Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

АКШ-Украина коопсуздук келишимине кол коюлду


Владимир Зеленский жана Жо Байден. Архивдик сүрөт.
Владимир Зеленский жана Жо Байден. Архивдик сүрөт.

АКШ менен Украина ортосунда коопсуздук жаатындагы кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды. 10 жылдык мөөнөткө эсептелген жаңы келишимге президенттер Жо Байден жана Владимир Зеленский 13-июнда Италияда өткөн «Чоң жети» (G7) саммити учурундагы жолугушуудан кийин кол коюшту.

Дүйнөдөгү алдыңкы демократиялык жети мамлекеттин лидерлеринин кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде Украинага жардам маселесин да талкуулаган бул саммитине украин президенти Владимир Зеленский дагы чакырылган.

Reuters белгилегендей, келишимдин текстинде бул документ Украинага НАТОго мүчө болуу аракетине жардам көрсөтөрү ачык белгиленди.

Келишимде НАТОнукундай эгер Украина агрессияга кабылса аскердик жардам көрсөтүү тууралуу милдеттенме жок. Агрессия болсо же ошондой коркунуч жаралса Украинанын коргонуу потенциалын бекемдеш үчүн кандай чара көрүү керектигин аныктап алуучу консультацияга 24 сааттык убакыт берүү механизм каралган.

Кошмо Штаттар Украинага курал-жарак берүү, анын аскер кызматкерлерин окутуу жана кеп-кеңешин берип туруу боюнча узак мөөнөттүү жардам милдеттенмесин алат, бирок америкалык аскерлер жөнөтүлбөйт.

АКШнын The Washington Post басылмасы келишимди Конгрессте бекитүү каралбагандыктан кийинки президенттер аны каалаган учурда жокко чыгарып коюу коркунучу бар экенин эскертти.

Кошмо Штаттар президенти Жо Байден Украинада тынчтыкка жетишүү анын агрессиядан өз алдынча коргонуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болорун, ал эми тынчтыктын өзү суверендүүлүк жана БУУнун Уставын урматтоо принциптерине негизделиши керектигин айтты.

Зеленский, өз кезегинде, келишим кабыл алынган күндү "тарыхый" деп атап, Украина эгемендикке ээ болгон кезден тартып АКШ менен кол койгон эң олуттуу документ экенин белгиледи.

Ошону менен катар украин президенти Украина абадан коргонуучу Patriot системаларынан дагы жетөөнө муктаж болуп жатканын айтты. Байден андай системалар жакынкы арада кошумча жөнөтүлөрүн билдирди, бирок санын атаган жок.

Ушул сыяктуу эки тараптуу келишимдерди Киев буга чейин он чакты өлкө менен кабыл алган, алардын баары НАТОнун мүчөсү.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG