Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде утулуп калды.

Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды. Айсулуу бул Олимпиадага дүйнө чемпиону, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп, баш байгеге башкы талапкер фаворит катары барган.

Медалдар саны боюнча биринчи орунда Кытай келе жатат.

Токиодогу Олимпиада оюндарынын медалдар боюнча көрсөткүчү. Алдыдагы беш өлкө.
КомандаАлтынКүмүшКолоБаары
1. Кытай3221 1669
2. АКШ 25292175
3. Жапония2071138
4. Австралия1441634
5. Орусиянын Олимпиада комитети 13211852
Борбор Азия өлкөлөрүнүн көрсөткүчү.
КомандаАлтын Күмүш КолоБаары
28. Өзбекстан2 13
64. Кыргызстан 112
70. Түркмөнстан 1 1
75. Казакстан 33
Тажикстан

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Атабек Азизбеков 4-августта жооткотуучу беттеште германиялык Денис Максимилян Кудлага жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Аталган таймашта жеңишке жетсе Азизбековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак.

Атабек Азизбеков 3-августта алгачкы беттешинде венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип (1:6) калган. Лоринц финалга чыккандыктан Азизбеков жооткотуучу таймашка чыккан.

Токио Олимпиадасында бүгүн, 4-августта кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова алтын байге үчүн жапониялык Юкако Каваи менен күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешип, эки жолу Тыныбекова жеңишке жетсе, бир жолу Каваи уткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG