Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна барып, чогулган эл менен жолугушканын жергиликтүү телеканалдар көрсөттү.

Акыркы сааттарда Ататүрк аэропортунда Эрдоганды колдогон миңдеген адамдар төңкөрүш жасоого аракет кылган аскердик унаалардын жолуп тосуп чыгышкан. Эрдоган Түркияда элдин бийлигинен жогорку бийлик жок, төңкөрүш жасоого аракеттенгендер кайсыл мамлекеттик уюмдан болбосун, өз жазасын алат деп сөз сүйлөдү.

Ал арада түрк аткаминерлери Эрдогандын Стамбулга келгендигин айтышууда. ТРТ каналы Эрдогандын билдирүүсүн берип аткан учурда анын Стамбулда экендигин жазышты. Reuters маалымдагандай, Ататүрк аэропортунда жардыруу болду. AP агенттиги болсо Стамбулдун борборунда эки жардыруу болгондугун кабарлады. "Азаттыктын" кабарчысы Стамбулдагы жардырууларды мейманканасынын ичинде жатып угуп, сезгендигин жана жардыруулар катуу болгондугун ырастады.

CNN Turk калыбына келди. Өз журналисттери сүйлөп атышат. Төрт аскер келип, эфир бөлмөсүнүн кабатына кирип, кызматкерлерди сыртка чыгарганын каналдын директору түз эфирде айтууда. Ок атылды, бирок, билишимче эч ким жабыркаган жок деди ал.

CNNTurk каналынын эфири үзгүлтүккө учурады. Кызматкерлер аскерлерден эфир бөлмөсүнөн чыгууну өтүнүшүүдө. Ары жактан атылган октун үнүнө окшогон үн чыгып, удаа эле аял кишинин чыңырган үнү да угулду. Ал эфир бөлмөсүндөгү өчпөй калган камерадан угулууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG