Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

ТРТ телеканалы кайрадан обого чыга баштады. "Бийлик аскерлердин колуна өткөнү" тууралуу кабарды окуган диктор аскерлер мажбурлап бул билдирүүнү окутканын айтты. Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматынын өкүлдөрү "төңкөрүштүн мизи кайтарылды" деп CNN Turk каналына билдиришти.

Түркиянын ички чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калганын жарыялады. Анкарадагы аянтта он миңдеген адамдар чогулуп, аскерлер ээлеген позицияларын таштап кетип жатканы кабарланууда.

Rudaw: полиция TRT телеканалын кайрадан көзөмөлүнө алды, стратегиялык обьектти мурдараак басып алган аскерлер камакка алынды.

Түркия Республикасынын тарыхында аскерий төңкөрүштөр аракеттери бир нече жолу катталган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү аскерий жетекчилеринин катышуусу менен 1960-жылы, 1980-жылдары бийликти алмаштырган. Ал эми 1971-жылы жана 1997-жылы мындай аракеттер өкмөттөрдү отставкага кетирүүгө мажбурлаган. Бирок акыркы жылдары аскерий жетекчилердин таасири азайып бараткан. 2007-жылы аскерий төңкөрүш жасоого камынган деген шек менен бир нече аскер жетекчилерине иш козголуп, камакка алынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG