Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Түркияда утурумдук өкмөт түзүлүүдө


Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Түркияда кезексиз парламенттик шайлоо 1-ноябрда өтөт. Мындай чечимди 25-августта Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Кезексиз шайлоо 7-июндагы парламенттик шайлоодон бери мандатка жетишкен партиялардын коалициялык өкмөт түзө албагандан улам өткөрүлөт. Буга чейин Түркияны өткөөл өкмөт башкарган эмес.

24-августта курама өкмөт түзүүгө Конституцияга ылайык берилген 45 күндүк мөөнөт бүттү. Бул жагдайда парламент жалпы элдик шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү тууралуу мыйзамды кабыл албады жана андай чечимди Түркиянын тарыхында биринчи жолу президент Эрдоган чыгарды. Ал Адилет жана өнүгүү (АК) партиясынын төрагасы Ахмед Давутоглуга өткөөл өкмөттү түзүү милдетин жүктөдү.

Давутоглу “Биз бири-бирибизге эшикти жаап, өлкөнү башкара албайбыз. Мен оппозициялык партияларды өлкө үчүн катаал мезгилде жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө чакырам,” - деп, оппозициячыл партияларды өкмөткө кошулууга үндөдү.

Бирок шайлоодо утушка жетишкен Элдик-республикалык партия - ЭРП менен улутчулдардын Улуттук кыймыл партиясы - УКП өткөөл өкмөт курамына кирүүдөн баш тартты. Ушундан улам 25-августта Давутоглу түздөн-түз оппозициячыл партиялардын парламенттеги депутаттарына кайрыларын билдирди:

- Конституция менден өкмөттү беш күндө түзүүнү талап кылат. Мен аны беш күндө түзүшүм керек. 7-июндагы шайлоодо алган добуштарына жараша өкмөткө бардык партиялар кириши керек. Оппозициячыл партиялардын лидерлери менин сунушумду четке кагышкандыктан парламенттин оппозициячыл мүчөлөрүнө тикелей сунуштоо менин парзым.

Күртчүл Элдик демократиялык партия - ЭДП лидери Селахиттин Демирташ партиясынын техникалык өкмөткө кирүү ниетин мындай деп түшүндүрдү:

- Бизде өзүбүздүн конституциялык укугубузду колдонууда жана өкмөткө кирүүдө эч кандай тайсалдоо болбойт. Бул өкмөттө биз үчүн добуш берген алты миллион адамдын өкүлү болуу укугун пайдаланабыз.

Демирташ бирок анын партиялаштары өкмөткө чакырылбаса таң калбасын да эскертти:

- Эгер алар Конституцияны бузуп, ЭДПсыз өкмөт түзгөнгө аракет кылса, биз таң калбайбыз. Алар Конституцияны бузбаган күн барбы? Алар биздин өлкөнүн Конституциясын ар саатта бузушууда. Ошондуктан, алар Конституцияны кайра бузса, бизди таң калтырбайт, бирок баасы кымбат болот.

Юстиция министри Кенан Ипек, ички иштер министри Севахаттин Өзтүрк жана Деңиз каттамдарыменен коммуникация министри Феридун Билгин парламенттик мандаты жок болгондуктан өткөөл же техникалык өкмөттө өз милдеттерин аткара беришет. Калган орундар АК партиясы менен күрттөрдүн таламын жактаган - ЭДПнын мүчөлөрүнөн жана кызмат орунга кызыкдар депутаттардан түзүлчүдөй.

Түркияда эмгектенген эл аралык журналист Макис Ализаденин айтуусунда, өткөөл өкмөттөгү орундар партиялар парламенттик шайлоодо алган мандаттарына ылайык мындайча бөлүштүрүлүүгө тийиш болчу:

- Конституция боюнча, Элдик-республикалык партия жана улутчулдардын Улуттук кыймыл партиясына беш министрлик орун, Элдик демократиялык партияга үч министрлик орун, калган министрлик орундар Адилеттик жана өнүгүү партиясына берилиши керек эле.

Түркиянын англис тилинде чыкчу Daily news басылмасынын жазышынча, Metropoll социологиялык изилдөөлөр борбору өткөргөн акыркы сурамжылоо 1-ноябрда болчу шайлоодо АК партиясы 7-июндагы шайлоодогудан көп добуш албасын көрсөткөн. Береги сурамжылоого караганда, ЭДП кайра 10% тоскоолдукту жеңет. Бул Эрдогандын шайлоочуларды күртчүл партиядан АК партияга тартуу аракети текке кетерин күбөлөйт. Эрдогандын максаты 7-июндагы парламенттик шайлоодо АК партиясы көпчүлүк мандатка ээ болсо, Конституцияны өзгөртүп, Түркияны жалгыз башкаруу болчу, - дейт басылманын серепчиси Семи Идиз.

Коалициялык өкмөттүн мөөнөтүндө түзүлбөгөнү, өлкөнүн түштүк чыгышындагы күрт калктуу аймактагы кырдаал жана Анкаранын Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна сокку уруу үчүн өз базаларын АКШ башындагы коалицияга ачкандан кийинки коркутуулар улуттук экономикага тескери таасир этүүдө. Анын кесепетинен, Рейтер агенттиги маалымдагандай, Түркиянын улуттук акчасы –лира мурда болуп көрбөгөндөй кубатынан тайып, керектөөчүлөрдүн экономикага болгон ишеними да алты жылдан бери эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетти.

XS
SM
MD
LG