Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22
Одесса.
Одесса.

Түз ободо Одессада баллистикалык чабуулдан төрт киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

22:35 22.6.2024

АКШ украин куралдуу күчтөрүнө америкалык курал менен Орусиянын территориясынын чек арадан ары 100-чакырымына чейин гана колдонууга уруксат берди. Бул демек, бомба таштоочу учактар конгон орусиялык негизги аэродромдор атууга болбой турган аймактарда калат дегенди билдирет.

Washington Post бул маалыматты украиналык эки чиновникке таянып билдирди.

АКШнын расмий өкүлдөрү басылма менен сүйлөшүүдө чектөө тууралуу маалыматты тактоодон баш тартты, бирок украин тарап айткан "100-километрге чейин гана атууга уруксат деген маалымат" туура эмес экенин айтышты.

"Пентагондун өкүлү АКШ Украинага Орусия тарапка америкалык курмал менен атууга уруксат бергенин, бирок ал украин аймактарын ээлеп алуу үчүн орусиялык күчтөр токтогон жерлер болушу керектигин билдирди", - деп жазды Washington Post.

Өз кезегинде Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан PBS менен маегинде "кеп география тууралуу эмес, акыл менен иш кылууда" экенин белгилеп, Украинага өзүн карай чек аранын ары жагынан атып жаткандарга жооп кайтарууга уруксат берилгенин айткан. Мунун өзүндө украин аскерлери аларда "Ак үй жана Пентагон айткан мындай эркиндик" барынан күмөн санап жатканы Washington Post басылмасынын макаласында айтылган.

Украинанын Коргоо министрлигиндеги маектешине шилтеме берген басылма Орусиянын аймагына америкалык курал менен сокку уруу фронттогу гана абалды өзгөрткөнүн белгиледи. Булактын айтымында, "алыска мээлөө да, куралдын түрлөрү да сокку уруу үчүн жетиштүү эмес".

Буга чейин Bloomberg агенттиги Орусиянын президент Путиндин чек арада "санитардык зона" түзүү опузасына карабай, орусиялык күчтөр Украинадагы курал тартыштыгын колдонуп, Харьков облусунда жаңы фронтту түзө албаганын билдирген. Путин Кремлдин азырынча Харьковду алуу планы жоктугун айткан.

Майдын соңунда Вашингтон Киевге Украинага чабуул койгон орусиялык күчтөргө сокку урууга уруксат берген. Киевге Орусиянын аймагындагы объекттерге сокку урууга Польша, Дания, Нидерланд баштаган Батыш өлкөлөрү дагы уруксат берген.

Жергиликтүү чиновниктер Washington Post басылмасына америкалык куралды колдонуу боюнча өзгөрүлгөн саясат Харьковго бир нече айга созулган аткылоодон тыныгуу алганга жардам бергенин айтышкан.

22-июнга караган түндө Орусиянын аскерлери Украинанын энергетикалык системасына масштабдуу чабуул койду.

Укрэнерго ишканасы маалымдагандай, түнү менен абадан айгай салынып, эскертүү берилип турду. Мындай масштабдуу чабуул акыркы үч айда сегизинчи болуп жатат. Маалыматка ылайык, Орусиянын чабуулунан Запорожье жана Львов облустарындагы электр өткөрүү системалары жабыркады.

Запорожьеде эки энергетик жабыркаганы кабарлады. Запорожье жана Львов облустарынын бийликтери ракета чабуулунан энерготүзүмдөрү жабыркап, өрт чыкканын маалымдашты.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын чабуулуна Ивано-Франков облусу да кабылганын маалымдады. Соккудан улам окуу жайдын аймагында 20 метр аянтча оюлуп, өрт чыккан.

Ивано-Франковдун мэри Руслан Марцинкив шаарда үйлөр жабыркап, бала бакчанын терезесинин айнеги күбүлүп түшкөнүн тактады. Жабыркагандар жок.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү түндө Орусия тараптан 16 түрдүү ракета жана 13 дрон менен чабуул жасалган. Бардык дрондор жана 12 ракета атып түшүрүлгөн.

Москва чабуулдар боюнча комментарий берген жок.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Ошондон бери эки тарап бири-биринин инфратүзүмдөрүн, эл жашаган аймактарын бутага алган учурлар аз эмес.

18:30 21.6.2024

Орус армиясынын Украинанын аймагына жасаган аба чабуулдарынан соңку бир суткада кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Москва ошол эле маалда Киев оккупацияланган Крымга жана Орусиянын ичиндеги бир нече аймакка жапырт аба сокку урду деп Киевди күнөөлөдү.

Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүн орус армиясы соңку бир суткада 22 жолу аткылап, беш жайкын тургундун өмүрү кыйылганын, ондон ашууну жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин белгилегендей, жеке турак жайлар жана өндүрүш объектиси жабыркаган. Түштүктөгү Херсон облусунда орус армиясынын аба чабуулдары бир кишинин өмүрүн алып, дагы бирb жараат алганы кабарланды. Жалпысынан аймакта 15 калктуу конуш, анын ичинде облус борбору Херсон шаары да жабыркаганын губернатор Александр Прокудин билдирди.

Аткылоолорго Днепропетровcr, Запорожье, Сумы облустары да кабылды. Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 21-июндун таңында оккупацияланган Крымда жана Краснодар, Брянск, Волгоград аймактарындагы "жапырт чабуулда" 114 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеме тараткан маалыматта бир кишинин өмүрү кыйылып, төрт адам жараат алганы белгиленет.

Краснодардагы Ильск мунай иштетүүчү заводуна дрондун калдыгы тийип, өрт тутанган. Тилсиз жоону тиешелүү кызматтар убагында өчүргөнүн облус башчысы Вениамин Кондратьев билдирди.

Андан тышкары Коргоо министрлиги Краснодар аймагынын Ейсктеги аэропортуна жасалган чабуулдун мизи кайтарылганын маалымдады.

Украинанын Башкы штабы соңку эки түндө алар Орусиянын аймагындагы жана аннексияланган Крымдагы бир катар объектилерди, анын ичинде мунай иштетүүчү заводдорду, радиолокациялык түйүндөрдү жана дрон кампаларын "ийгиликтүү иштен чыгарганын" билдирди.

18:52 19.6.2024

Орус аскерлери Украинанын борбордук аймагындагы энергетикалык объектиге түн ката чабуул жасаганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Украинанын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, Львов облусунда Орусиянын түнкү чабуулунан электр жабдуулары бузулуп, 285 эсепке алуу түйүнү жарактан чыккан.

Маалыматка караганда, 19-июнга караган түнү орус аскерлери "Шахед" үлгүсүндөгү 21 учкучсуз учак менен Украинага чабуул койгон. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, украин аскерлери Херсон, Николаев, Днепропетровск, Кировоград, Хмельницкий жана Львов облустарында 19 учкучсуз учакты атып түшүргөн.

Украинанын энергетикалык объектилерине акыркы айларда Орусиянын ракеталары жана учкучсуз учактары үзгүлтүксүз чабуул коюуда.

Согуштун башынан бери Москва аскердик жайларды бутага алганын айтып, карапайым эл арасындагы жоготууларды, жарандык инфраструктуранын жок кылынганын комментарийсиз калтырууда.

18:52 16.6.2024

Швейцариядагы Бюргеншток курортуна чогулган ондогон дүйнөлүк лидерлер тынчтык саммитинин 2-күнүндөгү - 16-июндагы жыйынында Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүн айыптоо боюнча консенсуска жетишүүгө үмүттөнүүдө.

Украинанын демилгеси менен өтүп жаткан Глобалдык Тынчтык саммитине Орусиянын катышпай турганы, Кытайдын баш тартуу чечими сыяктуу эле, кандайдыр бир жылыш болот деген үмүттү өчүргөнү айтылууда.

Саммиттин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу боюнча катаал шарттарды койгон. Анын ичинде Украина орустар басып алган төрт аймакты гана эмес, Украинанын көзөмөлүндөгү аймактарды да берүүгө тийиштигин талап кылган. Муну Киев жана анын Батыштагы колдоочулары дароо четке какты.

Саммиттин алгачкы күнүндө сүйлөп жатып, украин президенти Владимир Зеленский дүйнөгө эки күндүк саммитте "согушту чогуу токтотууга жана акыйкат дүйнө орнотууга болорун" жеткире алганын айтты.

Тынчтык саммитин демилгелеп жатып, Зеленский Украинанын айланасындагы кырдаалга - Орусиянын баскынчылыгына болушунча көп өлкөлөрдүн көңүлүн бурууга аракеттенди.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр барганы же барбаганы белгисиз. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский чөлкөмдүн лидерлерин саммитке катышууга чакырган. Расмий Бишкек Швейцарияда өтө турган Тынчтык саммитине катышпай турганын 15-июнда билдирген.

Саммитте Киевдин согушту токтотуу тууралуу талап-шарттары, украин президенти Владимир Зеленскийдин 10 пунктан турган "тынчтык формуласы" деген аталыштагы сунуштары талкууланат.

Анда негизинен орус аскерлеринин Украинанын 1991-жылдагы чек арасынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиядагы согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москвага репарация төлөтүү өңдүү шарттар бар.

Москва буга чейин Орусия катышпаган саммиттен эч кандай пайда жоктугун айткан. Орусиянын президенти Владимир Путин 14-июнда согушту токтотуу тууралуу Москванын өз шарттарын жарыялаган.

Анда Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украиналык аскерлердин толук чыгышы, Киевдин НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу өңдүү талап болгон. Путин ошондо гана чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG