1-июнга караган түнү орусиялык армия Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урду. 20 адам жабыр тартты. Бул тууралуу украиналык расмий мекемелер билдиришти.
"Орусия Харьков облусундагы эс алуу базасына кол салды", - деп жазды Украинанын ИИМнин башчысы Игорь Клименко. Анын айтымында, 12 адам жабыркаган, арасында балдар да бар. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.
Клименко орусиялык дрон Никополдогу маршруттук автобусту аткылап, төрт адам анын ичинде бала жараат алганын билдирди. Дагы төрт адам Львов облусундагы аткылоодон жабыркаган.
Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы Харьков облусунда Балаклеи тилкесиндеги эл жашаган аймакка орусиялык ракета түшүп, эки үй өрттөнүп кеткенин билдирди.
Түндөгү чабуулдан бир катар облустардагы энергетикалык объекттер кыйраганын Украинанын энергетика министри Герман Галущенко ырастады.
Украинанын аба күчтөрүнүн билдиришинче, Орусия ар кандай үлгүдөгү 53 ракета жана 47 дрон кое берген. 35 ракета жана 46 дрон атып түшүрүлгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги армия узакка атылуучу курал менен Украинанын аскердик өндүрүштүк комплексинин ишин камсыздаган энергетикалык объекттерин атканын тастыктады. Мекеме чабуулду Киевдин "орусиялык энергетикалык объекттерге жана транспортко зыян келтирүү аракетине" жооп катары түшүндүрдү.
Кытай июнь айында Швейцарияда өтө турган Украинадагы согушту токтотуу конференциясына өзүнүн өкүлдөрүн жибербейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги төрт булакка таянып жазып чыкты. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытай лидери Си Цзинпинге кайрылып, Тынчтык саммитине катышууга чакырган.
Агенттиктин маектештеринин айтымында, Бээжин мындай чечимди анын катышуусу үчүн зарыл болгон шарттар аткарылбагандыктан кабыл алган. Алардын арасында саммитке “бардык тараптардын бирдей катышуусу жана бардык сунуштарды ачык талкуулоо” үчүн Орусияны дагы, Украинаны дагы чакыруу шарты болгон. Буга чейин мындай шартты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да айтып келген.
Швейцария чыр-чатакты чечүү үчүн “Орусия бул процесске тартылышы керек" деп эсептегени менен, Москва бул конференцияга чакырылган эмес. Владимир Зеленский мунун себебин Украина Москванын бул процессти үзгүлтүккө учуратышын каалабайт деп түшүндүрдү. Алар ортомчулар аркылуу орус өкүлдөрүн кийинки этапка тартууну пландап жатышат. Өз кезегинде Орусия Украинадан аскерлерин чыгаруу маселесин талкуулоо ниети жок болгондуктан, чакырылган күндө да жыйынга катышпай турганын билдирген.
Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, саммитке 160тан ашуун делегация чакырылган. "70тен ашуун мамлекет Тынчтык саммитине катышарын ырасташты, алардын көбү мамелекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жетекчилер", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Bloomberg басылмасы АКШнын президенти Жо Байден шайлоо кампаниясына каражат топтоо иш-чарасынан улам Украинадагы саммитке катыша албай калышы ыктымалдыгын жазган.
Украин президенти Владмир Зеленский конференцияга Байденди дагы, Кытайдын лидери Си Цзинпинди дагы чакырган. "Сураныч, соккулар арасындагы тыныгууну эмес, тынчтыкты, чыныгы тынчтыкты жакындатуу үчүн өзүңүздүн лидерлигиңизди көрсөтүңүз", - деген ал. The Financial Times Зеленскийдин кеңсеси украин аткаминерлери үчүн Байден менен Си Цзинпинге “коомдук басымды күчөтүү” үчүн эскертме түзгөнүн белгилеген.
Украинадагы согуштуу токтотуу конференциясы Бюргенштокто 15-16-июнда болот. Зеленский Борбор Азия лидерлерин дагы саммитке чакырган.
1-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын энергетикалык инфрастра түзүмдөрүнө кайрадан чабуул жасады.
Бул тууралуу Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдирди.
"Запорожье, Днепропетровск, Донецк, Кировоград жана Ивано-Франковск облустарындагы энергетикалык объектилерге чабуул жасалды. Анын кесепеттери такталууда", - деди Галущенко.
Винницк облусунун администрация башчысы Сергей Борзов критикалык инфратүзүмдөрдүн биринде өрт чыкканын билдирди. Жабыркагандар жок экени айтылды.
Түнү Украинанын дээрлик бардык аймагында абадан айгай жаңырды. Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусия өлкө боюнча ар кандай типтеги 53 ракета, 47 дрон учурган. 35 ракета жана 46 дрон атып түшүрүлдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуулдар тууралуу маалымат бере элек.
АКШ президенти Жо Байден Украина бийлигине америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга жарым-жартылай уруксат бергенин бир нече маалымат булагына таянып Politico жазды, ушул эле маалыматты CNN да тастыктады.
Тактап айтканда, уруксат Харьков облусуна жакын жайгашкан гана орусиялык аймактарга атууга берилгени маалымдалды.
Расмий түрдө Вашингтон мындай аракеттерди колдобой турганын айтып келет.
Германия да Украинага берип жаткан курал-жарагын Орусиянын аймагындагы объектилерге сокку урууга тыюу салган чектөөсүн алып салганы белгилүү болду. Бул тууралуу 31-майда немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебешрайт билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышына Орусия соңку кезде Украинанын Харьков аймагана чабуулдарын күчөткөнүнөн улам түзүлгөн абал себеп болду.
"Украина эл аралык укук талаптарына ылайык мындай кол салуудан коргонууга укуктуу", - деди Хебешрайт.
Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айткан.
Франция Орусиядагы аскердик объектилерге Батыштын куралы менен сокку урууга каршы эместигин, бирок мындай чабуул жарандык инфраструктурага жасалбашы керектигин айтып келет.
Бир нече күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өзүлөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан. Көп өтпөй Софияда өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын катышуучулары батыш курал-жабдыгын колдонууда киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырган резолюция кабыл алышты.
Орусиянын бийлиги Батышты "от менен ойнобоону" эскертти. Президент Владимир Путин Орусиянын аймагына сокку урулса дүйнөлүк жаңжал тутанышы мүмкүн экенин айтты.
Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда. Батыш убада кылган курал-жарак кармалып жатканынан жарандарынан да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.