Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28
Одесса.
Одесса.

Түз ободо Одессада баллистикалык чабуулдан төрт киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:25 6.7.2024

6-июлга караган түнү Украинанын 12 облусуна ракеталык чабуул жасалды. Жалпы сокку урган 27 ракетанын 24ү атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрү билдирди.

"Шахед" сыяктуу дрондор Винницки, Днепропетровск, Донецк, Запорожье, Киев, Кировоград, Николаев, Полтава, Сумы, Харьков, Херсон жана Чернигов облустарынын үстүнөн атып түшүрүлдү. Орусиялык күчтөр коңшу өлкөнү түндө 27 ракета менен аткылаган.

Соккудан улам Сумыда бир катар райондор электр жарыгысыз калып, жети сааттай суу чыкпай калган. Калыбына келтирүү иштери уланууда.

Днепропетровск облусунда инфраструктура, турак жай, дүкөн жана автоунаа жабыркаган.

Калган облустардан аткылоонун кесепети тууралуу маалымат берилген жок.

Орусия тарап чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Ал арада Орусиянын Краснодар крайында дрон чабуулунан эки мунай базасы өрттөндү, мобилдик байланыш мунарасы жабыркады. Бул тууралуу аймактын ыкчам штабы маалымдап, чабуул үчүн Украинаны айыптады.

Маалыматка караганда, эки райондун үстүнөн дрондор атып түшүрүлгөн. Биринин сыныгы мобилдик байланыш мунарасын жабыркаткан. Павлов районунда жана Ленинград станциясында эки мунай базасындагы күйүүчү май резервуары өрттөнүп кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлиги 6-июлга караган түндө Курск облусунун үстүнөн жети, Белгороддо бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

21:52 4.7.2024

Украин аскерлери Донецк облусундагы Часов Яр шаарынын «Канал» деп аталган кичи районунан чыгып кетишкенин 4-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

«Хортица» ыкчам-стратегиялык аскер тобунун өкүлү Назар Волошин ал жакта туруу зарылчылыгы калбаганын, себеби украин аскерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратуучу кырдаал түзүлгөнүн, алардын турумдары талкаланганын айтты.

«Командачылык жакшыраак корголгон, даярдалган турумдарга чегинүү чечимин кабыл алды. Бирок душман ал жакта да активдүү чабуулдарын улантууда. Алардын ошол тилкеде бир нече айдан бери аткара албай жаткан максаттары бар чыгар», – деди ал.

3-июлга караган түнү DeepState долбоору Орусия Часов Ярдагы «Канал» кичи районун басып алууга жетишкенин жазган. “Новый” деп да аталган бул район менен шаардын негизги бөлүгүнүн ортосунда “Северский Донец — Донбасс" каналы бар. Азыркы кезде украин аскерлери ошол жерден коргонууда.

Бул кичи район үчүн салгылаш быйыл апрель айында, Орусия Бахмуттун батышы аркылуу алдыга жылганда башталган.

Улуу Британиянын чалгын мекемеси Часов Яр дөбө жерде жайгашкандыктан Орусия үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин, ал эми Украина үчүн Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык түйүнү болгондуктан мааниси чоң экенин жакында жазган.

Орусия Украинага кол салганга чейин Часов Ярдын калкы 10 миң адам болчу. Азыр аны орус армиясы тыптыйпыл кылганы кабарланууда. Орус аскерлери он чакырым аралыкта жайгашкан Бахмут калаасын ээлеп алгандан кийин бул шаар фронт тилкесине айланган.

21:49 4.7.2024

Украинанын аскердик жетекчилиги 4-июлдун таңында борбор калаа Киевге багытталган орусиялык согуштук дрондордун жаңы «толкунун» токтотуп калууга үлгүргөнүн билдирип жатышат. Адамдар жабыркаган же кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Telegram каналына жазгандай, дрондор “ар кайсы тараптан” учурулганы аныкталды, “алардын бири да Киевдин өзүнө жеткен жок”. Таңкы саат 4тө шаар тургундарына абадан эскертүү берилди, бирок, анын айтымында, калаанын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаралган жок.

Украин аскерлери бейшембиге караган түнү өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында жалпысынан Орусия учурган 22 дрондун 21ин атып түшүрүшкөнү маалымдалды.

Ал тапта Киевден дээрлик 500 чакырым аралыкта, өлкөнүн борбордук аймагында жайгашкан, согушка чейнки калкынын саны 1 миллионго чукул болгон ири шаар Днепрде бүгүн 4-июлда Аза күтүү күнү. Соңку беш күндө бул шаар үч күн бою ракеталык чабуулга кабылды. 3-июлдагы соккудан каза болгондор алты киши экенин, дагы 30 киши жараат алганын калаанын аскердик администрациясы билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагындагы чабуулдан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырды. Ал «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин айтып келет.

16:43 4.7.2024

Украинага таандык, бирок азыркы тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясына (ЗАЭС) дрон чабуулу токтотулушу керектигин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси эскертти.

Бул тууралуу ал станцияны басып алып, учурда башкарып турган орус тараптын бул маанилүү объектиге сокку урулганы жана сегиз кызматкери жараат алганы тууралуу 3-июлдагы билдирүүсүнөн кийин айтты.

"ЗАЭСке бир нече учкучсуз учак менен сокку урулганы, натыйжада Энергодар электр подстанциясында иштеген жумушчулар жараат алганы жана станциянын бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы токойдо өрт чыкканы тууралуу МАГАТЭге маалымат берилди", - деп айтылды агенттиктин Х (мурдагы Twitter) социадык түйүнүнө жарыяланган билдирүүдө. Анда соккуну ким урганы тууралуу маалымат келтирилген жок.

Орусиянын атомдук мекемесинин башчысы Алексей Лихачев чабуул үчүн Украинаны айыптап, МАГАТЭнин өзөктүк коопсуздук тууралуу эрежелерин «каратып туруп бузуу» болду деп атады.

Украина эч кандай комментарий берген жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG