Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Түркияда паспортсуз калган Нурадил


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбулда кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун бир айдан бери паспортсуз жүрөт. Ага соттук жараян бүткөнгө чейин Түркиядан чыкканга тыюу салынган.

Нурадил Эшимбеков 9-сентябрда, Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу өтүп баратканда кармалган.

Кыргызстандык жигит бир канча саат сурак берген соң, түрк полициясы ага "жасалма паспорт менен жүрөт" деген шек менен тергөө иштерин баштаган.

- Аэропорттон текшерүүдөн өтүп баратканда эле полиция кызматкерлери токтотуп, бир бөлмөгө алып киришти. Эки-үч саат текшергенден кийин түркчө жазылган бир документ алып келип "буга кол кой" дешкен. Макул болгон жокмун, анткени түркчө бир да сөздү түшүнгөн жокмун. Мени дароо полиция участогунда алып барып түнү менен камакта кармашты. Эртеси прокуратурага алып барып "жасалма паспорт" беренеси боюнча кармалганымды, 30 күн Түркиядан чыгууга тыюу салынганын айтышты.

Эшимбеков буга чейин Түркияга бир канча жолу келип кеткен. Дубайда эмгек визасы менен иштечү. Түркияда мыйзам бузбаганын жана паспортун беш жылдан бери колдонуп жүргөнүн айтып берди.

- Буга чейин Стамбул шаарына бир канча жолу келгем. Эч кандай маселе жаралган эмес. Мыйзамсыз иш кылган жокмун. Консул менен прокуратурага барганымды прокурор "экспертиза паспорту өзүнүкү" деп чечим чыгарса, дароо бере турганын айткан. Бирок ушунча убакыттан бери жылыш жок. Айлам кеткенде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдым.

Нурадил Эшимбеков Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна арыз менен кайрылган.

Башкы консул Эркин Сопоков Нурадилдин иши боюнча Анадолу прокуратурасынан жооп албаганы үчүн Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жазганын маалымдады.

- Бул маселе боюнча консулдук дароо "паспорт жасалма эмес" деген расмий катын прокуратурага жөнөткөн. Убакыт өткөнү менен компетенттүү жооп албай келебиз. Прокуратура Нурадил Эшимбековдун жараянын чечпегени үчүн биз Түркиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Колдон келген бардык мүмкүнчүлүктү жумшайбыз.

Нурадил Эшимбековдун ишин сот качан карай турганы белгисиз. Анадолу прокуратурасы да паспорттун экспертизасы тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Мигранттардын көйгөйү менен көптөн бери тааныш серепчи Мурат Эршахин Түркияда соңку жылдары чет өлкөлүктөр арасында жасалма паспорт менен кармалгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

- Түркияда соңку жылдары Ооганстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен кирген качкындардын саны өстү. Айрымдарынын паспорттору жок же жасалма паспорттор менен киришет. Мунун алдын алуу үчүн учурда аэропорттордо, туруктуу жашоого виза алып жатканда чет өлкөлүктөрдүн паспорттору тыкыр текшерилип жатат, - деп билдирди Мурат Эршахин.

Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык бул өлкөдө жасалма паспорт же документтер менен кармалган жаран эки жылдан үч жылга чейин жазаланып, эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 8-октябрда тараткан маалымат боюнча «жасалма паспорт менен жүрүшү мүмкүн» деген шек менен Стамбулда бир айдан бери паспортсуз жүргөн кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун жагдайына байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Учурда бул факты боюнча Түркиянын тиешелүү органдары экспертиза жүргүзүп жатат. ​Бул ишке байланыштуу Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугунун жетекчилери Түркиянын прокурорлору менен бир нече жолу жолугушкан. Анда Эшимбековго паспортун кайтарып берүүнү жана Түркиядан чыгууга салынган тыюуну алып салууну сунуш кылышкан.

Буга чейин Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган бир канча окуялар катталган. 2016-жылы Үрүмчүдөн Сауд Арабиясына Стамбул аркылуу транзит иретинде учуп бараткан 98 уйгур улутундагы жаран «Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүрөт» деген шек менен кармалган.

Аларга жасалма паспорт таап берген деген негизде Кыргызстандын төрт жараны дагы Ататүрк аэропортунда камакка алынган. Уйгур улутундагы жарандар Үрүмчүгө депортацияланган.

2017-жылы Стамбул шаарындагы белгилүү түнкү клубдун ичиндегилерди атып качып кеткен террористи түрк полициясы жана медиасы Кыргызстандын жараны катары маалымат тараткан.

Бул коогалаңда 39 киши каза болуп 70тен ашык киши жараат алган. Качып кеткен террористти издеп-иликтөө чаралары бир айга созулуп, кийин ал кыргыз жараны эмес, өзбекстандык адам болуп чыккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG