Германия Украинага 500 миллион евролук (542 миллион доллар) аскердик колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу 30-мартта немис коргоо министри Борис Писториус билдирди.
Курал-жарак жактан кезектеги жардам берилерин ал Украинага иш сапар менен барып, Одесса портун кыдырып, коргоо министри Рустем Умеров менен Киевдин аскердик муктаждыктарын талкуулагандан кийин билдирди.
Абадан коргонуу жана чакан радиустагы ракетадан коргонуу боюнча IRIS-T SLS зениттик ракеталык комплексине көп сандагы ракеталар, Кара деңизде чалгындоо иштерин жүргүзүүчү учкучсуз учактар, кошумча тетиктер берилери маалымдалды.
Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.
Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.
Орусия Украинага ракета, дрон чабуулун улантты
Украинада соңку суткада да Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши жараат алганын жергиликтүү бийлик башчылары 30-майда билдиришти.
Харьковдо, облустук аскердик администрация төрагасы Олег Синегубовдун айтымында, бейшембиге караган түнү эки жерге ракеталык чабуул жасалды, үйлөр жана башка да социалдык инфраструктура имараттары талкаланып, жети киши жараат алды. Жалпысынан Белгород облусунун аймагынан Харьковго жети ракета учурулганы маалымдалды.
Херсон облусунда алты жергиликтүү тургун жараат алганын, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын 30-майдын таңында аймактын администрация башчысы Александр Прокудин билдирди.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөн түнү Орусия С-300/С-400 башкарылуучу ракеталарынан сегизди, Ту-95 ТС стратегиялык авиация учактарынан атылуучу канаттуу Х-101/Х-555 ракеталардан 11ди жана Shahed-131/136 согуштук дрондорунан 32ни учурду.
Хмельницкий, Днепропетров, Черкасск, Кировоград, Запорожье, Одесса, Херсон, Киев жана Винница облустарынын аймагына учурулган дрондордун баары, канаттуу ракеталардын жетөө атып түшүрүлгөнү белгилүү болду.
Президент Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда өнөктөштөргө рахматын айтып, Швециядан жардам келатканын билдирди:
“Бүгүн биз Швецияга ыраазычылык билдиребиз. Биздин аскерлерибиз дагы бир маанилүү жардам алышты. Бул олуттуу колдоо. Абадан коргонуу системабыздын ишин жакшыртуу үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз”.
АКШ Молдовага энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана Орусиянын бул өлкө боюнча жалган маалымат таратып жатышына каршы туруусу үчүн 135 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 29-майда Кишиневго бир күндүк иш сапар менен барган Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирип, Молдованын евроинтеграциясына жана Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушунан улам жаралган коркунуч абалдагы коопсуздугун камсыздоого жумшаларын кошумчалады.
Ал Евробиримдикке талапкер катары аткарышы зарыл болгон шарттарды жана коррупцияга каршы күрөштү Молдова тийиштүү деңгээлде аткарып жатканын белгиледи.
«Мен бул жерге эки жыл мурда келгенимде Европа менен байланышта болгон, тынчтыкта жашаган, жакшы өнүгүп жаткан Молдованы кантип курса болору жөнүндө сүйлөштүк эле. Сиздер кыйынчылыктарга карабастан мына ошол максатка жетүү үчүн европалык жолдогу прогресс аркылуу күчтүү келечекке жеткирүүчү конкреттүү кадамдарды жасап жатасыздар», — деди Блинкен.
Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылдын 14-декабрында башталган.
2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан азыркы президент Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрүдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда.
Быйыл 20-мартта Молдовада кезектеги президенттик шайлоо жана Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу референдум өтөт. Президенттик шайлоого Санду да катышат.
Өлкөнүн орусиячыл саясатчылары, парламенттеги социалисттик жана коммунисттик оппозиция Сандуга атаандаш бирдиктүү талапкерин алып чыгуу тууралуу сүйлөшүү баштаганын билдиришкен.
Орусия эки жылдан ашуун убакыттан бери агрессиясын көрсөтүп келе жаткан Украина менен чектеш Молдова орус бийлигинин кол салуусун чечкиндүү түрдө айыптаган.
Молдова Орусияны өлкөгө каршы “гибриддик согуш” жүргүзүп жатат, жергиликтүү шайлоолорго кийлигишип, өкмөттү кулатып, Евробиримдикке мүчө болуу жолунан адаштыруу үчүн жалган маалымат таратып жатат деп айыптап келет.
Харьковдо кандуу чабуулдун курмандыктары көбөйдү. Зеленский дүйнө лидерлерине кайрылды
Украинанын Харьков шаарындагы соода борборго орус армиясынын соккусунан набыт болгондордун саны 16га жетти. Бул тууралуу жекшембиде Ички иштер министрлиги билдирди. 25-майдагы ракеталык соккудан ондогон жайкын тургун жараат алды.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги коопсуздук булактарына таянып, гипермаркеттин ичиндеги аскердик кампа бутага алынганын жазды. Буга далил келтирген жок. Украинанын президенти дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырды. Ал 26-майда кайрадан Харьковго барды.
26-майда украиналык куткаруучулар Харьковдогу ракеталык чабуулга туш болгон соода борбордун урандыларынын арасынан күйүп кеткен адамдардын сөөктөрүн алып чыгышты. “Эпицентр” деп аталган курулуш гипермаркетине жасалган чак түштөгү аба соккудан кеминде 60тан ашык киши жараат алганын Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов билдирди. Ал муну террорчулук катары мүнөздөдү. Ички иштер министри Игорь Клименко дагы 16 кишинин дайыны белгисиз экенин кабарлады.
“Күтүүсүздөн болду. Башында түшүнбөй калдык. Жарыктын баары өчүп эле, башыбызга ар нерсе түшө баштады. Караңгы, дагы жакшы телефонубуз бар эле, аны менен акырын жол таап чыктык. Айланабызды өрт каптай баштаган эле”,- дейт соода борборду тазалап иштеген Любовь.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, орус армиясы гипермаркетке эки авиабомба ыргыткан. Бул куралдын ар биринин салмагы 250 килограммды түзөт. Реактивдүү системаларга салыштырмалуу бул авиабомбалар соккуну тагыраак урат жана траекториясын тууралай алат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-майдын кечинде жасаган билдирүүсүндө сокку урулган маалда соода борбордо 200дөй киши болгонун билдирди.
"Харьковго чабуул - Орусиянын акылы айныганынын дагы бир кезектеги далили. Башкача атоо мүмкүн эмес",- деген Зеленский дүйнө лидерлерин абадан коргонуу системаларын жөнөтүү менен колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги коопсуздук кызматындагы ысымын атабаган кызматкерге таянуу менен, эч далил келтирбестен гипермаркеттин ичинде “аскердик кампа жана аскердик башкаруучу пункт болгонун” жазды. Дегеле расмий Москва көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.
Орусиянын армиясы 26-майга караган түнү да Украинанын аймагына дрон жана ракеталар менен чабуул жасоону улантты. Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдиргендей, жекшембиге караган түнү 31 “Шахед” дрону жана 12 канаттуу ракета атып түшүрүлгөн.
Тынчтык саммити жана Зеленскийдин легитимдүүлүгү
Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырган видеокайрылуу жасады.
“Мен дүйнө лидерлерине, анын ичинде Кошмо Штаттардын лидери Байденге, Кытайдын лидери, төрага Сиге кайрылам. Биз БУУнун уставдары өрттөнүп кетишин каалабайбыз. Силер да каалабайсыңар деп үмүттөнөм. Тынчтыкты, соккулар ортосундагы тыныгууларды эмес, тынчтыкты жакындатууда өз лидерлигиңерди көрсөтүп койгулачы, суранам”,- деди ал.
Украин президенти 15-16-июнда Швейцарияда өтүүчү Тынчтык саммитине делегация жиберерин 80 мамлекет ырастаганын кошумчалап, бул үчүн ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Bloomberg агенттиги АКШ президенти Байден өз шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултуу менен алек болгондуктан, июнь айында саммитке келе албашы мүмкүн экенин жазган.
24-майдагы Борбор Азиянын журналисттери үчүн Украинадагы маалымат жыйында Зеленский аталган саммитте чөлкөмдөгү лидерлерди да көргүсү келерин айткан.
"Мен Борбор Азиянын бардык лидерлери сөзсүз барып, бул окуяны колдоп коюшун каалайт элем", - деген украин президенти.
Жыйынга өкмөт башчылардын жана президенттердин деңгээлиндеги 160 мамлекеттин делегациялары чакыртылган. Алардын ичинде "Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кошулган мамлекеттер бар. Орусия чакыртылган эмес. Орус президенти Владимир Путин ушул аптада Минскиде Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко менен жолугуп жатып бул саммит тууралуу өз оюн билдирген.
"Швейцарияда өтөрү жарыяланган конференциянын максаттарынын бири- батыш коомчулугу, азыркы Киев режиминин демөөрчүлөрүнүн Украинанын учурдагы мамлекет башчысы, тагыраагы буга чейин кызмат өтөгөн Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгүн бекемдөөсү",- деди Путин.
Украинада кезектеги президенттик шайлоо быйыл 31-мартта өтмөк. Баш мыйзамга ылайык, согуштук абал учурунда эч кандай добуш берүү өткөрүлбөйт. Өткөн жылдын ноябрь айында Зеленский согуш учурунда шайлоо өткөрүү "жоопкерсиздик" болорун айткан.
"Орусия Федерациясынын легитимсиз президентинин Украина президентинин легитимдүүлүгүнө байланыштуу билдирүүлөрү супсак",-деди Зеленский Орусиянын лидерине жооп кайтарып жатып.
Белгороддогу ракеталык соккулар
Орусиянын Украина менен чек арасына жакын жайгашкан Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 25-майдагы чабуулдарда төрт кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Ал кошумчалагандай, 18 киши, анын ичинде эки бала жараат алды. Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги 26-майга караган түнү Курск жана Орлов облустарында 13 дрон абадан атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Расмий Москва соккуларды Украинадан көрүп келет. Расмий Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларды адатта комментарийлебейт.
Ал арада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 24-майда The Economist журналына курган маегинде Украинага Батыш берген курал-жабдыкты Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга сокку урууга уруксат бериш керек деген пикири менен бөлүштү.
Буга чейин АКШ жана Батыш мамлекеттери Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бербей келген.
Маалым болгондой, Ак үйдө учурда бул чектөөнү бир жеңилдетүү боюнча талкуулар көтөрүлүп жатат. The New York Times жазгандай, мындай демилгени АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барып келгенден кийин сунуштаган. Басылманын булактары Блинкендин позициясынын өзгөрүшүнө орус күчтөрүнүн Харьковдогу чабуулдары түрткү болгон.
Бир аз мурда Британиянын өкмөтү өзү берген курал-жабдыкты Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат берген.