Орусиянын коопсуздук тармагындагы аткаминерлердин айтымында, көпүрөлөрдүн талкаланышы Глушково айылынын бир бөлүгү менен байланышты үздү.

Аналитиктердин эсебинде, Сеймдеги көпүрүнүн жок кылынышы Украина үчүн чечкиндүү мааниге ээ.

"Глушково районундагы бардык орусиялык аскердик бөлүктөрдү материалдык-техникалык жактан камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Алар Сейм дарыясынын өзүнө кептелип калышты", - дейт "Маалыматтык каршылык" тобунун координатору, аскердик эксперт Александр Коваленко.

Сейм дарыясындагы талкаланган көпүрөнүн соцмедиага жарыяланган сүрөтү. 16-август, 2024-жыл.
Сейм дарыясындагы талкаланган көпүрөнүн соцмедиага жарыяланган сүрөтү. 16-август, 2024-жыл.

Украин армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна 6-августта күтүүсүздөн кирип барып, эки жарым жылдык согуштун динамикасын өзгөрткөндөй болду. Москва Украинага 2022-жылдын 24-февралында ар тараптан басып кирип, согуш ачкан. Андан бери дээрлик күн сайын абадан сокку уруп, узундугу миң чакырымга созулган согуш тилкесинин ар кайсы жеринен чабуул коюп келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-августта билдиргендей, Курскидеги операция “орус армиясына, мамлекетине, алардын коргонуу өндүрүшүнө жана экономикасына кедергисин дагы эле тийгизип жатат”.

Ал кечиндеги кайрылуусунда украин куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал-полковник Александр Сырскийдин сөзүнө шилтеп фронттогу кырдаал баардык багытта “жакшы көрсөткүчтөрдү” көрсөтүп жатканын айтты.

Зеленский: Башкы максатыбыз "буфердик зона" түзүү

Зеленский украин армиясынын Курскидеги башкы максаты “буфердик зона” түзүү максатында көбүрөөк орус потенциалын жок кылып, соккуларга каршы аракеттерди жүргүзүү экенин кошумчалады.

Украин президенти ошондой эле Донецкинин чыгыш тарабында айыгышкан салгылаш уланып жатканын айтты. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Зализное айылын өз карамагына алганын ырастоодо.

“Покров багытында кырчылдашкан кармаштар жана Торецкини коргоо уланууда”,-деди Зеленский Телеграм аркылуу. Ал эми Донецк облусунун губернатору Вадим Филашкин “Покров калктуу конушунан үй-бүлөлөрдү бала-чакалары менен күчтөп эвакуацияны башташканын” маалымдады. 19-августта Донецкиде орус армиясынын аткылоосунан үч кишинин өмүрү кыйылып, он чактысы жараат алганы Филашкин кошумчалады.

Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан чабуул коюуну улантып жатат. 18-августта соңку айда үчүнчү жолу украин баш калаасы Киевге баллистикалык ракеталар менен сокку урулду. Алардын көбү абадан атып түшүрүлгөнүн шаардык аскердик администрациясы билдирди. Бул жер кулаган ракетанын сыныгынан оюлуп калган.

Аскердик эксперттер ал Түндүк Кореяга таандык болушу мүмкүндүгүн боолгоп жатышат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Беларус-украин чек арасындагы кырдаал

Курскиде окуялар өнүгүп жаткан маалда, Орусиянын президенти Владимир Путиндин кыйышпас өнөктөшү, Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Украина менен чек аралаш аймакта чыңалуу күчөп турганын айтты.

"Беларус-украин чек арасында 120 миңдей украиналык аскер жайгаштырылган. Аларды атайылап биздин чек аранын жанында кармап турушат. Алардын агрессиялык саясатын көрүп, биз дагы чек ара тилкесинин кайсы бир белгилүү жерлерине аскерлерди киргиздик. Согуш башталып кетсе, алар коргошот", - деди Лукашенко.

Беларустун жетекчиси чек арага жайгаштырылган аскерлеринин так санын атаган жок. Стратегиялык иликтөөлөр боюнча Military Balance эл аралык институтунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, беларус армиясында 48 миңдей аскер жана 12 миңдей чек арачы бар.

Киев бул тууралуу "Рейтердин" суроосуна жооп берген жок.

14:53 19.8.2024

19-августка караган түнү Орусия Украинанын аймагына согуштук 11 дрон менен сокку урганын, анын баары атып түшүрүлгөнүн, бутага Николаев, Черкасск, Винница, Киев, Днепропетров, Харьков, Сумы жана Донецк облустары алынганын өлкөнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.

Орусия Курск менен чектеш Украинанын Сумы облусун өткөн жекшемби күнү 89 жолу аткылаганын, бир киши каза болгонун, үч киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.

Донецк облусунда Орусиянын аткылоосунун үч киши каза тапканын, тогуз киши жараат алганын облустук администрация башчысы Вадим Филашкин жазды.

Орусия Орлов облусунда өткөн түнү бир учкучсуз учак жок кылынганын кабарлады.

Украин аскерлери Курск облусунда Глушково аймагындагы дагы бир көпүрөнү (үчүнчүсүн) талкалаганы 19-августта кабарланды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Сейм дарыясынын Глушково районундагы үч көпүрө аркылуу Орусия чек арадагы аскерлерин жабдып турчу.

14:49 19.8.2024

Украин аскерлери фронттогу бардык багыттар боюнча жакшы натыйжа көрсөтүп жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операциянын максаты буфердик зона түзүү экенин украин президенти Владимир Зеленский 18-августтун кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин маалыматына таянып Зеленский «Украинанын чыгышында да, Курск облусундагы операция боюнча да, «айырбаштоо фонду», снаряддар, курал-жарак, бардык багыттар боюнча биздин балдар – азаматсыңар», – деди.

«Торецк шаарынын чет жакасында орусиялык техниканы жок кылуу боюнча жакшы жана зарыл натыйжа бар» экенин айткан Зеленский негизги максат «орусиялык потенциалды мүмкүн болушунча көбүрөөк талкалоо», анын арасында Курск операциясы аркылуу «буфердик зона» түзүү болуп жатканын кошумчалады.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган. 13-августка карата бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын, 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пунктту көзөмөлдөп турганын, бул операция башталгандан бери украин аскерлеринин Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирген.

Орусия украин тараптын бул билдирүүсү боюнча комментарий берген эмес. Бирок Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза болгонун да маалымдаган. Соңку билдирүүлөрүнө караганда, 200 миңдей жаранын эвакуациялады.

Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва комментарий берген эмес.

CNN телеканалы Орусия Курск облусунда түзүлгөн кырдаалдан улам Украинанын оккупациялап алган аймактарындагы айрым аскерлерин Курск тилкесине алып кеткенин жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG