Жума намазга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, саясий лидерлер жана жергиликтүү калк катышты. Коронавирус пандемиясынан улам намазга келген жергиликтүүлөр атайын текшерүүдөн өтүп, мэриянын кызматкерлери элди социалдык аралыкты сактоого чакырышты.
Таң азандан Түркиянын булуң-бурчунан келген мусулмандар мечиттин тегерегинен орун ала баштады. Алардын бири Саит Чолак бул жума намазды чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
"86 жылдан бери көксөп келген кыялыбызга жеттик. Көп жылдан бери күтүп келгенбиз. Президентибизге жана бул чечимди чыгарган сотко чоң ыраазычылык билдиребиз. Намазыбызды Кудайым кабыл кылсын!".
Стамбул шаарынын тургуну Серхат Маден "Айя София" мечитине кире албаса да короосунда намаз окуганы үчүн толкунданып жатканын жашырбады.
"Бүгүн "Айя Cофия" кайрадан мечит болуп, намаз окулду. Кайрадан музейден мечит болгону бизди кубантты. Кудайым бул күндү мага насип кылган үчүн толкунданып, сүйлөй албай турам".
Президент Режеп Тайып Эрдоган "Айя Cофия" мечитинде алгач куран окуп, жамаатты намазга чакырды. Ал эми Түркиянын Дин иштери боюнча жетекчиси Али Эрбаш жамаатка кайрылып "Айя София" мечитинин тарыхый маанисин түшүндүрдү.
"Айя Cофия он беш кылымдан бери билим, илим жана сыйынуу жай катары кызмат кылып келген. "Айя Cофия" адамзаттын жараткан эң кооз имараты. Фатих султан Мехмет хан "Айя Софияны" өмүр бою мусулмандарга ибадаткана катары мурас калтырган. Биздин түшүнүгүбүз боюнча ата-бабалардын калтырган мурасы эч нерсеге алмашкыс. Бул мурасты тебелегендерди Кудай урат. Ошондуктан "Айя Софияны" көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек".
Эми "Айя София" мечитинин ичиндеги мозаикалар намаз учурунда атайын көшөгө менен жабылып, жөнөкөй күндөрү ал көшөгөлөр ачылып турат. Президент Эрдоган мыдай чечим менен "тарыхый жайдын православдардын кафедралдык соборуна тийиштүү мозаикаларды өчүртүп салды" деген айыптоолорго чекит койгон.
"Айя София" мечитинде окулган намазга 350 миңден ашык мусулман катышып, ал жайгашкан Стамбулдун Фатих районундагы жолдор жабылды. Жергиликтүү полиция жана Стамбул шаардык мэриясынын кызматкерлери тыгында элдин беткап тагышын жана социалдык аралыкты сакташын көзөмөлдөдү.
10-июлда Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган "Айя Софияны" музейге айлантуу чечимин жокко чыгарып, ал "Фатих Султан Мехмет хан" фондунун менчигине өткөрүлгөн.
Түркиянын бул чечими өлкө ичинде жана сыртында бир топ талаш-тартыш жаратып, АКШ, Греция, Орусиянын саясий жана диний жетекчилери ага каршы пикир билдиришкен.
Тарыхый жай VI кылымда византиялык император Юстиниандын буйругу менен чиркөө болуп курулган. Осмон империясы 1453-жылы Константинопол же азыркы Стамбулду ээлеп алгандан кийин ал мечитке айландырылган. 1934-жылы Түрк жумуриятынын түптөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругунун негизинде ал жер музей болуп калган. Арадан 86 жыл өткөндөн кийин тарыхый имарат кайрадан мечитке айланып отурат.
"Айя София" ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинин катарында.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.