Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:59

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Түркиянын ички чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калганын жарыялады. Анкарадагы аянтта он миңдеген адамдар чогулуп, аскерлер ээлеген позицияларын таштап кетип жатканы кабарланууда.

ТРТ телеканалы кайрадан обого чыга баштады. "Бийлик аскерлердин колуна өткөнү" тууралуу кабарды окуган диктор аскерлер мажбурлап бул билдирүүнү окутканын айтты. Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматынын өкүлдөрү "төңкөрүштүн мизи кайтарылды" деп CNN Turk каналына билдиришти.

CNNTurk каналынын эфири үзгүлтүккө учурады. Кызматкерлер аскерлерден эфир бөлмөсүнөн чыгууну өтүнүшүүдө. Ары жактан атылган октун үнүнө окшогон үн чыгып, удаа эле аял кишинин чыңырган үнү да угулду. Ал эфир бөлмөсүндөгү өчпөй калган камерадан угулууда.

CNN Turk калыбына келди. Өз журналисттери сүйлөп атышат. Төрт аскер келип, эфир бөлмөсүнүн кабатына кирип, кызматкерлерди сыртка чыгарганын каналдын директору түз эфирде айтууда. Ок атылды, бирок, билишимче эч ким жабыркаган жок деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG