Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:58 17.8.2024

Орусия Курск облусундагы Сейм дарыясынан өткөн көпүрө талкаланганын билдирди

Орусиялык булактар Украин куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Глушково айылына барчу жолдо жайгашкан Сейм дарыясындагы көпүрөнү жок кылганын жана Званное кыштагындагы дагы бир көпүрөнү аткылап жатышканын билдирди. Орусиялык Телеграм каналдар жана аскердик блогерлер талкаланган көпүрөнүн сүрөтүн жарыялап жатышат.

Украин күчтөрү Сейм дарыясынын боюндагы аймактын бир бөлүгүн көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканы айтылууда. Украин күчтөрү ээлеп турган плацдарм Глушковонун чыгыш жагында жана Сейм суусу Курск облусунун аймагынан батышты көздөй орус-украин чек арасына чейин Глушково жана Званное айылдары аркылуу агат.

Курсктун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов көпүрөнүн талкаланганын Телеграм каналына жазды. Орусиялык мамлекеттик ТАСС агенттигинин маектеши мындай окуядан улам Глушково районунун бир бөлүгү эвакуацияланбай каларын айткан.

Бул көпүрөлөрдү орус күчтөрү логистикалык багытта колдонору толук мүмкүн.

Украин аба күчтөрүнүн башчысы Николай Олещук көпүрөгө сокку урулганы тартылган видеону жарыялаган. Ал тасма кайсы аймакта качан тартылганы такталган эмес. “Аба күчтөрүнүн авиациясы Курск багыты боюнча согуштук аракеттерге активдүү катышууда”, - деп жазылган видеодо.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкулү Мария Захарова Украин күчтөрү биринчи ирет Курск облусундагы жарандык объектилерге Батыштан чыгарылган курал-жарак менен сокку урганын билдирди. Дипломат бул HIMARS ракеталары болушу толук мүмкүн экенин жазды.

Захарова жайкын тургундарды эвакуациялоого жардам берип жаткан ыктыярчылар да каза болгонун билдирди. Сөз “Элдик фронт” уюмунун эки кызматкери – Николай Ковалёв жана Давид Соколов жөнүндө жүрүп жаткан болушу ыктымал. Алар Украин куралдуу күчтөрүнүн урган соккуларынын биринин кесепетинен каза болгону айтылууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 15-августта Курск облусунун 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин билдирген. 6-августтан бери алардын Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

Украина Курскиден качкандарды кабыл алууга даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00
  • Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.
  • Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
  • Суджа: Киев аскер комендатурасын, Москва атайын план түздү
    please wait

    No media source currently available

    0:00 0:02:47 0:00
23:19 16.8.2024

Курскидеги украин комендатурасынын максаты эмне?

Украинанын армиясы Орусиянын Суджа шаарын өз карамагына алып, комендатура түзгөнүн президент Владимир Зеленский билдирди. Орусиянын бийлиги чек аралаш аймактарды коргоо максатында атайын план иштеп чыкканын жарыялады. Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский армиясы Курск облусунда 500дөн 1,5 чакырымга чейин алдыга жылганын билдирди. Ал ошондой эле жалпысынан 115 чарчы чакырым аймак украин армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн кошумчалады.

"Генерал Сырский ошондой эле Суджа шаарын орусиялык аскерлерден бошотконун билдирди. Учурда ал жакта украин аскердик комендатурасы түзүлүп жатат. Андан тышкары бир нече калктуу конуш да бошотулган. Жалпысынан алардын саны 80ден ашты", - деп украин президенти Владимир Зеленский өз куралдуу күчтөрүнө ыраазычылык билдирди.

Украин бийлиги маалымдагандай, комендатура “калктын эң керектүү талаптарын камсыздоо жана тартипти сактоо” максатында түзүлдү. Анын жетекчилигине генерал-майор, 50 жаштагы Эдуард Москалев дайындалды.

Орусиялык саясат таануучу Леонид Гозман украин бийлигинин Курск облусунда комендатура ачышынын себебин мындайча түшүндүрөт:

"Украин аскерлери бир түндө бул аймактан чыгып кетүүнү көздөбөгөндүктөн, кандайдыр бир көзөмөл орнотуу керек. Аны калктуу конуштарга кирип барган аскердик бөлүктөрдүн командирлери ишке ашыра албайт. Бул атайын адамдардын милдети. Украиналыктар үчүн эң негизиси, алардын өнөктөштөрү, бүтүндөй планета украиндердин Орусия аймагына кирип баруусу Орусиянын украин аймактарын басып алуудан канчалык айырмаланарын көрүшү керек. Орусиянын армиясы басып алган аймактарда зордук-зомбулук, талап-тоноочулук жайылып, жөн эле тозокко айланат. Ал эми Украина баарына согуштун мыйзамдарын жана эрежелерин сыйлап, калктын запкысын азайтуу үчүн болгон аракетти көрүп жатканын көрсөтүш керек. Албетте, курмандыктар баары бир болушу мүмкүн, элде капа-кайгы болот, бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү өзүлөрүн максималдуу түрдө туура алып жүрөт деген ишеничтемин", - деди Гозман "Свобода" радиосуна курган маегинде.

Курск облусунда аткыланган орус армиясынын техникасы.
Курск облусунда аткыланган орус армиясынын техникасы.

Москва азырынча кырктай гана калктуу конуш украин армиясынын көзөмөлүндө экенин билдирүүдө. Өз кезегинде Коргоо министрлиги Курскидеги украин аскерлерине жана техникасына сокку уруп, чоң жоготууларга учуратканын билдирди.

Эки тараптын тең маалыматтарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов 15-августта Башкы штаб “чек аралаш облустардагы калкты жана инфратүзүм объектилерин коргоо максатында кошумча чаралар каралган план түзгөнүн” билдирди.

"Менин буйругум менен Орусиянын Коргоо министрилигинде чек аралаш аймактарды - Белгород, Брянск жана Курск облустарын коргоо боюнча Координациялык комитет түзүлдү. Анын курамына аскердик башкармалыкка кирген мекемелердин жетекчилери, Башкы штабдын өкүлдөрү, Орусия Федерациясынын субъект башчылары кирет", - деди Андрей Белоусов.

CNN: Орусия фронттогу аскердик бөлүктөрүн Курскиге которуп жатат

Ал арада Орусия Украинанын оккупацияланган аймактарынан Курск облусуна бир миң аскерден турган бир нече аскер бөлүгүн жөнөткөнүн CNN телеканалы өз булактарына таянып кабарлады. Бул маалыматты Пентагондун өкүлү да ырастады.

"Украинадагы айрым Орусиянын аскердик бөлүктөрү Курскинин аймагына жөнөтүлгөнүн көрдүк. Азырынча бул алгачкы гана кабарлар. Ошондуктан мен азыр так сандар же кандайдыр бир максаттар тууралуу ишенимдүү түрдө айта албайм. Бирок биз кандайдыр бир жылыш болгонун байкадык", - Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингх.

"Украинадагы фронтто жүз миңдеген орусиялык аскерлер бар деп эсептелинет. Ошондуктан расмий адамдардын айтымында, бир нече миң жоокердин Курскиге которулушу кыска мөөнөттүү келечекте майданда эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбейт", - дешкен CNN телеканалынын булактары.

Жогорку даражалуу дагы бир америкалык аткаминер, чалгын маалыматтарына таянып, Орусия Курск облусуна Ленинград аскер аймагындагы жана Калининграддагы жеке курамды да которгонун билдирди.

Маалыматтарга караганда, орус бийлиги Курск облусундагы коргонууну негизинен армияга жаңы чакырылгандардын эсебинен бекемдеп жатат.

Германиялык генерал-майор Кристиан Фройдингдин айтымында, Курск облусундагы операцияга 10 миңдей украиналык аскер тартылган. Аларга каршы турган орус күчтөрү канча экени белгисиз. Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Аймактан учурда 150 миңден көп тургун эвакуацияланганы кабарланды.

Туткундарды айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөр

Украина жана Орусия Курск облусунда туткунга түшкөндөрдү айырбаштоо боюнча сүйлөшүү баштаганын өз булактарына таянып, Financial Times 14-августта маалымдаган.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец мындай демилге менен Орусия кайрылганын, орус омбудсмени Татьяна Москалькова менен сүйлөшкөнүн айтып, "кандай жыйынтыкка келерибизди азырынча билбейбиз, бирок украин тарап айырбаштоо процесстерине дайым даяр" деген.

Зеленский буга чейин "жүздөгөн орус аскерлери украин армиясына колго түшүп бергенин, алардын баарына гумандуу мамиле жасаларын" айткан эле.

Conflict Intelligence Team иликтөөчү долбоорунун негиздөөчүсү Руслан Левиев Курск облусунда көп сандагы орусиялык аскерлердин туткунга түшүп калышынын себебин мындайча түшүндүрөт:

"Чек аралаш Курск облусунда украин армиясына кесипкөй эмес аскерлер, тактап айтканда армияга жаңы чакырылгандар, келишим аркылуу тартылгандар туруштук берүүдө. Аларды согушка эч ким жакшылап даярдаган эмес. Анан эле брондолгон оор техниканы, транспортторду, куралчан жоокерлерди көргөндө эмне кыларын билбей, нес болуп калышууда. Алар кайдан жардам күтүштү деле билишпейт. Фронт тилкесинен Курск облусуна аскер бөлүктөрүн которуу жараяны жүрүп жатат. Толук ишке аша элек. Ошондуктан эч кайдан жардам деле күтпөй коюшса болот. Бир үмүт авиацияда. Бул орусиялык аскерлердин жапырт туткунга түшүп атуусунун бир себеби болушу мүмкүн. Артыңда эч ким жок болсо, өлгөндөр көрө колго түшүп берүүнү тандайсың да”, - деди Руслан Левиев "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында "антитеррордук" операция жүргүзүп жатканын айтууда. Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

14:29 16.8.2024

Украин аскерлери коңшу Орусиянын Курск облусунун Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августтун кечинде жарыялап, ал жерде командалык пункт түзүлгөнүн айтты.

Пункт эмне милдет аткарары так айтылган жок, болгону, ал жерден Суджанын муктаж тургундарына гуманитардык жардам бөлүштүрүлөрү кабарланды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы өлкөнүн Коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазгандай, 15-августка карата Курск аймагында орусиялык 102 аскер украиндердин колуна түштү.

Украинанын реинтеграция министрлигинин башчысы Ирина Верещук Курск облусундагы соңку окуялардан улам социалдык түйүндөр аркылуу 15-августта орус тилинде аймактагы тургундарга кайрылып, алар үчүн күнү-түнү иштей турган байланыш линиясы ачылганын, Украинага эвакуация болууну же гуманитардык жардам алууну каалагандар кайрылса болорун билдирди.

"Украина эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларын сактайт. Биз Курск аймагынын жайкын тургундарына зарыл колдоону жана гуманитардык жардамды камсыз кылабыз", – деп жазды Верещук.

Украина жана Орусия Курск облусунда туткунга түшкөндөрдү айырбаштоо боюнча сүйлөшүү баштаганын өз булактарына таянып, Financial Times 14-августта маалымдаган. Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец мындай демилге менен Орусия кайрылганын, орус омбудсмени Татьяна Москалькова менен сүйлөшкөнүн айтып, «Кандай жыйынтыкка келебиз, азырынча билбейбиз, бирок украин тарап айырбаштоо процесстерине дайым даяр», – деген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусиянын Курск аймагында түзүлгөн комендатура коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенерин 15-августта билдирген.

Ошондой эле ал Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта көзөмөлдө экенин кошумчалаган. Украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Курск аймагына украин аскерлери 6-августта кирип барган.

22:03 15.8.2024

Украина орус аймагында британиялык танктарды колдоно алат

Challenger 2 танкы
Challenger 2 танкы

Украина Орусиянын аймагындагы операциясында британиялык танктар менен башка куралды колдоно алат. Бирок Storm Shadow ракеталарына чектөө сакталат. Бул тууралуу 15-августта Британиянын коргоо министрлиги билдирди.

Рейтер агенттиги жазгандай, бул саясат украин аскерлерине Лондон берген танктарды, танктарга каршы ракеталарды, башка аскердик жабдууларды коргонуу операциясынын алкагында Орусиянын ичинде пайдаланууга уруксат берет.

Британиялык булактар Курскидеги чабуул маалында украин армиясы Challenger 2 танктарын колдонгон болушу мүмкүн деп маалымдады.

Британ коргоо мекемеси бул кабарды комментарийлөөдөн баш тартты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG