Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15
Одесса.
Одесса.

Түз ободо Одессада баллистикалык чабуулдан төрт киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:57 24.6.2024

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсини чакырып, ага Севастополдогу окуяга байланыштуу «демарш жасалганын» 24-июнда билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматта Украина бийлиги «Севастополдо жайкын тургундарга ракеталык сокку урган», «Вашингтон колдоп, курал-жарак менен жабдып жаткан Киев режими» деп аталды.

Дипломатиялык тажрыйбада демарш деп адатта кайсы бир маселе боюнча позицияны жеткирүү үчүн жасалган билдирүү аталат. Анын мазмуну максатка жана түзүлгөн жагдайга байланыштуу болот.

Орусиянын тышкы саясий мекемесинин маалыматында «АКШ Орусияга каршы гибрид согуш жүргүзүп жатканы», Украинанын Куралдуу күчтөрүнө эң заманбап курал-жарак берүү менен согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп калганы белгиленди.

Севастополдогу окуя үчүн «жооп чаралары сөзсүз болот» деп билдирди Орусия ТИМи.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь шаарындагы 23-июндагы ракеталык чабуулдан жабыркагандар 151 кишиге жеткенин, алардын 82си ооруканага жаткырылганын калаанын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул үчүн Украинаны айыптап, «кассеталык бөлүкчөлөр менен жабдылган америкалык ATACMS ракеталары колдонулганын» маалымдады.

Тергөө комитети «теракт» деген негизде иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган. 2022-жылы Орусия баштаган согушка чейин ал жер турист эң көп каттаган аймактардын бири болчу. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары былтыр, айрыкча быйыл эс алуу сезону дээрлик токтоп турганын, анткени Крымда Орусия аскердик бөлүк, казарма, кампа сыяктуу жүздөгөн объектисин жайгаштыргандыктан коопсуздукка коркунуч сактала берерин жазып, көрсөтүп жатышат.

Орусия Украинага толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Украинанын ар кайсы аймактарында күн сайын адамдар өлүп, үйлөр, мекемелер кыйроодо. Миллиондогон украин жарандары качкын болуп жүрөт.

Украина Орусиянын агрессиясынан анын курал-жарагын өз аймагынан жок кылуу аркылуу гана арылса болорун айтууда.

18:17 23.6.2024

Киев облусу ракеталык чабуулга кабылды

Киев облусу бүгүн 23-июнда Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. Сокку үч ракета менен урулганы, алардын экөө атып түшүрүлгөнү, эки киши жараат алганы маалымдалды.

Өлкөнүн экинчи ири шаары, Орусия менен чек арадан 30 чакырым аралыкта жайгашкан Харьковдо ишемби күнкү чабуулдан кеминде эки жай тургундун өмүрү кыйылганы, дагы 53 киши жараат алганы, алардын үчөө балдар экени кабарланды. Бул күнү, облустук прокуратуранын башчысы Александр Фильчаковдун айтымында, Орусия башкарылуучу УПМБ Д-30 авиабомбаларынан төртөөнү Белгород облусунун аймагынан учурду. Натыйжада шаардагы кабат үйлөрдүн биринде жарылуу болду. Украин бийлиги бул чабуулду теракт деп атады.

Ал эми Орусия Украинанын ондогон согуштук дрону Брянск облусунун аймагына учурулганын, алардын 30у токтотулганын билдирди. Смоленск облусуна да дрон чабуулу жасалганы маалымдалды. Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.

Украин президенти Владимир Зеленский 22-июндун кечиндеги теле кайрылуусунда өлкөнүн энергетика системасын коргоо чараларын дагы күчөтүүгө чакырып, Орусия июнь айынын башынан бери украин аймагына башкарылуучу бомбалардан 2,5 миңдейин таштаганын, алардын 700ү Харьковго туура келгенин билдирди.

Зеленский Батыштагы өнөктөштөргө Украинанын абадан коргонуу системасын бекемдөөгө көмөктөшүү өтүнүчүн кайталап, Орусиянын согуштук учактарын «кайсыл жактан учурулуп жатса, ошол жерден жок кылууга» мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

23:31 22.6.2024

Харьковдо жабыр тарткандардын саны 41ден ашты

Жабыр тарткандардын арасында эки бала бар экенин Харьков облусунун прокуратурасы билдирди. Алты жабырлануучу оор абалда жатат. Үч адам каза тапты, эки эркек жана коомдук транспорттон түшүп келе жаткан 41 жаштагы аял окко учту.

23:01 22.6.2024

"Медиктер төрт бейтаптын өмүрү үчүн күрөшүүдө - эки аял жана эки эркек оор абалда жатат", - деп билдирди облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов. Үч адам каза тапты.

Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылууда. Учурда авиабомба түшкөн жерлерде урандыны тазалоо иштери жүрүп жатат.

22-июнда күндүз орусиялык бомба түшкөндөн кийин Харьковдогу көп кабатуу үйдүн сырткы дубалы урап, үч кабаттагы батирлерге зыян келтирилгенин "Суспильне" билдирди. Басылманын кабарлашынча, бомба түшкөн үйдүн жанына токтогондо автобустун аял жүргүнчүсү да жабыркаган.

Шаар мэри Игорь Терехов "Суспильне" басылмасына жабыр тарткандардын саны 21ге жеткенин билдирген. Анын айтымында, башкарылуучу авиабомбанын бирөө Харьковдогу үйгө, үчөө өндүрүш ишканасына тийген.

Көп өтпөй жабыр тарткандардын саны 25ке жеткени кабарланган. Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов 16 киши ооруканага жаткырылганын, анын экөө бала экенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG