Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17
Орусиялык аскер аэродрому.
Орусиялык аскер аэродрому.

Түз ободо Орусиялык аэродромго сокку урулду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:05 8.8.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусунун Сужа жана Коренево райондоруна жасалган чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

8-августта тараткан билдирүүсүндө министрлик "Түндүк" аскердик отряды жана чек ара аскерлери украин күчтөрүнүн алдыга жылуу аракеттерине тоскоолдук жаратканын маалымдады.

Ага чейин министрлик Курск облусунда беш ракета жана алты дронду, Белгород облусунда 14 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн кабарлаган. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин күчтөрүнүн аткылоосунан бир киши мүрт кетип, дагы бири жараат алганын жазды.

7-августта Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов аймакка өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Орусиянын мурдагы президенти, учурда Коопсуздук кеңешинин төрагасы орун басары Дмитрий Медведев орус армиясын Украинанын аймактарына терең кирип барууга чакырды.

Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна 6-августтун таңында чабуул жасалган. Ошондон бери салгылашуу уланууда. Айрым Телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышты. Орусиянын коргоо министри украин күчтөрү 300дөй аскер, ондон көп танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлады. Президент Владимир Путин Киевди “масштабдуу чагымчылдык” үчүн айыптады. Ал эми украин бийлиги Курскиде болуп жаткан окуялар тууралуу үн ката элек.

22:49 7.8.2024

Орусиянын Курск облусунда эки күн катары менен айыгышкан салгылашуулар уланууда. Президент Владимир Путин Киевди "масштабдуу чагым" уюштуруп жатат деп сындады. Кремлчил блогерлер украин армиясы бир нече айылды басып алганын жазып жатышат. Украин бийлиги бул тууралуу үн ката элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин Киевди чек аралаш аймактагы Курск облусунда жарандык жайларды жана инфратүзүмдөрдү "абадан аткылады" деп айыптады.

7-августтагы өкмөттүн жыйынында Путин операцияны “масштабдуу чагым” деп атады.

“Киев режими кезектиги масштабдуу чагымын баштап, жарандык имараттарды, турак жайларды, "Тез жардам" машинелерин ар кандай курал менен башаламан аткылай баштады”, - деди орус президенти.

Орусиянын президентинин билдирүүсүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Ошол эле күнү Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу билдиргендей, Сужа шаарынын аймагында украин дронунун соккусунан эки киши мүрт кетти. Алексей Смирнов украиналык дрон жүрүп бараткан "Тез жардам" машинесине тийип, ичиндеги айдоочу жана фельдшер жан бергенин Телеграм-каналы аркылуу билдирди. Дагы бир дарыгер жараат алганы маалым болду. Смирновдун сөздөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Курск облусуна жасалган чабуулдан жабыркаган турак жай. 6-август, 2024-жыл.
Курск облусуна жасалган чабуулдан жабыркаган турак жай. 6-август, 2024-жыл.

Смирнов ошондой эле тургундарды кан тапшырууга чакырды.

"Вёрстка" басылмасы Сужада мобилдик байланыш, электр жарыгы жана суу өчүрүлгөнүн жазды.

Аймакта аскердик кагылышуулар башталганы тууралуу маалыматтар 6-августка караган түнү тарай баштаган. Сужа шаары Украинадан өтө алыс эмес жайгашкан. Украинанын Сумы облусунун чек арасынан 10 чакырымдай аралыкта орун алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 300дөй аскер, 11 танк жана 20дай чопкутталган машине Курск облусунун чек арасынан өтүп, Николаево-Дарьино жана Олешня калктуу конуштарындагы орус армиясынын турумдарына чабуул койгонун билдирген.

Москва орус армиясы чабуулдардын мизин артиллерия, аскердик учактар жана дрондор менен кайтарылганын, украин аскерлери чоң жоготууларга учурап, артка чегингенин кошумчалады.

Курск облусунда жасалган чабуулдун кесепети. 6-август, 2024-жыл.
Курск облусунда жасалган чабуулдун кесепети. 6-август, 2024-жыл.

Украин армиясы бир нече айылды басып алдыбы?

Анткен менен кремлчил блогерлер 7-августта украин армиясы Суженск районундагы Николаево-Дарьино жана Свердликово айылдарын өз карамагына алышканын жазышты.

Алардын сөзүнө караганда, украин аскерлери ошондой эле Гончаровка жана Олешня айылдарын басып алуу аракетин көрүүдө.

Украин тарап Орусиянын Курск облусунда болуп жаткан окуяларга расмий комментарий бере элек.

Ал эми украиналык Телеграм-каналдар жарыялаган кадрларда туткунга түшкөн орус аскерлерин көрүүгө болот. "Важные истории" басылмасынын журналисттери кеминде алты орус аскери колгон түшкөнүн ырасташууда.

Андан тышкары Орусиянын Коргоо министрлиги 7-августтун таңында украин тараптан учурулган 11 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

“Күзөттө турган абадан коргонуу системалары Белгород облусунда үч, Курск облусунда төрт, Воронеж облусунда эки, Ростов облусунда эки учкучсуз аппатта жок кылды”,- деп жазды министрлик Телеграмга.

2023-жылы "Орус ыктыярчылар тобу" жана "Орусияга эркиндик" (Орусияда террордук деп таанылган уюмдар) легиону Брянск, Курск жана Белгород облустарына кирип барган.

Бул жолку чабуул такыр башкача экенин кабарланууда. Курскиге жасалган кол салууга көп адам катышып, координация ыкчамдыгы жана тактыгы менен айырмаланарын белгилеп жатышат.

Ал арада Украина орус армиясынын 30дан ашуун дронун жети облуста атып түшүргөнүн билдирди. Киевде абадан кулатылган учкучсуз аппараттын калдыгы карапайым тургунга тийип, жараат алды.

Жалысынан Киев облусун аткылоо сегиз саатка созулганын, атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктарынан ондогон турак жайлар талкаланганын аскердик администрациянын жетекчиси Руслан Кравченко билдирди.

17:09 7.8.2024

Орусиялык блогерлер украин аскерлери 6-августта Украина менен чектеш тилкедеги Курск облусунун Суджа районуна кирип барганын жазып жаткан кезде бул аймактын бийлиги жергиликтүү тургундарды кан тапшырууга чакырды.

Блогерлер украиналыктар чек арадагы бир нече кыштакты (Николаево-Дарьино, Дарьино жана Свердликовону) ээлеп, Орусиянын аймагын көздөй кире баштаганын жазышкан. "Два майора" Телеграм-каналы шейшембинин кечинде жарыялаган маалыматына караганда, украин армиясы жалпысынан 11 калктуу пунктту ээлеп, болжол менен 15 чакырым алдыга жылды.

Курск облусунун башкы хирургу Андрей Локтионов 28 жергиликтүү тургун жабыркаганын билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги жазды. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова жабыркагандардын алтоо балдар экенин айтты.

Губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов шейшембиде кеминде эки жайкын тургун каза тапканын, кырдаал тууралуу өлкө башчысына маалымат берилгенин, аткыланып жаткан жерлерден 200 киши эвакуация болгонун билдирди:

"Түндө Орусиянын президенти Владимир Владимирович Путинге учурдагы кырдаал боюнча маалымат бердим. Ал кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат. Президент облуска бардык багыттар боюнча колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи", - деди ал 7-августта облус тургундарына кайрылуусунда.

Кээ бир кыштактарда орусиялык аскерлер толук курчоодо калганы, айрымдары туткунга түшүп жатканы да кабарланууда.

Бүгүн, 7-августта Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөрү айтылууда. Коргоо министрлиги украиналыктар сүрүп чыгарылганын жазган, бирок кийинчерээк ал маалыматты алып койгон.

Украина Орусиянын чек арасынан өткөнү тууралуу маалыматтарга азырынча комментарий бере элек.

11:29 5.8.2024

Украина F-16 согуш учактарын көрсөттү

Украина биринчи жолу аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 истребителдерин көрсөттү. Буга чейин батыштык басылмалар аталган согуштук учактарды жеткирүү башталганын жазышкан, бирок Киев муну тастыктай элек болчу.

Орусия басып киргенден бери украин бийликтери Батыштан заманбап F-16 согуштук учактарын берүүнү суранып келе жатат. 2023-жылы бир нече өлкө АКШнын макулдугу менен мындай учактарды Киевге өткөрүп берүүгө макул болушкан.

F-16 согуштук учактары 4-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн күнүн майрамдоо учурунда көрсөтүлдү. Президент Владимир Зеленский батыш учактарынын кызматта пайда болушун улуттук аскердик авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы этабы деп атады.

Ал Киевдин өнөктөштөрүнө, тагыраак айтканда, Нидерландия менен АКШга Украинага F-16ларды берүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский учурда Украинада канча F-16 учагы бар экенин тактаган жок, бирок аба күчтөрү "аларды биздин өлкө үчүн колдоно баштаганын" айтты.

"Биздин биринчи F-16 учактары кандай тапшырмаларды аткара турганын же буга чейин аткарганын азырынча толук айта албайм.... Азырынча Украинада бир катар учкучтар даярдалган, бирок бул жетишсиз", - деп кошумчалады Зеленский.

Иш-чара коопсуздук максатында белгисиз жерде өткөрүлдү.

Украинага толук масштабдуу кол салуу башталгандан бери Киев Батыш өлкөлөрүнөн советтик МиГ-29 истребителдерин жана Су-25 чабуулчу учактарын алган, бирок бийлик башында Батыш үлгүсүндөгү учактарды берүүнү суранган.

Киевге 79 америкалык истребител берилери убада кылыннган. Ар кандай булактардын айтымында, учурда Украина алардын 10ун алган болушу мүмкүн. Батыш өлкөлөрү украиналык учкучтарды жана техниктерди даярдап, АКШ мындай согушкерлер үчүн заманбап ракеталарды, бомбаларды жана башка курал-жарактарды берүүнү пландаштырууда.

Өлкө бийликтери тараткан украиналык F-16 учактарынын сүрөттөрүндө учак кыска аралыкка учуучу AIM-9 Sidewinder аба-аба ракеталары, орто аралыкка учуучу AIM-120 AMRAAM ракеталары менен куралданган жана сырткы күйүүчү май бактары менен жабдылган.

Бул аларга орусиялык бомбалоочу учактарды жана канаттуу ракеталарды жок кылууга мүмкүндүк берет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG