Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Токтогулда суу аз, электрге чектөө кирди


Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштады. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болууда.

Ал арада өлкөдөгү энергиянын чордону саналган Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткени калды. Мындан улам өкмөт бул кыйынчылыкты кандай чечет жана энергетикалык туруктуулукту кантип камсыздайт?

Дилфуза Эгамбердиева Оштун Авиашаарча конушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Акыркы күндөрү электр жарыгы эскертүүсүз эле өчүп жатканына даттанууда. Үйүндө газ жок. Жарык өчкөндө суу дагы, жылуулук дагы токтойт.

"Газ жок, мейли кыштын күнү деп түшүнүп жатабыз. Жок дегенде жарыкты өчүрбөгүлө. Электр энергиясы өчсө суу да өчөт, баары бири бирине байланышкан. Суу жок болсо ажатканага да кире албайбыз. Талаага барсаң, уят болот. Эмне кылыш керек? Кантип жашап жатабыз, билбейм! Светти өчүрбөгүлө, сураныч. Аябай кыйналып жатабыз. Балдар менен кыйналып жатабыз. Кечээ эки жолу жарык өчтү. Эртең менен өчүрүп, үч саат беришкен жок. Кечке маал өчүрүштү, бир жарым саат беришкен жок", - деди Дилфуза Эгамбердиева.

Кыргызстанда марттын башынан тарта "жарык өчөт" деген SMS билдирүү жарандардын телефонуна келе баштады.


“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы 5-мартта билдирүү таратып, Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоо башталганынан улам электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азайганын эскертти. Мындан улам эртең менен жана кечинде эки сааттан электр энергиясы өчүрүлө баштады.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте жагдайды мындайча түшүндүрдү:

"Бул убактылуу эле нерсе. Жылда кылып келген, төрт жылдан бери кылып жүргөн нерсе. Эки агрегатты ремонттоп алдык, жаман болгон жок, дагы 120 МВт кошулду. Кыштан ошол жаңыланган агрегаттардын күчү менен чыгып атабыз. Эки агрегат калды, ноябрга чейин муну бүтүрүп алсак, анан Үч-Коргондун бир агрегатын бүтүрүп алсак... Бул жылдан жылга келе турган нерсе".

Министр күн жылыгында электр энергиясын колдонгондор азайып, тармакка күч келбей калышы мүмкүн деп аба ырайына үмүт артып турганын кошумчалады. Мындан улам жарыктын өчүшү канча күнгө улана турганын так маалымдаган жок.

Энергетика министрлиги жарандарга "Мой свет" деген мобилдик тиркемени колдонуп, чектөөлөр жөнүндө кабардар болуп турууну сунуштоодо.

Расмий маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 млрд метр кубдан бир аз ашуун суу бар. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскертүүдө.

Мындай жагдайга карабай, бийлик учурдагы кырдаалды "энергетикалык каатчылык" деп атоодон карманууда.

Президент Садыр Жапаров 6-мартта "Кабар" агенттигине маек куруп, "Токтогул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке какты. Ал энергетикалык керектөө жыл сайын өсүп жатканын, бирок ага жараша соңку отуз жылда бир дагы кошумча ГЭС курулбаганын белгиледи.

"Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет. Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет. Биз баарыбыз бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. 30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулган эмес. Элдин саны эки эсеге жакын өстү. Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат. Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда. Анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек да” – деди Жапаров.

Ал эми энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев учурдагы абалды башкаруу системасындагы кризис катары сыпаттады.

"Бул маселе - энергетикалык кризис эмес, аткаминерлердин кризиси. Бардык нерсени өз орду менен, өз сөзү менен айтуу керек. Төрт миң мегаватт кубаттуулуктагы электр энергия бир суткада 65 миллон кВт саат электр бергенге жетишет.Эгер суук болуп кетсе, суткасына 65 миллиондон көбүрөөк колдонуп кала турган болсоңор, биз жарыкты өчүрөбүз деп ачык эле айтып туруш керек. Азыркы айтылып жаткан шылтоолор - "өкмөт эмне дейт" деп, өзүнүн кызмат ордунан корккон аткаминерлер киргизип жаткан түшүнүктөр", - деди энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев.

Ал абалды жакшыртуунун бир жолу - альтернативдүү энергия булактарын алууну тездетүү экенин белгиледи.

Кыргызстанда электр энергиясы негизинен суудан алынат. Сууга альтернативдүү түрдө шамалдан жана күндөн энергия алуучу станцияларды куруп, ишке киргизүү буга чейин да сунушталып келген.

Январь айында энергетика министри Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына 300 МВттан кем эмес күндөн энергия алуучу станциясын куруу иши ушул жылдын март айында баштала турганын кабарлаган. Кыргызстан-Орусия ишканаларынын 11-октябрда Жалал-Абад облусунда өткөн аймактар аралык конференциясында Энергетика министрлиги 300 МВттан кем эмес күндөн энергия алуучу станцияларды куруу жана колдонуу боюнча "Юнигрин Энержи" жана "Бишкек Солар" ишканалары менен келишим түзгөн. Долбоорго салынуучу инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын айланасында болору айтылган.

Кыргызстандын бийлиги буга чейин энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул жаңы чакан ГЭСтердин, күн станциялардын курулушун тездетүү максатындагы кадам экени айтылган.

Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса анын кубаттуулугу 1440 мегаваттка көбөйөт деп пландалган.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүүдө. Жыл ичиндеги бардык өндүрүлгөн жарыктын көлөмү 14 млрд кВтка жакын, ал эми колдонуу 17 млрд кВтка жетет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун жарыкты импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелип, кийин кайра калыбына келтирилген.

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиевдин билдиришинче, Бишкек ЖЭБи ушул тапта 310-320 МВт кубаттуулукта иштеп жатат.

Министрликтин маалыматында быйыл Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иши жылдагы пландык өчүрүүлөрдөн айырмаланып 30-40 күнгө толук токтотулат.

XS
SM
MD
LG