Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27
Одесса.
Одесса.

Түз ободо Одессада баллистикалык чабуулдан төрт киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:30 3.8.2024

Орусиянын армиясы 3-августта Украинага төрт ракета жана 29 Shahed дрондору менен чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Аскер аба күчтөрү кабарлады.

Украинанын Киев баштаган онго жакын облусуна чабуул жасалган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында курмандыктар жок. Дрондор абадан атып жок кылынган. Ракета соккуларынан бир катар облустардагы турак жай, имараттар талкаланды.

Орусиялык аскерлер 2022-жылдан бери Украинага согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келет.

Кремль Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун моюнга албай, четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

19:29 3.8.2024

Орусиянын армиясы 3-августта Украинага төрт ракета жана 29 Shahed дрону менен чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Аскер аба күчтөрү кабарлады.

Украинанын Киев баштаган онго жакын облусуна чабуул жасалган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында курмандыктар жок. Дрондор абадан атып жок кылынган. Ракета соккуларынан бир катар облустардагы турак жай, имараттар талкаланды.

Орусиялык аскерлер 2022-жылдан бери Украинага согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюуда.

Кремль Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун моюнга албай, четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

19:27 3.8.2024

Ростов жана Белгород облустарында 3-августка караган түнү дрон чабуулдарынан мунай базасы өртөнүп, Орлов облусунда эки дрон турак жайга түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлап, соккуларга Украинаны айыпташты.

Орлов облусунун башчысы Андрей Клычков турак жайга тийген дрондон сырткары, үч учкучсуз аппарат жок кылынганын жана жараат алгандар жок экенин билдирди.

Ростовдун губернатору Василий Голубев түндө 55 дрон чабуулу болгонун, андан эки райондогу кампалар талкаланганын билдирди. Жараат алгандар жок. Жергиликтүү тургундар чабуул жасалган Морозов районунда аскер аэродрому болгонун жазышууда. Каменск районундагы мунай резервуарынан өрт чыкты.

Дрон чабуулу Белгород облусундагы мунай базага тийип, бир резервуар күйүп кеткен. Жаракат алгандар жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жалпы 36 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусия Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын айрым аймактары дрон чабуулуна кабылып жатат. Андан имараттар талкаланып, адам курмандыктары болгон учурлар бар. Көпчүлүк учурда Украина дрон чабуулдары жөнүндө комментарий бербейт.

17:57 1.8.2024

Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскердик мекемелери өлкө соңку суткада да Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын, бир нече киши каза тапканын 1-августта билдиришти.

Днепропетров облусундагы Никопол шаарында эки аялдын – 72 жаштагы апасынын жана 40 жаштагы кызынын өмүрү кыйылганын облустук аскердик администрация башчысы Сергей Лысак билдирди. Ал шаар орус аскерлеринин аткылоосуна кабылганын, ондогон снаряд түшкөнүн Телеграмга жазды жана дагы бир жергиликтүү тургун жараат алганын, үйлөр, автомашиналар, мектеп имараты талкаланганын маалымдады.

Харьков облусунда 1-августка караган түнү темир жол станцияларынын бирине ракеталык сокку урулганын, бир кызматкер жараат алганын, айрым поезддердин иш жадыбалы убактылуу өзгөртүлгөнүн «Укрзализныци» ишканасы билдирди. Облустун аскердик администрация башчысы Олег Синегубов Изюм шаары «Искандер-М» ракетасы менен аткыланганын, бир киши каза тапканын, дагы бири жараат алганын жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү 1-августка караган түнү Киев, Полтава, Херсон жана Днепропетров облустарынын аймагында Shahed дрондорунан жетөөнү атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский Украина боюнча экинчи тынчтык саммитине орус тарапты да чакыруу зарыл экенин айтып жатышканын франциялык Le Monde басылмасына курган маегинде билдирди:

«Дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү ушуну каалайт. Бүгүн дүйнөнүн көпчүлүгү Орусиянын өкүлдөрү экинчи [Тынчтык] саммитинде болушу керек, болбосо биз маанилүү жыйынтыктарга жете албайбыз, анткени Орусия Украинага каршы согушуп жатат жана бул согуштун бир тарабы болуп эсептелет деп айтып жатат».

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG