Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:26 15.8.2024

Орусия Курск облусунда окопторду казып, танктарга каршы коргонуучу жабдууларды орнотуп жатат. БиБиСинин орус кызматы жазгандай, жумушчуларды “Авито” сайтынан издеп жатышат. Ушу тапта ал жакта 30 чакты орун тууралуу маалымат бар. Аларга бир нөөмөт үчүн 5-7 миң рубл сунуш кылынууда. Жарнамаларда көргөзүлгөн орточо айлык акы 150-210 миң рублди түзөт.

Андан тышкары экскаватордун айдоочуларын жалдап жатышат. Ага чейин БиБиСи Орусия Курск АЭСинин жанында коргонуу тилкесин түзүп жатканын аныктаган.

Maxxar Technologies 12-августта тарткан сүрөттөргө таянып, Селекционный жана Лгов райондорунда окоптор казылганын Рейтер агенттиги жазды.

“Свобода” радиосу маалымдагандай, коргоо курулуштары Суджа шаарынан бир жарым чакырым жакын жердеги Лгов-Суджа кан жолунда жүрүп жатат.

Июндун аягында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүүнү дагы бир ирет сунуштаган.

Мигранттар «окоп казганга» да керек экенин айткан жетекчи «алар бүгүнкү күндө биздин тылдагы бөлүктөрдү толуктап жатышат» деп кошумчалаган.

"Согушка баргым келбейт". Кыргыз паспортуна кызыккандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:52 0:00

14:43 15.8.2024

Орусия Украина менен чек арасында дагы бир райондун элин эвакуациялоодо

Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун Глушково районундагы жайкын тургундарды милдеттүү түрдө эвакуация кыла баштады. Облустун губернатору Алексей Смирнов 15-августка караган түнү Telegram каналы аркылуу элге кайрылып, «учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана тартип коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын бардык талаптарын аткарууга» чакырды.

14-августта Украина бийлиги Орусиянын Курск облусундагы гуманитардык абал боюнча тынчсыздануусун билдирип, башка аймактарга чыгып кетүүгө мажбур болуп жаткандарга, Украинага эвакуация болууну каалагандарга жардам берилип жатканын билдирген.

Украинанын реинтеграция министрлиги "Украина эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларын сактайт. Биз Курск облусунун тургундарына зарыл болгон жардамыбызды берип, гуманитардык колдообузду көрсөтөбүз ", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Глушково району Курск облусунун украин аскерлери 6-августтан бери ээлеп турган жана кармаш уланып жаткан Суджа районуна коңшу аймак. Согушка чейинки калкынын саны 20 миңдей адам болчу.

Украина Орусиянын 74 калктуу пунктун, жалпысынан 1000 чарчы чакырым жерин көзөмөлдөп турганын 13-августтун кечинде жарыялаган.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

19:23 14.8.2024

Орусия Украина менен чектеш дагы бир облусунда - Белгороддо өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жактагы абалды «өтө оор» деп баалады. Расмий Киев украин армиясынын Курск облусуна кирип барганын орус аскерлеринин чабуулдарын токтотуу аракети деп түшүңдүрдү.

Украин аскерлери Орусиянын аймагында жүргөн видеолор интернетте байма-бай тарап жатат.

Чөнтөк телефонго аскердик машинада кетип баратып көчөдөн тартылган ошондой видеолордун биринде украин аскери “Суджанын борбордук аянты...”, - деп тегерегин көрсөтүп, айтып берүүдө. Суджа Курск облусунда жайгашкан район.

Украин аскерлеринин Орусиянын Курск аймагына кирүүсү, бир нече калктуу пунктун ээлеп алуусу 6-августта башталган.

9-августта жергиликтүү бийлик абал курчуганын билдирип, облуста федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жергиликтүү бийлик кеминде 121 миң киши эвакуация болгонун, 12 жайкын тургун каза тапканын, 121 киши жараат алганын билдирген.

Эми Курсктун жанындагы Белгород аймагында да өзгөчө кырдаал жарыяланганын шаршемби күнү облус башчысы Вячеслав Гладков айтты.

“Биздин Белгород облусунда кырдаал чыңалган жана өтө оор бойдон калууда. Украин аскерлери күн сайын аткылап жатат”, - деди ал.

Эки тараптын соңку абал боюнча ыкчам маалыматы түрдүү. Орусия Курск аймагынын Суджа шаары өзүнүн көзөмөлүндө экенин айтса, Украина ондогон айыл-кыштакты ээлеп турганын билдирүүдө.

13-августтун кечинде президент Владимир Зеленскийге фронттогу абал боюнча маалымат берип жатып Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский:

«Бүгүнкү күндө биздин аскерлер 1 чакырымдан 3 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылышты. 40 чарчы чакырым жер ээленди. 74 калктуу пункт бизин көзөмөлдө турат», - деди.

Байкоочулар Украинанын мындай күтүлбөгөн операциясынын максаты Москваны Киевдин талаптарына ылайык шарттагы сүйлөшүүлөргө көндүрүү аракети болушу ыктымал деп боолголошкон.

Орусия Киевди соңку окуялардан улам «адекватуу эмес» деп айыптап, аны менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирди.

«Курск багытындагы террордук аракеттери менен Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн жок эле дегенде узак убакытка тыныгууга койду. Менимче, алар муну атайылап кылышты», - деди 14-августта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник.

Киев Курск операциясынын максаты эмнеде экенин расмий түрдө алгачкы жолу 13-августта ачык билдирди.

«Курск аймагындагы операция фронтко жардам берүүдө. Анткени Орусияга Донецк облусуна кошумча бөлүктөрүн алып өтүүсүнө жол бербей, анын аскердик логистикасын кыйындатууда. Орусиядан айырмаланып Украина башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын баса белгилеп кетким келет. Украина Курск облусунун аймагын ээлеп алууга кызыкдар эмес. Биз өз элибиздин өмүрүн коргоп калгыбыз гана келет. Путин бул согушун уланткан сайын Украинанын жообу да улана берет. Украинанын бул аракети толук мыйзамдуу. Өзүбүздү өзүбүз коргоо укугубуз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставы менен бекитилген», - деди Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Георгий Тихий.

Украина армиясы Орусиянын аймагына киргенин ачык жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:17 0:00

Орусиянын агрессиясына каршы 2,5 жылдан бери күрөшүп келе жаткан Украинага курал-жарак жагынан Европадагы өнөктөштөрү жана АКШ жардам берүүдө.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден украиндердин Орусиянын аймагындагы операциясы боюнча алгачкы жолу комментарий берди:

“Бул Путин үчүн чыныгы дилемма жаратууда. Биз украиндер менен түз байланыштабыз”.

Ал тапта Курск аймагындагы кырдаал курчуп турган чакта Орусия Украинанын аймагына жөнөткөн аскерлеринин айрымдарын ал жактан чыгарып кетип жатканын 13-августта The Wall Street Journal басылмасы жазды жана муну Москванын куралдуу күчтөрүн бөлүштүрүүдөгү жаңы кадамы катары мүнөздөдү.

Ал эми Литва жанындагы Калининград облусунда жайгашкан орус аскерлери да башка жактарга которулуп жатканын кабарлап, муну Калининграддын "демилитаризациясы" деп атады.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салып, коңшусун “демилитаризация” жана “денацификация” кыла турганын, согуш эмес, атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.

Украина жана Батыш Москванын бул кадамын толук масштабдуу кол салуу деп атап, айыптап келет.

Орусия президенти Владимир Путин 7-августта өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып Украина менен чек арадагы Курск облусундагы соңку окуяларды “масштабдуу чагым” деп атаган.

Украин президенти Владимир Зеленский ошол эле күнү Орусияга басым жасоону уланта берүү керектигин белгилеп, өз аскерлерине «коргоодогу кайраты жана туруктуулугу үчүн» деп рахмат айткан.

Ал эми 12-августтагы видео кайрылуусунда ал Москваны “тынчтык орнотууга аргасыз кылуу керек” деп билдирип, "Орусия башкаларга согуш ачты – эми ошол согушу өзүнө кайтууда. Украина дайым тынчтыкты гана самап келген жана биз тынчтыкты сөзсүз орнотобуз", - деп белгилеген.

Орусия Украинанын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө.

15:07 12.8.2024

Украинага таандык, бирок ушул тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясында (АЭС) ири өрт чыкты. АЭС өрттөнүп, коюу түтүн каптаган видеону 11-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.

Бул окуя үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап, эки тарап теӊ радиациялык абал туруктуу экенин кабарлашты.

Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС) 1981-жылы курулган жана ал Европадагы эң чоң АЭСтердин бири болуп саналат. Кубаттуулугу 6000 МВт. Азыр электр энергиясын өндүрбөйт.

АЭС орус армиясы Украинага 2022-жылы февралда кол салгандан көп өтпөй, март айында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG