Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:49 9.8.2024

Константиновакага орусиялык күчтөр урган соккудан кеминде 14 адам каза тапты, 40тан ашуун киши жарадар

"Донецк облусу, Константиновка. Орусиялык террористтер супермаркетке жана почтага сокку урду. Адамдар уранды астында калды. Куткаруу операциясы жүрүп жатат. Адамдарды куткаруу үчүн баарын кылабыз. Учурда төрт адам каза тапканы белгилүү болду. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам. Орусия бул террор үчүн жооп берет", - деп жазды Телеграм-каналына Украинанын президенти Владимир Зеленский. Ал билдирүүсү менен кошо окуя болгон жердин сүрөтүн да жарыялады. Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкиндин билдирүүсүндө сокку X-38 авиациялык ракетасы менен урулган.

17:44 9.8.2024

Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан бери дегенде тогуз киши каза тапты, 24 киши жараат алды.

Облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, калааны артиллериядан аткылашкан. Адегенде төрт киши өлгөнү кабарланып, кийин курмандыктар тогузга жетти.

"Орусия бул террор үчүн жооп берет, дүйнөнүн Украина тарапта калышы, коргонуубузду колдоосу, өмүрлөрдү сактап калууга жардамын улантуусу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз", - деп жазды жетекчи Телеграм-каналына.

Украиналык Телеграм-каналдар "Экомаркет" деген чоң дүкөнгө дүрмөт тийгенин маалымдашууда. Видеолордо супермаркетти өрт чалганын, талкаланган имараттар менен машиналарды көрүүгө болот.

Украин президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак: "Константиновкадагы супермаркетке урулган сокку – орусиялыктардын кезектеги террору. Алар тынч жаткан эл менен гана согушууну билишет", - деп жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги ал чабуулду азырынча комментарийлеген жок.

Далилдерге карабай, Москва согуштун башынан бери эле жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

17:22 9.8.2024

Константиновкадагы супермаркетке урулган соккудан тогуз адам каза тапты.

Бул тууралуу Украинанын Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкин Телеграм-каналында жазды.

16:56 9.8.2024

Орусиянын Липецк шаарынын жанында пилотсуз учактардын чабуулунан аскердик аэродромдо өрт тутанганын Чукул кырдаалдар министрлигинин регионалдык башкармалыгы кабарлады.

Astra телеграм-каналынын маалыматына ылайык, аэродромдо ок-дары сакталган кампаны өрт чалды.

Облус губернатору Игорь Артамонов таңкы билдирүүсүндө сокку тууралуу сөз кылган жок. Анын айтымында, Липецк дрондордун жапырт чабуулуна кабылды, “жарандык имараттардан алыс орун алган” жардыруучу заттар жайында детонация болду. Анын кесепетин жоюу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилди, коомдук транспорт иштебей, иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Маалыматка караганда, аэродромдун жанындагы 4 айылдын тургундары эвакуацияланып жатат.

Губернатор Липецкиде энергетикалык инфраструктуранын объектиси жабыркаганын, 5 кичи район бир нече саатка электр жарыгысыз калганын кошумчалады. Чабуулдан кеминде 9 киши жарадар болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги жумага караган түнү Липецк облусунда 10 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Андан тышкары Белгород, Курск, Брянск, Воронеж жана Орел аймактарында 26, аннексияланган Крымда 5 дрон жок кылынганы маалымдалды.

Согуш шартында мындай билдирүүлөрдү текшерүү мүмкүн эмес.

Киев бийлиги Липецкидеги чабуул тууралуу билдирүү жасаган жок.

Анын алдында, 6-августта Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна чабуул жасалган. Ошондон бери салгылашуу уланууда.

Айрым Телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык бир миңдей аскери, 20дан ашуун танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлаган. Президент Владимир Путин Киевди “масштабдуу чагымчылдык” үчүн айыптады.

Бирок окуянын чоо-жайы бүдөмүк калууда. Украин бийлиги операция тууралуу маалыматты расмий бышыктаган жок. Бирок президент Владимир Зеленский 8-августтагы кечки кайрылуусунда Орусия кол салуусунун кесепетин “сезиши” керек деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG