Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Брекзит келишими сыноо алдында


Брекзитке каршы акция, Лондон, 13-ноябрь 2018-жыл.
Брекзитке каршы акция, Лондон, 13-ноябрь 2018-жыл.

Британиянын премьер-министри парламентти Брекзит макулдашуусун колдоого чакырды. Жекшемби күнү Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин лидерлери Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктаган документти жактырган эле. Бирок британ саясатчыларынын арасында бул келишимди кескин сынга алгандар аз эмес.

Евробиримдиктин лидерлери Брекзит келишимин жактыргандан көп өтпөй британ премьер-министри Тереза Мэй бул документти өз өлкөсүндө алга сүрөөгө киришти.

Мэй да, Евробиримдиктин лидерлери да мунаса табууга "мүмкүн болгон жалгыз келишим" деп мүнөздөгөн бул макулдашууга британ парламенти 12-декабрда добуш берет деп күтүлүүдө. Депутаттар бул документти колдошот же четке кагышат.

Дүйшөмбү күнү Тереза Мэй алгач өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, андан соң британ парламентинин Өкүлдөр палатасына кайрылуу жасады.

Ал Брекзит келишими колдоо таппаса, анда өлкө кайрадан саясий туңгуюкка кептелерин эскертти:

Британ премьер-министри Тереза Мэй.
Британ премьер-министри Тереза Мэй.

- Биз макулдашууну колдоп, референдумдун чечимин ишке ашырып, элибиз үчүн мүмкүнчүлүктөр менен өнүгүүнүн жаркын келечегин чогуу түптөөгө кадам таштай алабыз. Же Өкүлдөр палатасы бул келишимди четке кагып, кайра башына кайтып бара алат. Себеби бул келишим өтпөй калса, эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Ажырымдын жана туңгуюктун дагы кулач жайуусуна жол ачылат.

Көзгө басар келишим

Жыйырма айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Евробиримдик жекшемби күнү Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктаган эки негизги документти жактырган. Брюсселге чогулган Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин 27 лидери 585 беттен турган Брекзит келишимин колдошкон. Мындан тышкары Британия менен Евробиримдиктин келечектеги кызматташуусу тууралуу саясий декларация да кабыл алынган.

Брекзит келишиминде эки тараптын болочоктогу соода-экономикалык алакасы, Британия менен Ирландиянын чек арасынын макамы сыяктуу бир катар маселелер камтылган.

Жекшемби күнү Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Евробиримдик жакшыраак шарттарды сунуштайт деген британ жарандарынын үмүтү ишке ашпай турганын, себеби бул "жападан жалгыз келишим" экенин айтты:

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.
Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер.

- Бул мүмкүн болушунча эң мыкты макулдашуу. Мен Британиянын Өкүлдөр палатасында бул келишимди ратификация кыла тургандарды ушул жагдайды эске алууга чакырам. Бул Британия үчүн, Европа үчүн мүмкүн болушунча эң мыкты келишим. Бул мунаса табуу мүмкүн болгон жалгыз келишим.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан көбү Евробиримдиктен чыгууну жакташкан. Жол картага ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу керек.

Сындагандардын катары калың

Британ премьери да, Евробиримдик да Брекзит келишимин жактаганы менен Британиянын өзүндө бул документке каршы чыккандар, керек болсо Евробиримдиктен эч бир макулдашуусу жок чыгып кетүүгө чакыргандар аз эмес. Сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калган мезгилде Брекзит келишиминин шарттарына макул болбогон бир нече британ министрлери да кызматтан кеткени белгилүү.

Лейбористтер, социал-демократтар, керек болсо премьер-министрдин консерваторлор партиясынын бир топ депутаттары да бул келишимге каршы добуш бере турганын айтып жатышат.

Оппоненттер Брекзит келишими Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу үчүн добуш берген шайлоочулардын эркин ишке ашырбай турганын, Лондон негизги тармактарда көзөмөлдү кайрадан эле Брюсселге берип койгонун белгилеп жатышат.

Маселен алар келишим ишке киришсе, Британия башка өлкөлөр менен өз алдынча соода келишимдерин түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калаарын жүйө келтиришүүдө.

Мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон Брекзит келишимин Британияны "уят кылган" макулдашуу деп атады.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин да өткөн аптада парламенттеги жыйында Брекзит макулдашуусун, өзгөчө 26 беттен турган саясий декларацияны кескин сынга алган эле:

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин.
Лейбористтердин лидери Жереми Корбин.

- Өкмөт эки айдан бери эмне кылып жатты? Референдум өткөндөн бери айына бир бетти да бүтүрө албаптыр. Премьер-министр баары макулдашылганга чейин эч нерсе айткан жок. Бул документ эч нерсе макулдашылбаганын күбөлөп турат. Бул, биз мурда эле коркуп жаткандай, көздү байлап алып уюмдан чыгуу жана караңгылыкка секирүү дегенди билдирет.

Эгер келишим британ парламентинде жактырылса, анда ага Европа кеңеши добуш берип, андан соң бул документ Европарламенттин ратификациясынан өтөт.

Ал эми келишим четке кагылган кырдаал боюнча түрдүү жоромолдор айтылып жатат. Талдоочулардын баамында, мындай шартта жаңы сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн же Британияга Евробиримдиктен эч бир келишими жок чыгууга туура келет.

Мындан тышкары Британ парламенти келишимди колдобосо, анда премьер Тереза Мэйдин саясий позициясы да алсырайт деген пикирлер арбын.

Себеби азыртадан эле Мэйдин депутаттарды ынандыруу аракетинен майнап чыкпаса, Британияда чукул шайлоо өтүшү керек деген билдирүүлөр айтыла баштады.

Ошол эле учурда Британияда 2016-жылдагы референдумда уюмдан чыгуу шарттары элге кеңири түшүндүрүлгөн эмес деп, кайра референдум өткөрүүгө үндөгөндөр да жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG