Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

"Тулпар": президенттин чакырыгы, журналисттин иликтөөсү


"Тулпар" картасынан төлөм кабыл алган аппарат. Бишкек.
"Тулпар" картасынан төлөм кабыл алган аппарат. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.

Ал накталай төлөм көбүнесе айдоочунун чөнтөгүнө кетип жатканын эскертти. Мамлекет башчынын кайрылуусунан көп өтпөй Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров коомдук транспорт үчүн колдонулган "Тулпар" картасынын артында орусиялык жаран жана кипрдик компания турат деген маалыматты айтып чыкты.

Иликтөөдө айтылгандарды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов четке какты.

"17 сомдон накталай эмес төлөгүлө"

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына Бишкек мэриясынын накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сомго көтөрүү сунушуна пикирин билдирди. Мамлекет башчы накталай төлөм шаар казынасына түшпөй жатканын, көбүрөөк акча жыйноого ашыккан айдоочу жол эрежесин бузуп, кырсыктар катталып жатканын белгиледи. Шаар тургундарын буга жол бербөөгө, "Тулпар" картасын сатып алып жол кирени 17 сомдон төлөөгө чакырды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Накталай төлөм канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу? Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акча автобазанын эсебине түшөт да, автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат. Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги, айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап-көрүп жатасыздар. Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар жок эмес", - деп жазган президент.

Ага чейин Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берген.

Темировдун иликтөөсү, президенттик аппараттын жообу

Жол кире маселесине улай Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "Тулпар" картасынын артында орусиялык жаран жана кипрдик компания турат деген иликтөөсүн жарыялады.

Журналист анда "Тулпар" картасын колдонгон жарандардын жеке маалыматтары чет элдик компанияларга кетип жатканын белгилеп, "картадан түшкөн акча да сыртка кетеби?" - деп суроо салган.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

"Тулпар" картага өткүлө деп президентке чейин айта баштагандан кийин текшере коеюн дедим да. Себеби менин "Тулпар" мамлекеттики деген ишеничим бар эле. Тилекке каршы, мамлекеттен сырткары дагы эки белгисиз компания чыкты. Бирөө Орусиянын жаранына таандык, экинчиси Кипрдеги офшордук компания экен. Анын ээлерин табыш кыйын. Ошондуктан көп суроо пайда болду. Картага акча түшкөндө белгисиз жеке компания менен бөлүшөбү, андан сырткары "Тулпарда" адам саат канчада, кайсы автобус менен кайсы жакка чейин барат деген маалыматтар топтолуп турат. Жеке маалыматтардын башка бирөө үчүн ачык болгону коркунучтуу".

Журналист Болот Темировдун иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды "Азаттык" көз карандысыз булактардан тактай алган жок.

Бишкек мэриясы Темировдун иликтөөсү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Бирок президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Марал" радиосуна иликтөөнү төгүндөгөн комментарий берген.

"Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгары менен эле жаңы иликтөө деп "чампалап" чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. Президент жол кирени көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар ал жакта баа ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп жатат. Президент Садыр Жапаровго эч кандай айырмасы жок компаниябы же жеке жакпы, ал турсун башка планетадан болобу, "Тулпар" картасы болобу же каалаган банктын картасы болобу. Башкысы накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы үзгүлтүксүз иштесе болду".

Мэрия жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү аракетин төрт-беш жыл мурда баштаган. Ачык булактардагы маалыматка таянсак, 2019-жылы коомдук-муниципалдык транспорттордун билетин электрондоштуруу үчүн тендер жарыялаган. Анда швейцариялык BPC KG компаниясын жеңүүчү болгон. Долбоор 2020-жылдан тарта ишке кирген.

"План толбой жатат". Айдоочулардын үнү

Президентке чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы коомдук транспортто чогулган акча айдоочулардын чөнтөгүнө түшүп жатканын айткан.

Биз маселени билүү үчүн Бишкектеги автобус айдоочулардын айрымдарына микрофон сундук.

"Кээде планың чыкпай калат, анан өзүңдүн айлыгыңан төлөгөнгө туура келет. Биз күнүгө 4600 сом план төгөбүз. Дем алыш күндөрү киши жок болуп калат. Бош барып, бош келесиң, бир айлампаны 300 сом менен бир айланасың. Дүйшөмбүдөн жумага чейин эл жакшы түшөт. 4600 сом чыгат, 5200 сомго чейин барат. Ашканын алып чай ичесиң. Эгер эл түшкөн учурга жетишсең. Кээде жетишпесең дагы чыкпай да калат. Жалаң эле картага өткөрүп, биздин айлыкты 70 миң сомдон жогору кылып койсо бизге да тынч болмок", - деди аты-жөнүн ачык атоодон баш тарткан айдоочу.

Кийинки айдоочу дагы мэрия коюп берген маяна аз экенин айтты:

"Биздин айлыкты көтөрүп коюп накталай эмес төлөм кыла берсин. Орусияда ошондой го. Айлык аласың болду, башың оорубайт, эч ким кымырып алдың деп күмөн санабайт. Мен дагы Москвада иштегем, эки жыл болду келгениме, ал жакта 100 миңден 150 миң рублге чейин алчубуз. Азык-түлүктүн баасы керек болсо Москвада арзаныраак. Азыр эттин бир килограммы 600 сом болуп калбадыбы. Биздин 50 миң сом айлыгыбыз эч нерсеге жетпейт. Бир үй-бүлөдөн бир адам иштесе, 50 миң деле эч нерсеге жетпейт да".

Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архивдик сүрөт.
Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архивдик сүрөт.

Ошол эле маалда шаардыктар арасында "Тулпар" картасы менен жол кире төлөөдө кыйынчылык жаралып жатканына даттангандар бар. Бишкектин тургуну Жыргалбек ушул көйгөйдүн айынан картадан баш тарткан.

“Азыр “Тулпар” картасынын мобилдик колдонмосу иштебей жатат. Бир бузулгандан кийин оңолбойт экен. Аны телефон аркылуу табыш кыйын, тапкандан кийин оңдоо да кыйын. Мисалы, меники оңолбой коюп, ошондон кийин болжолдоп эле салып жүрдүм ичинен түгөнсө керек деп. Андан кийин картаны блоктоп салчу болду. Айла жоктон эми накталай төлөп жүрөм. Менимче техникалык жактан чоң кемчилик болуп жатат. Ошону оңдосо көп киши картага өтчүдөй. Көп киши картасы иштебегенден улам акчалай эле төлөп жатканын байкадым”.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

Учурда чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу, мектеп окуучулары болсо айына 360 сомго жол "Тулпар" карталарын (чексиз, лимити жок) сатып алышат.

Башка өлкөдө коомдук транспорт кандай иштейт?

Транспортко жол кирени карта менен төлөө системасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө так иштейт.

Польшанын парламентинде иштеген кыргызстандык Максат Тургуналиев Варшавадагы коомдук транспорттор кандай иштерин түшүндүрүп берди.

"Варшавада 75 минуттук билет бар, анан 25 минуттук билет бар. Ошол 25 минуттук билетти биз 3 злотый 40 грошага алып жатабыз (кыргыз сому менен 70 сомго барабар). Ал эми 75 минуттугу 4 злотый 40 гроша (90 сомго барабар) болуп жатат. Бул жол кире билети жоктор үчүн. Ал эми жол кире билети бир айга 100 злотый. Бул чектөөсүз, коомдук транспорттун бардык түрү менен жүрө бересиң. Болжол менен айтканда кыргыз сому менен билет баасы 2 миң сом. Ал эми студенттерге бардык билетке 50% жеңилдетүү каралган. Мисалы, мен көбүнчө өзүмдүн унаам менен жүрөм, кээде муктаждык болгондо кыска убакытка билет сатып алабыз. Ошондой эле билеттерди бир жылга анан алты айга да алса болот. Билеттерди аялдаманын жанында атайын билет чыгарган терминалдан алып, түшкөндө транспорттун ичиндеги аппаратка чаптырып коесуң".

Польшадагы башка мекендештердин айтымында, бул өлкөдө билетти транспорттун ичиндеги аппараттан карта менен төлөп же онлайн сатып алса да болот. Билетти текшерип турган кондукторлор бар, төлөбөй түшүп кармалып калгандарга айып пул жазып коюшат.

Бүгүнкү күнү Бишкекте каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Анын 109 учурунда автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон. Арасында адам өмүрүн алган окуялар да бар.

XS
SM
MD
LG